Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook

Согласно информации Управления городских дорог года Ош, на работах по ямочному ремонту после вырубки асфальта образуются отходы. На данном участке дороги движение интенсивное, на обочине часто паркуются автомобили и отходы остаются между ними, поэтому, чтобы днем не создавать помех для движения транспорта, отходы ежедневно вывозят в вечернее время. Самосвалы по 25 тонн каждый ежедневно только на данном участке дороги производят по 2 рейса. Улица Масалиева – это самый большой объект, протяженность работ на нем составляет 5,5 км.

Отображается файл "IMG_8947.JPG"

 

Отображается файл "IMG_8952.JPG"

 

Отображается файл "IMG_8955.JPG"

 

Отображается файл "IMG_9007.JPG"

 «Ош шаарындагы Масалиев проспектисинде жолдордун чуңкурларын тегиздөө үчүн аткарылгандан кийин артып калган асфалть калдыктары тазаланбай жатат. Бул таштандыларды тазалоо көп убакытты же каражатты да талап кылбайт. Болгону кайдыгерлик мамиле деп ойлойм. Мэрия ушул маселенин чечилишине көзөмөл кылабы? Себеби мындай калдыктар башка жолдордо да көп», - деп билдирди окурман.

 

 

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдары, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышышты. 

Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен 2 рота жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынын  алдынан баштап Ленин көчөсү менен бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар  "Өчпөс от" мэмориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

Калаа башчысы Ош шаарынын мэриясынын атынан согуштун 26 ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

“Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун  70 жылдан бери Жеңиш майрамы  жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат.

Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Бул     Улуу Жеңишти алып келген аталарыбыздын Жеңиш майрамындагы  чакырыгы, насыяты. Баарыңыздарды аталарыбыздын насыятына, Жеңиштин чакырыгына татыктуу болууга  чакырам.

Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим!”,-деп билдирди шаар мэри А.Кадырбаев.

Борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамына арналган  Ош гаризонунун коменданты полковник Пайзилда Мурзабаевдин башкаруусунда, куралдуу күчтөрдүн автоунаалардын жана Ош гаризонунда жайгашкан күч органдарынын, аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын катышуусунда салтанаттуу жүрүш болду.

 Ага улай С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, " Келечек " балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды. 

Аскердик үйлөмө оркестрдин аткаруусундагы шаңдуу марштын коштоосунда ардагерлер, шаардын жана облустун жетекчилери Токтогул сейил багына барып, ал жакта согуштун ардагерлери учун аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган " Солдат кашасы " берилип, согуш темасындагы концерт өттү.

Мындан сырткары 9-май күнү Ош шаарынын сейил бактарында кеңири программадагы майрамдык маданий шаан-шөөкөттөр, Токтогул багынын жайкы сахнасында концерттер, бий аянтчаларында дискотекалар уюштурулду. Ошондой эле Навои атындагы сейил бакта улуттук спорт оюндары, тогуз коргоол, ордо, жана шахматтык турнир боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 231 адам чакырылып, анын ичинен 3118 жердешибиз курман болгон.  Бүгүн  согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 26 катышуучусу   Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдап жатышат.

Бүгүн Озгур айылындагы  жаңыдан курулушу башталган балдар бакчасына капсула коюу шааниси өткрүлдү. Аталган иш-чарага Озгур айылынын тургундары жана Ош шаардык мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 -“ Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын  аянты да жеке менчикке пайдаланууга  берилип кеткен экен.Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Ушул бакчадан таалим-тарбия алган  балдардан  келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын-деген куттук сөзүн айтты А.Кадырбаев.

 Аталган расмий иш-чарада айыл жашоочулары   сөзүнө турган мэрге ыраазычылык билдирип, олуттуу иштерди аркалап жаткан  калаа башчысына жана анын аппаратына ийгиликтерди каалашты. Буюрса   бүгүн  пайдубалы түптөлгөн бала-бакча Ош шаарынын күнүнө  карата  бүткөрүлмөкчү. 

Эске салсак, Озгур айылынын тургундары жыл башында шаардын мэри  А.Кадырбаев менен болгон жолугушууда айыл тургундары  балдар бакчасына муктаж экендиктери айтылган. Жашоочулардын суроо –талабын  канааттандыруу максатында калаа башчысы тиешелүүлөргө тезинен балдар бакчасын  курууга тапшырма берген эле.Учурда  айылдыктардын талабы орундалып,Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан (жет.Т.Эшбаев) Озгур айылында  2 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан заманбап балдар  бакчасы курулуп жатат.Балдар бакчасынын  курулуш иштери  “Монтажник” ЖАК тарабынан жүргүзүлүп, курулуштун тендердик баасы  23018581 сомду түзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын тазалыгын тешерди.

        Анын негизинде шаардын Курманжан-Датка, Алымбек-Датка, Ак-Буура аймактык кеңештеринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун текшерип, жашоочулар менен ой бөлүштү.

        Айтмамат Кадырбаев жашоочулар таштандыларды туура эмес жерлерге таштабай, төлөмдөрүн өз учурунда төлөп турушса шаардын тазалыгына чоң колдоо көрсөтүшкөн болор эле деп белгиледи.

      “Шаарыбызды таза кармоо үчүн көп аракеттер жумшалып жатат. Анын негизинде 2015-жылдын март, апрель айларынан баштап  “ Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан “Таза короо” долбоору иштеп жатат. Долбоор шаардын тазалыган жакшыртуу максатында кошумча 50 адамды жумушка алып, учурда алар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо жумуштарын аткарууда. Калаанын  тазалыгы ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан шаарбызга өз үйүбүздөй мамиле жасап, тазалыкка кайдыгер карабайлы. Шаардын тазалыгы үчүн, биз тараптан аткарылып жаткан иш-аракеттерди колдоп беришиңиздерди сиздерден суранып кетер элем. Болгону “Ош-Тазалык” кызматкерлеринин эмгегин баалап, таштандыларды туура эмес жерлерге таштабай, убагында төлөмдөрүн төлөп турсаңыздар. Тазалаган жер эмес , булгабаган жер ар дайым таза болот ”,-деп билдирди калаа башчысы А.Кадырбаев.

      “ Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында “Таза короо” долбоорунун негизинде алынган кошумча 50 жумушчу эки топко бөлүнүп, биринчи топ 134 көп кабаттуу үйдү, ал эми экинчи топ 114 көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап кароодо. Башкача айтканда жалпысынан 248 көп кабаттуу үйлөрдү тээлеп, анын ичинен №10 “Курманжан-Датка” аймактык кеңешинде 86, №7 Ак-Буура аймактык кеңешинде 52, №Алымбек-Датка аймактык кеңешинде жайгашкан 110 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазаланып жатат.

        Аталган аймактын жашоочулары шаардын тазалыгы өткөн жылдарга караганда бир топ жакшырып, үйлөрдүн короолору да таза болуп тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Эгерде сиздин шаардын социалдык-экономикалык маселелерине, Ош шаарында жайгашкан мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын, жалпы эле шаар чарбасынын жана кызмат адамдарынын ишмердигине, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларына байланышкан суроолоруңуз,                 сын-пикирлериңиз, сунуштарыңыз болсо мэриянын «Ишеним телефонуна» кайрылсаңыз болот.

          «Ишеним телефонунун» номери: 0(3222)5-52-16 

Сиздинкайрылууңуз, сын-пикириңиз, сунушуңузмэриянынжооптуукызматкерлеритарабынанкабылалынып, шааржетекчилигинетүздөн-түзжеткирилетжанакөрүлгөнчарабоюнчамаалыматберилет.

 

Ишеним телефону иш күндөрү саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин иштейт.

Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун мырза  Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, активи жана бей өкмөт уюмдардын  өкүлдөрү менен жолугушту.

 Активди алгач Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев ачып, саясий да тарыхый да мааниси зор бул жолугушууда сөз сүйлөдү.

  - Бүгүн биз Сиздер менен бирге Ордолуу Ош шаарынын тарыхындагы өзгөчө окуянын күбөсү болуп олтурабыз.

Жергебизге Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы, урматтуу Пан Ги Мун мырза өзүнүн жумушчу сапары менен келип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Аргенбаевич Сариев баш болгон Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлүнүн аппаратынын жетекчилиги, жергиликтүү активдин жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп жатат.

Ошондон улам адегенде жергебизге өзүнүн атайын иш сапары менен келип, 2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгон жердештерибизди  эскерип, эстелигине гүл коюп, таазим эткендиги үчүн урматтуу мейманыбыз Пан Ги Мун мырзага шаардыктардын атынан терең ыраазылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер

Андан соң  Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Т.Сариеву улуу даражалуу Пан Ги Мун мырзанын  дарегине жылуу пикирин төмөндөгүчө билдирди.

-«Абройлуу уюмдун башкы катчысынын келиши Кыргызстандын элине болгон чоң урматын жана  көп улуттуу элдердин бейпилдигине кызыктар экендигин айгинелеп турат. Каргашалуу июнь окуясысынын келип чыгыш себептерине саясий жана укуктук баа берилди. Президент, Өкмөт, эли менен бирге кечээ эле эки жээкте турушкандарды бириктире алды. Бүгүн Ош шаары баарыңыздар байкап тургандай өсүп-өнүгүү жолунда баратат.Бир тууган эки эл  каргашалуу окуяны кесепеттерин жакшы түшүнүп, бекем биримдикте жашоо кечирип жатат».

Ал эми БУУнун башкы катчысы  өз сөзүндө этностор аралык  мамилелерди бекемдөө жана адам укуктарынын бекем корголушу жаатында  сөз сүйлөдү.

Активдин соңунда Б.Нурумбетов, А.Ормонова,  А.Жуматаева, А.Токтошевалар да  улуттар аралык ынтымак туурасында пикирлерин билдиүү менен БУУнун башкы катчысына ыраазычылыктарын айтышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаардык мэриясынын  аппараты жана  мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы мэриянын юристи Жаныбек  Токтосуновду Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен  куттукташат. Ж.Токтосунов   Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында  жигердүү аракеттенип келе жаткандыгын сыймык менен белгилешет. Дайыма элибиздин ишенимине ээ болуп, юристтин ыйык наамын татыктуу алып жүрө беришине тилектештиктерин билдиришет. 

 

 

Бүгүн юристтердин күнү. Юристтик кесип ардактуу кесип экендиги жалпыга белгилүү. Өзгөччө укуктук мамлекеттин пайдубалын түптөп, эл аралык шериктештикте демократиялык өлкө катары таанылган биздин өлкөдө юристтерди орду өзгөчө, ролу чоң. Биз бүгүн  өзүбүздүн турмушубузду юриспруденциясыз, юристтердин кызматысыз элестете албайбыз. Бөтөнчө КРнын Баш мыйзамында белгиленген адам укуктарын коргоодо чоң жоопкерчилик, милдет жүктөлгөндүгү талашсыз - деген пикирин шаардын мэри юристтерди куттуктоо салтанатында  айтты.

-Ош шаарынын прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер, Юстиция министрликтеринин Ош шаардык башкармалык тарынын юристтери өздөрүнүн милдеттерин мүмкүн болушунча так, ар намыстуулук жана  чоң жоопкерчилик менен аткарып келе жаткандыгын  кесиптик майрам күнү баса белгилеп кетээр элем. Адам укугун коргоо, мамлекеттик жана муниципиалдык менчикти сактоо, Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын  аткарылышын көзөмөлдөө жаатында аткарып жаткан эмгегиңиздер эбегейсиз- деп айтты А.Кадырбаев .

 

Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө карата, Ош шаарында жарандардын мыйзамдуу таламдарын коргоодо, мыйзамдуулукту сактоодо  үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар юристтер Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Озгур айылынын тургундары жыл башында шаардын мэри А.Кадырбаев менен болгон жолугушууда айыл тургундары  балдар бакчасына муктаж экендиктери айтылган. Жашоочулардын суроо –талабын  канааттандыруу максатында калаа башчысы тиешелүүлөргө тезинен балдар бакчасын  курууга тапшырма берген эле.Учурда  айылдыктардын талабы орундалып,Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан (жет.Т.Эшбаев) Озгур айылында  2 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан заманбап балдар  бакчасы курулуп жатат.Балдар бакчасынын  курулуш иштери  “Монтажник” ЖАК тарабынан жүргүзүлүп, курулуштун тендердик баасы  23018581 сомду түзөт.

 Ош шаарынын мэри курулуш иштеринен кабар алганы бүгүн Озгур айылына барды. Айыл жашоочулары   сөзүнө турган мэрге ыраазычылык билдирсе, ал эми калаа башчысы “ Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын  аянты да жеке менчикке пайдаланууга  берилип кеткен экен.Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Буюрса ушул бакчадан таалим-тарбия алган  балдардан келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын. Биз жасаган иштердин үзүрүн шаардыктар көрүүгө тийиш. Жакында шаардагы автотыгындарды азайтуу максатында айланпа жол  куруу иштери  башталып, жол дал ушул айылдан өтөт. Сиздер койгон талаптар четинен аткарыла бааштады. Бардык маселелерди ынтымакта, түшүнүү жолу менен бирдиктүү чечсек болот”-деди  шаар башчысы А.Кадырбаев.

 Курулуш иштери менен жеринде таанышкан  мэр курулушту өз мөөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге табыштады.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });