1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Бүгүн, 25-ноябрь Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 150 орундуу оорукананын капсуласы салынды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары  Аалы Карашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Сун Лицюнь, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардыктар катышты.

 

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев оорукананын курулушу май айында башталгандыгын айтып, бир гана шаардыктар үчүн эмес жалпы түштүк аймагындагы калкка кызмат кыла тургандыгын белгиледи.

 

“Ак-Тилек кичи районундагы Кытай мамлекетинин каржылоосу менен курулуп жаткан 150 орундуу оорукана үстүбүздөгү жылдын май айында башталган, ири долбоордун бүтүшүн 2018-жылдын үчүнчү кварталына пландап жатабыз. Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет. Медициналык жабдуулар, тез жардам унаалары менен камсыздалат. Бул долбоорго жалпысынан 2 млрд. сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат”, - деди А.Кадырбаев.

 

КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары  Аалы Карашев Кытай өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашып жаткан долбоорлор, эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсүнүн негизинде болуп жаткандыгын белгиледи. Ири долбоорлордун бири бул Ош шаарындагы оорукана экендигин кошумчалап, бийлик элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп жаткандыгын билдирди.

 

Белгилей кетсек, Ош комплекстик оорукана КЭРнын өкмөтү тарабынан кайтарымсыз гранттын эсебинен курулат. Жалпы аянты 25 миң чарчы, сейсмикалык туруктуулугу 1-даража болуп, 9 баллга жеткен жерсилкинүүгө туруштук берет. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот.

Бүгүн, 10-ноябрда Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунун жыйындар залында, Эл аралык жаштар күнүнө карата Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы жаштар, студенттер менен жолукту. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана студенттери катышты. 

А.Кадырбаев жаштар менен жолугушуу, пикир алышуу, учурдун актуалдуу маселелери боюнча пикирлешүү маанилүү экенин белгилеп, жалпы жаштарды Эл аралык жаштар күнүн  менен куттуктады.

“Ош шаарынын мэриясы сиздерди, жалпы эле жаштарды мамлекетибиздин жаркын келечеги катары баалап, дени сак, терең билимдүү, татыктуу тарбия алган мыкты инсандар  чыгарына ишеним артат. Ошондон улам мүмкүн болушунча жаштарга камкордук көрүү, алардын демилгелерин колдоо, окуу-тарбия иштерине байланышкан шарттарды түзүү биздин ишмердигибиздин артыкчылык берилген багыты болуп эсептелет. Быйылкы жыл биз үчүн жаштар менен иштөөдө бир топ ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Шаардын жаштарынын бир катар демилгелери колдоого алынып, биргелешкен иш аракеттер жүрүп жатат.Өз кезегинде мэрия тарабынан жаштардын демилгелери финансы тарабынан бекемделип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2016-жылга 2 млн. сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле жаштар комитетинин кызматкерлеринин ишке болгон кызыгуусун арттыруу максатында кошумча кеңсе бөлүнүп, аладын иштешине ыңгайлуу шарт түзүп бердик.

“Жаштык бар жерде жалын бар”-деген учкул сөз бар. Анын сы-арындай сиздердин курак “аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган” мезгил. Демек жалындуу жаштыктын мезгилин текке кетирбей, демилгелүү, аркетчил болууга, элдин жүгүн көтөрүүгө даяр болуп, шаардын, өлкөбүздүн  өнүгүшүнө салым кошкон инсандардан болушуңарды каалайт элем”-деди А.Кадырбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө, жаштар шаар мэрине жана шаардык кеңештин төрагасына сунуш пикирлерин айтып, суроолорун беришти.  А.Кадырбаев ар бир студенттин берген суроосуна кенен токтолуп, тиешелүү жоопторун берди.

 Ал эми жаштар, шаар мэринин жаштар менен кез-кези менен жолугуп, жеке баалашууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазычылык билдиришти.

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээлери 10-ноябрь - Эл аралык жаштар күнүнө карата Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир күндүк иш планы менен таанышты. Мэрдин бир күндүк иш планынын негизинде студенттер шаардын инфраструктурасы, жаны курулуш обьекттилерин көрүп, мэрдин эл менен болгон жолугуушусуна катышты.  

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз милициясынын күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана башкармалыктын кызматкерлери катышты.

 

Шаар башчысы Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жалпы кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтерине токтолуп өттү.

 

“Бүгүнкү күндө Кыргыз милициясы коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү,  биз ишенген, таянган мамлекеттик орган катары белгилүү. Кыргыз милициясынын катарында, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын күжүрмөндүгү, чечкиндүүлүгү, өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгилеп кетким келет. Анын ачык мисалы катары акыркы төрт жылдан бери Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгы Республикадагы эң мыкты ички иштер органы катары таанылып келе жаткандыгын алууга болот. Кызматтагы жакшы жетишкендиктер, ийгиликтер мамлекет тарабынан колдоого алынышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги талашсыз. Ош шаарынын мэриясы да шаардын Ички иштер башкармалыгынын мындай ийгиликтерин, күжүрмөндүүлүгүн колдоп келет. Айта кетсем, быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ички иштер башкармалыгынын административдик имаратынын капиталдык ремонтуна 800 миң сом бөлүнүп берилди.   Милиция кызматкерлерине ипотекалык негизде 60 квартира бөлүндү. Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүнү колдоосу менен 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуш башталды. Буюрса кийинки жылдын экинчи жарымында бул үйлөр пайдаланууга берилет”,-деди А.Кадырбаев.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, А.Кадырбаев, Ош шаарында коомдук тартипти сактоого кошкон салымы жана уставдык милдеттерин аткаруудагы күжүрмөндүгү үчүн, бир катар милиция кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, Ыраазычылык баракчаларын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына  компьютер жабдыктарын белеке берди.

 

Эске салсак,  1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милиция кызматкерлери өз ишмердигин баштаган. Ошондон бери 1-ноябрь Кыргыз милициясынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл Кыргыз милициясы өзүнүн 92 жылдыгын белгилеп жатат.

Бүгүн, 28-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында КРнын Жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Шаар мэри эки кесиптин ээлерин майрамдары менен куттуктап, шаардын, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары чоң экенин белгиледи.

 

-“ Быйылкы жыл жергиликтүү жамаатарынын кызматкерлери шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, муктаждыктарын чечүү багытында чечкиндүү аракеттерди көрүшүп, тогуз айдын ичинде Ош шаары дээрлик бардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча республикада жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бул ийгиликтердин жаралышына биринчи кезекте жергиликтүү жамааттардын, муниципалдык кызматкерлердин салымы чоң.

Ошондой эле, шаар чарбасынын негизги тармагын түзгөн автомобиль транспоту жана жол чарба кызматкерлеринин эмгеги да өзгөчө жооптуу. эгерде шаар чарбасын бүтүндөй организм катары элестете турган болсок, автомобиль транспорту жана жол чарба тармагы анын өзөгүн түзөт. Сиздер да ары оор, ары сыймыктуу кесибиңиздерди аркалап, шаардыктарга татыктуу кызмат көрсөтүп келе жатканыңыздарды билебиз”,-деди А.Кадырбаев.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, А.Кадырбаев Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана КРнын Жергиликтүү жамааттарынын кызматкерлерине, ошондой эле, шаардын калкына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кошкон салымы, тарнспорт тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерине мэриянын Ардак грамоталарын, акчалай сыйлыктарын жана баалуу белектерин тапшырды.

 

Мындан сырткары, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы Ош шаардык мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары Ильяс Абдыраимовго, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеевге тапшырылды.

 

 Ал эми мэриянын уюштуруу кадрдык иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Курмантаев жана "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Курманбек Апиев “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты.

 

 

 

Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында вице-мэр

Асылбек Топчубаев билдирди.

 

-“Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык мекемеси 19-октябрдан баштап 54 билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жылуулук берип жатат. Ал эми Ош шаардык жылуулук электр борбору (ТЭЦ) 24-октябрдан тартып башка мекемелерге жана бардык үйлөргө жылуулук берүүнү баштайт”-деди вице-мэр.

Ошондой эле, коллегиялык жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе, Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

 

“ Бүгүнкү күндө Ош шаарын кышка карата даярдык көрүү иштери бекитилген иш чараларга, түзүлгөн графиктин негизинде аткарылып жатат.

Оштогу жылуулук электр  борборундагы буу казандары (3 даана) толугу менен жылуулук берүүгө даярдалды.

 

Учурда  жылуулук электр  борбору тейлеген аймактагы оңдоону талап кылган магистралдык жана кварталдык жылуулук өткөрүүчү тармактарындагы түтүктөр толугу менен алмаштырылып, изоляциялоо жумуштары аткарылды.

Мазут даярдоо иштери боюнча Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2016-жылдын 26-апрелиндеги     № 215 токтомунда 7000 тонна мазут даярдоого тапшырма болгон. Ал эми  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2016-жылдын 5-октябрындагы   № 531 токтомунун негизинде кошумча тапшырма коюлуп 10 000 тоннаны түздү. Учурда иш жүзүндө 11 512   тонна мазут даярдалып, тапшырмага 115 % ды түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 25,4 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

 

Оштогу  муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында бардыгы болуп 74 отканасы ( 17 откана электр энергиясы, 57 откана көмүр  менен жылытылат) толугу менен жылуулук берүүгө даяр.  Ошондой  эле  ишкананын өздүк  чарба  ыкма  жолу  менен  көп  жылдан  бери  алмаштырылбай  эксплуатациялык  мөөнөтү  бүткөн  1540 метр  кварталдык  жылуулук  түтүкчөлөрү,  12  отканаларга  көмүр  отунун  сактоочу  бастырма жана  1000 п.м.  жылуулук  энергиясын  жеткирүүчү  кварталдык  түтүктөрүн  изоляциялоо  иштери  аткарылып,  жалпысынан  2 387 820  сом  акча  каражаты  өздөштүрүлдү. 

Ал  эми  2016-2017-жылдын күз-кыш  мезгилине  10500  тонна (анын ичинен 8500 тонна «БСШ» маркасындагы жана 2000 тонна «БР») көмүр даярдалыш керек болсо, 2015-жылдын  15-отябрына  карата  график боюнча 6412 тонна көмүр  даярдалып, тапшырмага 61%ды  түздү.

 

Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык  башкармалыгы   2016-жылга каралган техникалык тейлөө планы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, көп кабаттуу үйлөрдө  жылытуу  системаларын оңдоп-түзөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2016-жылга мурун жылуулук алуудан баш тарткан 40 көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук системаларын оңдоо каралган болсо, бүгүнкү күндө 10 үйдүн жылуулук системаларын оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, 1 937 961 сомдук жумуш  аткарылды, анын  ичинен   50 пайызы  б.а. 968 981 сому жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо (софинансирование) катары берилди. Андан тышкары дагы 8  көп  кабаттуу үйдүн суу, канализация түтүкчөлөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүп,  642 431 сомдук жумуштар аткарылды. Анын ичинен  192 730 сом мэрия тарабынан каржыланды.

 

Ош райондук электр тармактар ишканасы  иш-чаралардын негизинде    бүгүнкү күнгө карата   тапшырмада көрсөтүлгөн  кубаттуулугу           6-10/0,4 кВ  болгон  трансформатордук подстанциялардын   100  даанадан 118 даанасы (118%), кубаттуулугу 6-10/0,4 кВ болгон 36 трансформатордун 34  даанасы (94%) капиталдык оңдоодон,  577 трансформатордун 616 даанасы (107 %) катардагы оңдоодон өткөрүлдү.     

Кубаттуулугу  0,4 кВ болгон 93,0 км. аба линияларынын 101,0  км. (109%), кубаттуулугу  6-10 кВ болгон 171,0 км. аба линияларынын 191,2  км. (112 %) капиталдык оңдоодон, кубаттуулугу  0,4 кВ болгон  461,0  км. аба линияларынын  507,0 км. (110 %) жана кубаттуулугу  6-10 кВ болгон 288,0 км. аба линияларынын 288,0 км. (100 %) катардагы оңдоодон өткөрүлдү.

Ал эми энерго обьектилерди капиталдык  куруу  жана  реконструкциялоо  боюнча  кошумча  17  даана  6-10/0,4  кВ  ТП, КТП  коюулуп,  иштеп  жаткан 6-10/0,4  кВ  ТП, КТПларда  12 даана  трансформаторлор  алмаштырылды.

Жалпы жоготуулар 11,5% түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы жоготуулар

1,3 % пайызга кыскартылды.

        Элге көмүр даярдоо боюнча тапшырма аймактык Кеңештерге жеткирилип, шаарыбызда 15  жерде көмүр сатуучу пункттарды уюштурулду.     Калк тарабынан 20,3 миң тонна көмүр даярдалыш керек болсо, учурда 11,6 миң тонна көмүр даярдалып, тапшырмага 58 % ды түздү»,-деп маалымдады вице-мэр А.Топчубаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

19-октябрь Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №10 “Курманжан Датка” аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Ага шаардагы баардык мекеме-ишканалардын жеткечилери катышып, тургундар тарабынан берилген суроолорго жеринен жооп берилип жатты.

 

Шаар тургундары 143-маршруттук каттамдардын айдоочулары мектеп окуучуларынан бир сом эмес, 10 сомдон талап кылып жаткандыгын айтса, 109-каттам эрте токтоп студенттик шаарчадагы тургундарга ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын билдиришти. Ага калаа мэри жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысына бир жумалык мөөнөт менен маселени чечүүнү тапшырды.

“Окуучулардан 10 сомдон талап кылган айдоочуну жумуштан бошотуп, каттамдын башчысына эскертүү бериңиз. Анткени окуучулар 1 сомдон төлөйт деген макулдашуулар бар. Ал эми 109-каттам менен түзүлгөн келишим боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүп, эскертүү менен бир жумада шаардыктардын көйгөйүн чечип бериңиз”,- деди А.Кадырбаев.

 

Мындан тышкары жатаканалардагы жылуулук берүү, сырткы көрүнүшүн актап сырдоого көмөктөшүү, түнкү жарыктандыруу маселелери айтылып,  өз жообун алды. Ошондой эле, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге жана мекеме-ишканалардын кызматкерлерине  №10 “Курманжан Датка” аймактык кеңешинин жашоочулары “Жеңиш” эс алуу жайы, Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө жана балдар аянтчалары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

 

 

 

Кечээ, 19-октябрь социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мекеме-ишаналарда иштеген социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери, жетекчилер келип катышты.

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жана жалпы шаардыктардын атынан вице-мэр Нурбек Кадыров социалдык коргоо кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу жумушту аркалап келе жаткан баардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

“Сиздердин жылуу мамилеңиздерге көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдар, майыптар, жетим балдар абдан муктаж. Алар үчүн күн-түн дебей жардамыңыздарды аябай, мээримиңиздерди төгүп, кам көрүп келесиздер. Ар дайым ушул эмгегиңиздерден жазбай, эл үчүн кызмат кылып, адамгерчилик, боорукерлик сапаттарыңыздан тайбай иштей бериңиздер», - деди вице-мэр.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын калкын социалдык жактан сапаттуу тейлөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн, КРнын социалдык  коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын  ардак громатасы, акчалай сыйлыктары жана баалуу белектери менен социалдык кызматкерлер, мектеп жана бала бакчада иштеген профсоюздун мүчөлөрү, социалдык фонддун кызматкерлери сыйланды.

 

 

 

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев №8 “Ак-Буура” жана №9 “Амир-Темур” аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту. Анда аймактын тургундары шаар мэрине чечилбей келе жаткан айрым бир маселелерди кат жүзүндө беришти.

 

Негизинен  шаардыктар тарабынан жарыктандыруу, жол, социалдык курулуштар, жылуулук маселелери көтөрүлүп,баардыгы протоколдоштуруп, суроолор жоопсуз калган жок.

 

“ 2016-жылга шаарыбыздын жолдорун курууга, оңдоп-түзөтүү иштерине жана жолдорду кармоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60,0 млн. сом акча каражаты каралып, курулуш иштери аткарылып жатат. Республикалык бюджеттен Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2016-жылга түзүлгөн иш планынын негизинде 20,0 млн.сом каралып, У.Салиева көчөсүн,  Авиашаарчасына баруучу жолду  жана Мадумаров көчөсүн асфальттоо иштери бүттү. Кийини жылдын планына да адистер карап чыкан соң дагы көчөлөр оңдоп-түзөлөт. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо кош каржылоо принцибинин негизинде ишке ашат. 2014-жылы 54 көп кабаттуу үй, 27 жатакана жылуулук түйүндөрүнө уланган болсо, 2015-жылы 34 көп кабаттуу үй жылуулук түйүнүнө кошулду.  Ал эми 2016-жылдын аягына чейин дагы 30 үйду жылуулук менен камсыздоо пландалган,”-деди А.Кадырбаев.

 

 Жыйындын жүрүшүндө тургундар менен болгон мурунку жолугушууларындагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышы айтылып, 9 ай ичинде жасалган жумуштар жана келечек пландар туурасында тасма көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, калаа башчысы тургундар менен жыл башында жана аягында жолугуп, чечилбеген маселелерди жеринде көрүп келет.

 

 

 

         Бүгүн, 20-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев,вице-мэрлер, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү эки маселе каралды:

1.     Ош шаарынын 2016-жылдын 9 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2014-2017-жылдарга карата Ош шаарын өнүктүрүү Программасынын атаруунун жүрүшү жана 2016-жылдын төртүнчү кварталындагы коюлган милдеттер жөнүндө,

2.     Ош шаарынын экономика тармагын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоо иштеринин абалы жөнүндө. 

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров маалымат берди.

 -“  Коюлган максаттарды өз убагында, сапаттуу, толук көлөмдө чечүүнүн бирден-бир жолу – шаардын финансылык базасын бекемдөө, өндүрүштүк потенциалын чыңдоо, ички ресурстарды, мүмкүнчүлүктөрдү издеп, аларды толук жана үнөмдүү пайдалануу, ошондой эле сырткы байланыштарды жүргүзүү негизги багыттары болуп эсептелет.

2016-жылдын 9 айында Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тармактар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

 -         Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 113,2 пайызды, же 2 млрд 241 млн. сомду түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 261,0 млн. сомго көбөйгөн;

-         айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 101,0 пайызды, же 736 млн.сомду түзүп, 2015-жылга салыштырганда 7,9 млн. сомго көбөйгөн;

-         курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2 млрд. 738 млн.сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 404,0 млн. сомго өскөн;

-         көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 110,2 пайызды, же 32,6 млрд.сомду түзгөн болсо, бул 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 3,0 млрд. сомго көп;

-         жүк ташуулардын өсүү темпи 101,8 пайызды, же 391 миң тоннаны түзгөн;

-         жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салык эмес кирешелеринин (атайын каражаттарды кошпогондо) аткарылышы 101,1 пайызды, же 639,8 млн.сомду түзгөн. Ал эми 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 47,5 млн. сомго көп жыйналган;

-         социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 110,8 пайызды, же 1 млрд. 147 млн. сом түзгөн;

-         жугуштуу жана мите оорулары менен калктын оору-сыркоосу (калктын 100 миңине) 2539 түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1505 учурга азайды;

-         катталган кылмыштуулуктун саны 1675 түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 246 кылмышка азайган”,-деп билдирди З.Аскаров.

 

 

 

 

 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26