Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Ош шаарынын мэриясында 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, үй-бүлөлүк медицина борборунун, мэриянын алдындагы “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо” көп тармактуу борборунун өкүлдөрү, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жүрүшүндө Программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун планы тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле программага киргизүү үчүн социалдык маанилүү көйгөйлөрдү аныктоо боюнча жер-жерлерде иштерди жүргүзүү максатында шаардын бардык МАБдарына баруу графиги талкууланды.
Ушул жылдын сентябрь айында бул программаны макулдашуу маселеси боюнча тиешелүү коомдук угууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби иштелип чыгып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтому менен бекитилген.

Аталган тартиптин милдеттери болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана мамлекеттик үлүшү бар коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен өз ара аракеттенүүдө инвесторлордун маселелерин чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү, инвесторлордун негиздүү даттанууларынын Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерин минималдаштыруу,  инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу, Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу. 

Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби тиркемеде тиркелет. 

 

Четверг, 21 Июль 2022 14:36

ЖАРЫЯ

Автор

ЖАРЫЯ

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө”  Мыйзамына ылайык 2022-2025-жылдары Ош шаарында социалдык коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу максатында социалдык көйгөйлүү маселерди программага киргизүү үчүн кабыл алууну жарыялайт

 

Башкармалыктардын аталыштары

Мөөнөтү

Өтүүчү жайы

  1.  

№1  Туран  муниципалдык  аймактык башкармалыгы

 

22.07.2022-жыл

саат 14:00-16:00

Королева к.40

№1Туран МАБ

жыйындар залы

  1.  

№2  Сулайман-Тоо  муниципалдык аймактык  башкармалыгы

 

27.07.2022-жыл саат 14:00-16:00

Кыргызстан элинин Достук ассамблеясы

Ленин к. 298

  1.  

№3  Керме-Тоо  муниципалдык аймактык башкармалыгы

28.07.2022-жыл

саат 14:00-16:00

Т.Кулатова 8а №3 Керме-Тоо МАБ жыйындар залы

  1.  

№4  Манас-Ата  муниципалдык аймактык  башкармалыгы

01.08.2022-жыл

саат 14:00-16:00

Раззаков к. 8/1 Манас-Ата МАБ

 жыйындар залы

  1.  

№5  Амир-Темир  муниципалдык аймактык  башкармалыгы

03.08.2022-жыл

саат 14:00-16:00

 . С.Айни к. 11а

Амир-Темир МАБ жыйындар залы

  1.  

№6  Курманжан  датка  муниципалдык аймактык  башкармалыгы

 

02.08.2022-жыл

саат 14:00-16:00

 Ташкент к. 60а

Курманжан датка жыйындар залы

  1.  

№7  Жапалак  айылдык  аймактык башкармалыгы

 

08.08.2022-жыл        саат 14:00-16:00

 

Маданият үйү

(клуб)

Эгерде жогоруда жыйындарга катыш албай калсаңыздар кошумча суроолор болсо Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына жөнөтсөңүздөр болот         ( www. oshcity.kg ). 

 

 

 

Атк: социалдык өнүүгү бөлүмү

Тел:03222- 5-50-66, 0558-93-90-33

Бүгүн, 21-июлда Ош шаарынын мэриясында “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Куттуктоо сөзүндө Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин куттуктап, келечек муундардын билим алуусуна ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү калаа бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.
Шаар башчысы “Алтын аттестат” жана “Алтын тамга” аттестаттарынын ээлерине, алардын мугалимдерине эстелик белектерди тапшырды.
Ош шаарында быйылкы жылы 3 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болушту.
1. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү;
2. Маматисаев Манас - “Олимп” мектебинин бүтүрүүчүсү;
3. Мирлан уулу Жоомарт - М.В.Ломоносов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү;
3 окуучу “Алтын тамга” сертификатына жетишти.
1. Байитова Нурия Зарипбековна – “Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү;
2. Назирбекова Сабрина Асановна - Курманжан-Датка атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү (Сапат);
3. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.
Белгилей кетсек, Т.Алимканова “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээси.

Ош шаарынын аймагында жаңыдан курулуп жаткан 7 социалдык дүкөнгө сүт жана эт багытындагы азык түлүктөрдү шаардын тургундарына арзан баада сатуу үчүн, жеке ишкерлер арасында конкурс жарыялап, анын негизинде социалдык дүкөндөргө жайгаштырууга кабыл алабыз.
Кабыл алуу 25-июль күнү бүтөт.

Тел: 03222 7-06-77 0778 01 08 00.

Дарек: Заднепровский көчөсү-4, Муниципалдык менчик башкармалыгы.

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппарат кызматкерлеринин жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында футбол жана волейбол боюнча “Достук кубогу” мелдеши башталды.
Иш-чаралар КР Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик жактан өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Бул турнир КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.
Шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айыл аймагында ыйык Курман айт майрамында кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар, аксакалдар катышууда.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж тургундарга, карыларга, пенсионерлерге тамак-аш азык-түлүктөрү үйлөрүнө жеткирилди.
Бул акция буга чейин салтка айланып, ыйык Курман айт майрамында бардык Ош шаарынын тургундарынын башын бириктирип, муктаж жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулат.
Ош шаарында 9-июль күнү борбордук аянтта ыйык Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.
Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.
“Сиздерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан, шаардын мэриясынын жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү ар бирибиз муктаж болгондорго жардам берип, ата-энелерге терең урмат-сый көрсөтүп, туугандарга, досторго зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран түшүрөбүз. Курман айт ар бир үйгө тынчтык жана береке, жылуулук жана кубаныч, биримдик жана ынтымак алып келсин! Майрамда бардык жакшы ниеттериңиздер, жакшы тилектериңиздер ишке ашсын!”, - деди М.Исаев.
Майрамдык Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор!
Кымбаттуу мусулмандар!
Сиздерди бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулука жана кайрымдуулукка чакырат. Курман айт мусулмандар үчүн барга каниет кылып, ар бир инсанды мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү.
Бул майрамды жалпы эле мусулман инсандар диндер аралык ынтымак менен достукту бекемдөөчү, өз ара сый-урматта болууга үндөгөн, адамзат үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук катары эсептеп, тутунуп келебиз. Андыктан Курман айт мекендештерибиздин адеп-ахлагынын өсүүсүнө жана келечекке болгон ишенимдеринин бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Ушул жылга койгон таза ниет, ак тилектерибиз ишке ашаарына, көп улуттуу шаар калкы ынтымакта, биримдикте жашап, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө татыктуу салымдарын кошооруна ишенем.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн Кудайдын ыйык күнүндө баарыңыздардын аруу ой-тилегиңиздер орундалсын. Сиздерге бакубат өмүр, тынчтык жана үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалаймын. Жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, бейпилдик орносун.
Айтыңыздар маарек болсун!
7-июлда Ош шаарынын бардык кичи райондорунда соода объектилеринин, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке сектордун жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча пландык рейддер жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаков, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Исмаилов жана кызматкерлери, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ башчылары катышты.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга – таштанды контейнерлерине салуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бир катар соода объектилери, жеке адамдар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарып, санитардык нормаларды да, шаардын көрүнүшүн да бузуп жатышат.
Таштанды чыгарууда нормаларды бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайлардын аймагында таштанды контейнерлеринин милдеттүү түрдө болушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });