Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Бүгүн, 1-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын борбордук базарында өрткө каршы эреженин сакталышы менен таанышты.
Кыдыруунун жүрүшүндө өрт коопсуздугунун нормаларын жана эрежелерин бузган башаламан соода түйүндөрүнүн пайда болушуна жол бербөө, ошондой эле А.Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүнүн астындагы тротуарга жана жолго жакын жайгашкан соода объектилерин талапка ылайык келтирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилигине, архитектура башкармалыгына, мамлекеттик каттоо кызматына, базар башчысына өрт коопсуздугуна ылайык базардын каршы кире бериш жерлерин ачып, алардын абалын көзөмөлдөө тапшырылды.
Ошондой эле, Ош шаарынын борбордук базарындагы муниципалдык жер тилкелеринин чек арасын тактоо боюнча тиешелүү кызматтарга жана бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.
7-июлда Ош шаарынын бардык кичи райондорунда соода объектилеринин, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке сектордун жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча пландык рейддер жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаков, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Исмаилов жана кызматкерлери, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ башчылары катышты.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга – таштанды контейнерлерине салуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бир катар соода объектилери, жеке адамдар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарып, санитардык нормаларды да, шаардын көрүнүшүн да бузуп жатышат.
Таштанды чыгарууда нормаларды бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайлардын аймагында таштанды контейнерлеринин милдеттүү түрдө болушу боюнча маселе көтөрүлдү.
Кечээ Оштогу “Дельфин” бассейнинде 23-июнь - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата сууда сүзүү боюнча шаардык турнир өткөрүлдү. Мелдешке шаардык коммуналдык чарба кызматкерлеринен жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен 90дон ашык адам катышып, эркектер жана аялдар арасында 6 жаш категориясы боюнча күч сынашты.
Сыйлык тапшыруу аземине шаардык кеңештин депутаттары Канжарбек Мамашов, Ильяз Турдуев жана Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров катышып, бардыгын келе жаткан майрамы менен куттуктап, спорттук мелдештерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мелдештин жыйынтыгында турнирдин жеңүүчүлөрү, байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медалдары, дипломдору, баалуу белектери менен сыйланышты.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бекиткен иш-чаралардын графигине ылайык Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды.
“СК-Лидер” ЖЧК курулуш компаниясынын прорабы Асылбек Таштаналиевдин айтымында, учурда фундаментти куюу иштери жүрүп жатат. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Аталган курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүткөрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.
21-июнь күнү А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо 8-эл аралык йога күнү белгиленип, бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чара саат 18:00дө башталат.
Буга чейин Уркуя Салиева көчөсүндөгү сейил бакка өз билемдик менен орнотулган соода күркөсү бүгүн мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен алынды. Ээсине карата түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Урматтуу жарандар!
Уруксаты жок, өз билемдик менен соода обьектилерин орнотуп алгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Андыктан мыйзамсыз аракеттерден алыс болууну эскертебиз!
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотулду. Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду.
Бул идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек Жолу Ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек Жолунун Провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот.
Бул инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ош шаарында Заднепровский көчөсүнүн Ленин көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды реконструкциялоо иштери башталды. Анын узундугу 450 метр, туурасы 2,3 метр.
График боюнча оңдоп-түзөө иши 2-кварталдын аягына чейин бүтүшү керек.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-планга ылайык быйыл 38 көчөдөгү тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүрөт.
Ош шаарында Заднепровский көчөсүнүн Ленин көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды реконструкциялоо иштери башталды. Анын узундугу 450 метр, туурасы 2,3 метр.
График боюнча оңдоп-түзөө иши 2-кварталдын аягына чейин бүтүшү керек.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-планга ылайык быйыл 38 көчөдөгү тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүрөт.
Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында аткарылып жаткан долбоорлорду текшерди.
Калаа башчысы Достук кичи районуна барып, №43, №72, №73, №74, №78, №80 көчөлөрдөгү канализацияларды орнотуу иштерин көрдү. Бул кичи райондо дагы үч көчөнүн боюна канализация системасын киргизүү пландалууда. Жалпысынан Достуктагы 100дөн ашык үйгө канализация түйүндөрү тартылат.
Мындан сырткары мэр Кулатов жана Төлөйкөн кичи райондорундагы үч көп кабаттуу үйдүн фасадын сырдоонун жыйынтыгын көрүп чыкты.
А.Мамбетов Ош шаарында биргелешип каржылоо программасын кеңейтип, жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.
Кошумча каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын тургундары жумуштун жалпы көлөмүнүн 50% чогултушу керек, калган сумманы Ош шаарынын мэриясы камсыздайт. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу бардык долбоорлор (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализация жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу кирет.
Бул жылы жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо программасынын долбоорлоруна 25 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө 6 миллион сомдук долбоорлор ишке ашты.
Белгилей кетсек, Шакиров №275/4, Кара-Суу №6, Кулатов №19, Төлөйкөн №1 А,Б даректериндеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү жакшыртылды; Жим №5, Ленин №341, Достук №78, №80 аймактарында канализация иштери жүрдү; Бекбалаев №34, Ленин №341, Кулатов №13, №16, Курманжан-Датка №213 аймактарына суу түтүктөрү тартылды; Масалиев №98 көп кабаттуу үйүнүн чатырын жана подъезддерин оңдоо иштери башталды.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });