1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Бул туурасында бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында вице-мэр Асылбек Топчубаев билдирди.

   Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды:

-          Ош шаарнын 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи кварталына карата милдеттер;

-          2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдардын күзгү-кышкы мезгилге карата милдеттер жөнүндө;

Экинчи маселе боюнча вице-мэр Асылбек Топчубаев маалымат берип, 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылгандыгын билдирди.

“Ош шаарын жылуулук менен негизинен Оштогу жылуулук электр  борбору жана «Жылуулук камсыздоо»  муниципалдык ишканасы камсыз кылат. Быйылкы жылы калкты  жылуулук менен камсыз кылуу 30 күнгө көп берилди.

Ош шаарынын жылуулук  электр борбору  2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылып,  үч  даана  буу  казандары  иштеп  шаарыбыздагы  44 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 5 өнөр-жай мекемелерин, 305 көп кабаттуу үйлөрдү  ж.б.  286  мекемелерди   жылуулук  энергиясы менен  үзгүлтүксүз  камсыздады. Жылуулук берүү  мезгилинде   жылуулук электр борбору  тарабынан  10,5 млн. м3 жаратылыш газы жана 13 459 тонна мазут иштетилип,      165 068 Гкал  жылуулук  энергиясы  өндүрүлүп, 2015-2016-жылдардагы  жылуулук  берүү  мезгилине  салыштырмалуу  35 782 Гкал  жылуулук  энергиясы  көп  өндүрүлдү. 

Мазут  отунун  калдыгы  2016-жылдын  1-апрелге  карата 4053  тоннаны  түздү.

2017-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 70,4 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 13,4 млн. сомго кыскарган. Анын  ичинен  калктын  дебитордук  карызы   5,8  млн. сомго азайган.

2016-2017-жылдардагы жылуулук берүү мезгили аяктагандан кийин бардык магистралдык жана кварталдык тармактар гидротекшерүүдөн өткөрүлүп, текшерүүмезгилинде аныкталган деффектерди   оңдоп  аткаруу  иштери  жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү өз  деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылып,  ишкананын  77  отканасы  шаарыбыздагы жалпысынан 257 көп кабаттуу үйлөрдү,  35  мектепти,  23  балдар  бакчасын, 8  дарылоо  мекемесин, бардыгы  болуп  89  мекемени  жана  143 жеке  менчик  үйлөр  жылуулук  энергиясы  менен үзгүлтүксүз  камсыздады. Жылуулук берүү  мезгилинде  муниципалдык  «Жылуулуккамсыздоо»  ишканасы  тарабынан  72,9 млн. кВт электр  энергиясы жана 12465 тонна көмүр  отуну  сарпталып,  95 814,3 Гкал  жылуулук  энергиясы  өндүрүлүп,  өткөн          2015-2016-жылдардагы  жылуулук  мезгилине  салыштырмалуу  33 253 Гкал  жылуулук энергиясы  көп  өндүрүлдү. Көмүр  отунунун  калдыгы  2017-жылдын      1-апрелине  карата  1356,6  тоннаны  түздү.

2017-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 94,2 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 23,4 млн. сомго өскөн. Дебитордук карыз негизинен  жылуулук  сезондун  өткөн  жылга  салыштырмалуу  27ти  күнгө  көп  болгондугунун  жана  абонеттердин  санынын  өскөндүгүнүн эсебинен (2015-2016-жылкы  сезондо  126  күн,  орточо  температура +3,6 0С,  ал  эми  2016-2017-жылкы  сезондо  153  күн,  орточо  температура  +2,10С).

Ошондой  эле  муниципалдык  «Жылуулуккамсыздоо»  ишканасы  үстүбүздөгү  2017-жылыдын  1-апрелине  карата  «Ошэлектр»  ААКна электр  энергиясына  болгон  карызды  жоюу  максатында  өздүк  акча  каражытынан  40,0  млн.  сом  өткөрүп  берген”,-  деди А.Топчубаев.

Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров баш болгон баардык вице-мэрлер, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары катышты.

Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров баш болгон баардык вице-мэрлер, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары катышты.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды:

-          Ош шаарнын 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи кварталына карата милдеттер;

-          2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдардын күзгү-кышкы мезгилге карата милдеттер жөнүндө;

Ош шаарындагы 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары туурасында Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов маалымат берди.

“Жыл башынан бери Ош шаарынын экономикалык өсүшүнө сырткы жана ички факторлордун тийгизген таасирине карабастан Ош шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө келе турган болсок 2017-жылдын биринчи кварталы шаар үчүн жемиштүү болду деп канааттануу менен айтууга негиз бар жана тармактар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

   • өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 108,8 пайызды түзүп, 1 млрд. 280 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 235,1 млн. сомго көбөйгөн;

   • айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 100,8 пайызды, же 117 млн.сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 3,3 млн. сомго көбөйгөн;

   • курулуштун дүң продукциясынын көлөмү  534,2 млн.сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 217,6 млн. сомго, же 67,5 пайызга өскөн;

   •имараттардын курулушуна, кайра курулушуна жана техникалык жабдылышына тартылган капиталдык салымдар 472 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 203 млн. сомго, же 74,1 пайызга көбөйгөн;

   •көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 107,2 пайызды, же 10,8 млрд.сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,0 млрд. сомго көбөйгөн;

   •жүк ташуулардын өсүү темпи 100,8 пайызды, же 132,0 миң тоннаны түзгөн;

Ал эми мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 618 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 909 млн.сомду түзүп, пландагыдан 291 млн. сомго же 47,1 пайызга, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 26 млн. сомго (2016-жылы 883 млн. сом)  же 2,9 пайызга көп жыйналган.

2017-жылдын январь-мартында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча 203,8 млн.сом өлчөмүндө план жектирилсе, аткарылышы 219,1 млн.сомду түзүп (2016-ж. 223,5 млн. сом), пландагыдан 15,3 млн. сомго же 7,5 пайызга көп чогултулган.  Ал эми 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда салык жана бюджет Кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизгендигине байланыштуу 4,4 млн. сомго, же 2,0 пайызга аз жыйналган”, - деди Т.Кайымов. 

Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарынын жаштары Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен баарлашып, акыл-насааттарын угуп кайтышты. Аталган иш-чара Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар согуш ардагерлерине түрдүү суроолорду узатып, маектешишти. Ардагерлер согуш күндөгү жашоонун сүртүмдөрүн айтып, ал мезгилди сөз менен айтып жеткирүү кыйын экендигин билдиришти. Ошондой эле, билим менен гана баардык ийгиликтерди багындырууга боло тургандыгын  кошумчалап баталарын беришти.

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов аталардын эрдиги эч качан унутулбай, жаштар үчүн өрнөк экендигин билдирди.

“ Жалпысынан жетимишке жакын жаштар чогулуп, бүгүн биз үчүн тынчтык алып келген аталарыбыздан кабар алууну баштадык. Жалпысынан 15 согуштун ардагерине белек камдап, ар биринин үйүнө барып тапшырдык. Бирок бул аздык кылат. Алардын эрдиги баа жеткис, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө эч качан унутулбай, сакталат”, - деди М.Обозов.

Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун ардагери, 36 ооруктун катышуучусу бар. 

Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарында 25-26-апрель күндөрү  Ислам дүйнөсүнүн мэрлеринин саммити болуп өттү. Ага Кыргызстандан Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышты. 

Саммитте Ислам дүйнөсүнүн шаарларынын ортосунда ар тараптуу өз ара кызматташууну күчөтүү, улуттар аралык мамилени чыңдоо, дүйнөлүк экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнө күчөтүү маселелери талкууланды. 

Ошондой эле, шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык пландары, ар бир шаардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылып, мэрлер өз ара тажрыйба алмашышты.

Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан курман болгондор, жабыр тарткандар эскерилди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ашим Осмонов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулунун өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Атомдук станция жарылган соң ликвидацииялоого жалпысынан 104 адам Ош шаарынан барган. Азыркы тапта алардын 38 гана калды.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Ош шаарынын мэриясынын жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан апаатта каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрү жана катышуучулар мэрия тарабынан колдоого алына береерин белгиледи.

-“Туура 31 жыл мурда,адамзаттын акылы өзүнө душман болгон окуя катталып, дүйнөдө өтө чоң апаат, коркунуч бар экендиги жарыяланган кайгылуу окуя болгон. Ага биздин Ош шаарынан да ага-эжейлер барып катышып келген. Биз алардын кылган эрдигин эч качан унутбайбыз. Ар дайым Ош шаардык мэриясынын атынан материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтө беребиз. Мындай апаат эч убакта кайталанбасын”, - деди З.Аскаров

Эскерүү  кечесинин алкагында,  шаардык мэрия тарабынан Чернобыль апаатынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берилди.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болду. Спорттук иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков жана мелдешин катышуучулары катышты.

Массалык чуркоодо Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.

Жеңүүчүлөгө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери тапшырылды.

-“ Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет”,-деди У.Авазбеков.

Спорттук мелдешке 7 жаштан 70 жашка чейин, жалпысынан 3000ден ашуун адам катышты.  

Четверг, 20 Апрель 2017 13:06

Ошто жазгы массалык чуркоо болот

Ошто 22-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот.

Ага Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Спорттук мелдеш 21-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат.

Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясында турак жай маселелери боюнча атайын байкоочу кеңештин жыйыны болду. Ага вице-мэр, байкоочу кеңештин төрагасы  Шакир Зулимов жана кеңештин мүчөлөрү катышты. Жыйында,  Ош шаары өз алдынча турак жай куруу маселесин ишке ашыруу, “Жаңы доор” аталышындагы жаңы долбоорго курулуш иштерин уюштуруу жана курулуш иштерин баштоого керектүү болгон документтерди даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу жалпы республиканын практикасында биринчи жолу Ош шаары өз алдынча турак жай курууну ишке ашыруунун алдында тураганын белгиледи.

-“Шаар мэринин аппараттык кеңешинде бул долбоор боюнча атайын иш пландар бекитилген. Иш планга ылайык ипотекалык негизде берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери ушул жылдын июль айларында башталат. Учурда курулуш иштеринин проекттик сметалык документтери толугу менен даярдалууда. Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков көчөсү менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде 88 сотых атайын жер үлүшү даярдалган. Бул турак жай 9 кабаттан, 130 батирден кем эмес болуп,  шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилген 361 батирдин, алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акча каражаттарынын эсебинен курулат”,-деди К.Абдырахман уулу.

Бүгүн, 19-апрелде Ош шаарындагы  эмгек биржасында зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдарды убактылуу кармоочу  “Үмүт шооласы” борбору ишке берилди. 

Ачылуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров,  шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов келип катышып, келечекте балдар үйү, карылар үйү жоюлуп бактылуу үй-бүлөлөр көбөйүшүнө тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле,  убактылуу кармоочу жайга келген балдар жергиликтүү бийликтин тыкыр көзөмөлүндө экендигин кошумчалашты.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаеванын айтымында зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган балдар үч күндөн, беш күнгө чейин борбордо убактылуу кармалат.

“Турмуштук оор кырдалга кабылган балдарды балдар үйүнө же ата-энесине кайра кайтарып берүүгө комиссиянын жана соттун чечими чыкканга чейин жайгаштырууга жай жок эле. Мына бүгүндөн тарта бул маселе чечилип  жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин каржылоосу менен балдарды убактылуу тарбиялоого борбор ачылды. Баардык ыңгайлуу шарты менен, үч маал тамактанышат. Психологдор, тарбиячылар үчүн штат да ачылган”, - деди Б.Токобаева.

“Үмүт шооласы”  борборунда кыздар жана уул балдар үчүн уктоочу бөлмө, ашкана, жуунуучу жай жана эс алуучу бөлмө бар. Ош шаарында мындай борбор алгачкы жолу ачылып жатат. Борборго келип түшкөн балдар Ош шаарынын дене тарбия жана спорт, жаштар комитеттерине, ошондой эле, маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин карамагында болот.

Бүгүн, 18-апрелде Ош шаардык мэриясынын кичи залында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 3 айлыктын жүрүшү тууралуу жыйын болду. Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев,шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы У.Раманов жана аймактык кенештин төрагалары, тиешелүү тармак жетекчилери катышышты.

Күн тартибине 7 маселе коюлуп, жазгы 3 айлыктын алкагындагы №-3 протоколдук тапшырманын аткарылышы жөнүндө У.Раманов мааылмат берди. Ал өз сөзүндө шаардын аймагындагы арыктарды,суу өтмөктөрүн тазалоо, ондоо иштеринин аткарылышында айрым аймактык кенештер начар иштеп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен бирге протоколдук тапшырмага кирген Мамыров көчөсүндөгү өтмөктү тазалоого ДЭП-21 ишканасына тапшырма берилсе, аталган ишкана эч кандай маалымат бербегендигин У.Раманов айтып өттү. Вице-мэр А.Топчубаев бул боюнча аталган ишкананын өкүлүнө кемчиликтерди ондоого 2 күн мөөнөт берди.

Шаардагы массалык ишембиликтердин кандай өтүп жаткандыгын тууралуу А.Топчубаев бир катар аймактык кенештердин, айрым окуу жайлардын иштерин сынга алып, арыктарды тазалоо иштери солгун жүргөндүгүн белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы тазалык боюнча фоторепортаж көрсөтүлүп, ал жердеги кемчиликтерди тез арада оңдоого тапшырмалар берилди. 

Жыйындын соңунда коомчулук менен байланыш кзыматы тарабынан даярдалган шаардыктарды көрктөндүрүү жана тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырган «Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз-баарыбызга» аттуу ролик көрсөтүлдү жана бул роликтер жергиликтүү телеканалдарга, соцтармактарга жайылтыла турган болду. 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26