1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте 25-июнь күнү шаардагы курулуп жаткан курулуш иштери менен таанышып кайтты. Анын негизинде шаардын Кирпичный кичи районунда курулуп жаткан көлөмү 6000м куб болгон суу резервуарынын курулуш иштерин жеринде көрдү.

     “Ош шаары суунун башында болгону менен көп жылдар аралыгында  таза суу маселеси  чечилбей келген. Тез арада бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издедик. Бул багытта мэриянын Азия Өнүгүү Банкы жана Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банктары  менен кызматташтыгынын алкагында учурда сыйымдуулугу 6000м.куб болгон 2 резервуардын курулушу башталды. Мындан сырткары жогорудагыдай эле сыйымдуулуктагы дагы бир резервуардын реаблитациялоо иштерине республикалык бюджеттин эсебинен 59,0 млн. сом бөлүнүп, учурда суу түтүктөрү жаңыланды”,-деп билдирди калаа башчысы А.Кадырбаев.

 Ага улай А.Кадырбаев Достук кичи районундагы Пятилетка айылында курулуп жаткан балдар бакчасынын курулуш иштери менен таанышты.

 Шаардык мэриянын демилгеси менен аталган балдар бакчасынын курулуш иштери ушул жылдын  июнь айында башталды. Жалпы сметалык баасы 47 283,5 миң сом,  ал эми курулуш иштеринин тендердик баасы  24 501,0 миң сом акча каражатын түзөт.

 Жалпы аянты 1225 метр квадратты түзгөн балдар бакчасы 120 орунга ылайыкталып, курулуш иштерин 2016-жылы толугу менен бүткөрүү пландалган.

    Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, тиешелүү жетекчилер менен биргеликте  25-июнь күнү шаардагы кароосуз калган “Ата-Түрк” сейил багынын оңдоп-түзөө иштерин жайында көрүп кайтты.

     -  “Буга чейин ушул сейил багында турак жай салуу үчүн эки жараныбызга берилип кеткен аянттарды, парктын ичиндеги  жеке менчикке өтүп кеткен коомдук даараткананы мыйзам негизинде, соттун чечими менен мэрияга кайтарып алдык. Мындан ары  эс алуучу жайлардын, дегеле шаардагы тургундар  колдоно турган бардык жерлердин бир сантиметри да жеке менчике кетпейт деп ишендирип кетем. Союз тарагандан бери “Ата-Түрк” сейил багы кароосуз калган. Быйыл аталган сейил бакты капиталдык оңдоп-түзөөгө 11 млн дон ашуун акча каржаты бөлүнгөн.Заманбап, элдердин талабына жооп бере турган  деңгээлде бүткөрүлүп, шаар тургундарына август айында колдонууга берилет”,-деп билдирди А.Кадырбаев.

       “ Жалпы аянты 14000 метр квадратты түзгөн сейил бактын курулуш иштери  ушул жылдын март айында башталып, учурда  70%ы бүттү. Бул жерде эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Заманбап үлгүдөгү отургучтар, беседкалар орнотулуп, мыкты жарыктандыруу, балдар аянтчасы, бассейн, коомдук даараткана жана башка ыңгайлуу шарттар болот. Учурда тургундар ыраазычылыктарын билдиришип, сейил бактын бүтүшүн күтүшүүдө”,-деди Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “ Ак Бата” ачык типтеги акционердик коомунун жетекчиси Манас Абдыкадыров

      Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 25-июнь күнү шаардагы Сулайман-Тоо аймактык  кеңешинин Кыргызстан көчөсүнө саркынды суу түтүгүн тартуу курулушу менен таанышты.

      Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Эшбаевдин айтымында узундугу 1 км ден ашкан курулуш иштери ушул айдын башында башталып, учурда кызуу жүрүүдө. Курулуштун жалпы сметалык баасы 6млн 800 миң сом, тендердик баасы 4 млн 889 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди. Курулуш иштерин август айынын аягына бүткөрүү пландалган.

          “Быйылкы жылдын негизинде шаардын көчөлөрүнө саркынды суу түтүгүн тартуу боюнча тендерлер өтүп, учурда массалык жумуштар башталды. Биздин негизги максаттарыбыздын бири шаардагы  бардык комуникациялык курулуштарды  мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде чечүү. Бул үчүн бүгүнкү күндө бардык аракеттер жумшалып жатат”,-деди А.Кадырбаев.

 Шаар мэри учурда жүрүп жаткан курулуш ишин июль айында бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

     “Акыркы 20 жыл ичинде жаңы саркынды суу түтүгүн куруу эмес, оңдоп-түзөө иштери да болгон эмес эле. Учурда шаарыбызда чоң иштер аткарылып жатат. Суу, свет, газ маселелери чечилип элдин жашоосуна бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Шаар  жетекчилигине аймактын тургундары өз ыраазычылыктарын  билдиришүүдө”,-деди Кыргызстан көчөсүнүн жашоочусу Мырзакадыров Салимжан ата.  

Калаа башчысы  Айтмамат Кадырбаев  21-июнь күнү Урумчи шаарында расмий иш-сапары менен болду.

Иш-сапардын негизинде А.Кадырбаев менен Ош шаарына боордош болгон Урумчи шаарынын мэри  Ильхам Сабир мырзанын  жолугушуусу болуп өттү.

 Жолугушууда эки боордош  шаарлардын ортосундагы ар тараптуу кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.

Анын негизинде шаар мэри Урумчи шаарынын инвесторлорун Ош шаарына чакырып өттү.

“Бизде бүгүнкү күндө шаарга инвестиция тартып, биргеликте ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу максатында алгылыктуу жумуштар жасалып жатат. Бул жаатта Кытай ишкерлери менен биргеликте бир нече завод, ишканалар ачылып, шаарыбыздын экономикасын көтөрүп, калаа тургундарын жумуш орундары менен камсыз кылууда. Мындан ары да Ош шаардык мэриясы кытайлык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт”,-деп белгиледи А.Кадырбаев.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев башында турган Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын Кытай Эл Рспубликасындагы расмий иш-сапарынын негизинде  19-июнь күнү  Ланьчжоу шаарынын мэри Юань Чжаньтин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап  шаарлардын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн, калыптанып калган  экономикалык, маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөнүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өркүндөтүүнүн принциптеринин негизинде өз ара түшүнүүчүлүктү жана достукту өнүктүрүүгө умтулуу менен Ош шаарынын жана Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарынын ортосунда  боордоштук мамилени түзүү жөнүндө Ниет Протоколуна кол коюшту.

        А.Кадырбаев Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал кытай тараптын шаардын  экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жаткандыгын айтты.

Өз кезегинде Ланьчжоу шаарынын мэри  Ош шаары менен экономикалык, маданий, социалдык тармактар боюнча инвестиция салып ийгиликтүү кызматташууга даяр экендигин билдирди

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башында турган Ош шаарынын мэриясынын делегациясынын Кытай Эл Рспубликасындагы расмий иш-сапарынын алкагында 18-июнь күнү КЭРнын Ганьсу провинциясынын “Lanjou New city” жаңы  долбоорунун өндүрүш аймагында  жайгашкан Кытай мамлекетинин эң ири 100 ишканасынын ичинен 7-орунда турган нефтини, көмүрдү, газ жана башка кең байлыктарды кайра иштеп чыгаруучу жабдууларды өндүргөн ишкана менен таанышышты.

 Калаа башчысы Ош шаары менен Кытай Эл Республикасы мындан ары кең байлыктарды өндүрүү боюнча кызматташууга, электр жарыгын үнөмдөөчү чырактарды өндүргөн ишкана менен биргеликте иштөөнү сунуштады.

Ошондой эле аталган ишкананын жетекчилери менен биргеликте Ош шаарына жогоруда аталган чырактарды орнотуу маселелери талкууланды.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 17-июнь күнү Циньхай провинциясынын катчылыгынын башчысы, Кытай Коммунисттер Партиясынын мүчөсү Ванг Юбо менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.

А.Кадырбаев Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын анын ичинде Ош шаарынын достук, соода-экономикалык, ишкердик карым-катнаштары мындан ары да  чыңдала беришине шек жок экенин айтты.

Ванг Юбо мырза өз кезегинде келечекте да достук мамилелердин артында эки тараптын  кызыкчылыктары корголгон  долбоорлор менен иштешүүгө даярбыз деп белгиледи.

Андан соң Ош шаарынын делегациясы Синин шаарында болуп өткөн Жибек жолунун боюндагы шаарлардын кызматташтыгынын эл аралык Форумуна катышышты.

 Форумдун негизинде калаа башчысы Улуу Жибек жолунун чордонунда  болгон Ош шаарынын тарыхый мааниси, шаардыктардын  улуттук каада-салттарынын өзгөчөлүктөрү, мейман достугу, маданияты өзгөчө экендигин белгиледи.

      Эл аралык форумдун алкагында Жибек жолу боюндагы шаарлардын ортосундагы  кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Ошондой эле КРнын Ош шаары менен КЭРнын Синин шаарынын ортосунда  «Автокараванинг» каттамын ачуу, Цинхай провинциясынын «Сихай» туристтик компаниясынын жана КРнын  «Мундуз-Турист» компаниясынын ортосунда туристтик кызматташуу боюнча ниет протоколдоруна 

 Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башында турган Ош шаарынын мэриясынын делегациясы 16-июнь күнү Кытай Эл Рспубликасынын Синин шаарына расмий иш-сапары менен барышты.

Иш-сапардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Синин шаарында «Улуу Жибек жолу концепциясы» деп аталган эл аралык Форумга жана форумдун негизинде уюштурулган техникалык жарманкеге катышты. Ошондой эле биотехнология тармагында иштеген өндүрүш ишканасынын жетекчилиги менен жолугуп, ишкана өндүргөн  продукциялар менен таанышты. Аталган ишкана этти кургатып, кайра иштетүүнүн негизинде продукция өндүрөт. Жолугушуу учурунда калаа башчы А.Кадырбаев аталган ишкананын жетекчилигине Ош шаарында да жогорудагыдай ишкананы биргеликте ачууну сунуштады.

Ага улай А.Кадырбаев Синин шаарынын мэри Джан Сяожун менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки шаар ортосундагы  соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кытай инвестициясын Ош шаарынынын экономикасына  тартуу маселелерин талкуулашты. 

    №8- “Ак-Буура” аймактык Кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндөгү балдар аянтчасын ачылыш  аземине Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев катышты.

     Калаа башчысы жыл башында  аймактык кеңештерде  шаар тургундары менен жолугушуу   учурунда  аталган аймактын жашоочулары балдар аянтчасынын жоктугу туурасында  пикирлерин билдиришкен эле. Жолугушууда мэр тиешелүү жетекчилерге  протоколдук  тапшырма  берип, тез арада  балдар аянтчасын курууга демөөрчүлөрдү  тартуу маселеси коюлган.

Натыйжада Бириккен Улуттар Уюмунун  “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондусунун Оштогу филиалы тарабынан бул проект колдоого алынып, балдар аянтчасын курууга-  392 178 сом  демөөрчүлүк  жасаган. Ага улай Ош шаардык мэриясы тарабынан - 181 360 сом каражат бөлүнсө,ал эми жергиликтүү жамааттар тарабынан- 30 360 сом   каражат жыйналган. Бүгүнкү күндө  жалпы суммасы -603 898 сомго барабар  иш аткарылып,  кооздукка бөлөнгөн балдар аянтчасы  пайдаланууга берилди.

      -Баардык баалуулуктар балдарга  тийиштүү. Бүгүнкү  жаш балдардын кубанычы аларга болгон биздин кичине камкордугубуздун белгиси болуп саналат. Балдар  улутуна жана жашына карабай бул аянтчада  достугун бекемдешип, ден соолугун чыңдоо менен бактылуу балалыгын  өткөрсө деген тилегибиз бар. Мотурайган балдардын сүйүнүчүнө ортоктош болуп, алардын ишенимине  татууда  колдоо көрсөткөндүгү үчүн “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондуна жана  Макико Шинахаро айымга  ыраазычылыгык билдирем.”-деди шаардын мэри А.Кадырбаев.

      Аталган иш-чарада  Бириккен Улуттар Уюмунун  Качкындар  боюнча  жогорку Комиссариатынын  өкүлү Макико Шинахаро айым жана жергиликтүү тургундар сөзгө чыгышып, наристелердин кубанычтарын тең бөлүшсө,  музыканын коштоосунда  таланттуу жаштар  бий бийлешти.

      Ош шаарынын мэриясынын жарандарды кабыл алуу борбору 2015-жылдын 1-июнь күнүнөн баштап жаңы форматта кызмат көрсөтүүдө.

     Аталган борборду ишке киргизүүгө БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан 295 миң сом, шаардык мэрия тарабынан 150 миң сом бөлүнүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган.

      Бүгүнкү күнгө карата жарандарды кабыл алуу борборуна 368 жаран кайрылып, анын ичинен 71 жаран Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевичтин жеке кабыл алуусунда болуп өздөрүнүн маселелерине, суроо, сунуштарына тиешелүү жоопторун алышты. 

      Жарандарды кабыл алуу борбору 3 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк жер жана турак-жай маселесине байланыштуу, экинчиси жарандардан келген арыз, каттарды кабыл алуучу, ал эми үчүнчү бөлүк социалдык маселелерге байланыштуу кайрылууларды кабыл алат. Кайрылып келген жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн,  кабыл алууга кезекте тургандар үчүн атайын отургучтар, жана шаардагы болуп жаткан ар түрдүү иш-чаралардан кабардар болуу үчүн телевизорлор орнотулуп, жеринде кат, арыз жазуу үчүн иш кагаздардын  үлгүлөрү илинген жана кагаз, ручкалар менен толук камсыз болгон. Мындан сырткары келген каттарды факс аркылуу  шаардагы тиешелүү мекеме, ишканаларга жиберүүгө болот жана алардын көчүрмөлөрүн жарандарга чыгарып берүү кызматтары да каралган.

      “ Ош шаарынын мэриясынын жарандарды кабыл алуу борборун ачуу боюнча мэриянын атайын токтому чыккан. Ошол токтомдун негизинде иш-пландар бекитилип, борборду ачуу боюнча мэриянын биринчи кабатында уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Учурда жарандардын оюу аябай жакшы, алардын айткан сунуштарын пикирлерин эске алып жатабыз. Мындан мурун тургундар мэриянын имаратында ар бир эшикти каккылап, кабаттан кабат жүрбөстөн, баардык маселелерин биринчи кабатындажайгашкан жарандарды тейлөө борборуна эле кайрылып чечүүгө болот”,-деп билдирди Ош шаарынын мэриясынын  документтик камсыздоо жанан көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кайрынса Сулайманова.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Октябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26