1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Ош шаарынынсоциалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын I жарым жылдагы жыйынтыктары боюнча коллегиялык жыйын болду. Анда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү каралып, балдар бакчаларындагы көп жылдан бери жоюлбай келген коррупциялык элементтер сынга алынды.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, вице-мэрлер, муниципиалдык жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн маалым болгондой шаардын ичиндеги 7 бала бакчада 7,5 млн сомго жакын акча каражаты мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган. Ага байланыштуу №60 балдар бакчасынын жетекчиси Д.Шарапова, №62- балдар бакчасынын жетекчиси Б.Көбөнова, Ош шаардык билим беүү  башкармалыгынын эсепчиси Э.Гафуровалар ээлеген кызматтарынан четтетилген. Ал эми финансалык мыйзам бузуу фактылары катталган №55-, 60-, 62-, 40- балдар бакчасынын иштери шаардык соттун кароосунда, №22-, 35-, 29- балдар бакчаларынын иштери Ош шаардык прокуратурасында иликтенип жаткандыгы айтылды.

Ал эми калаа башчысы А. Кадырбаев балдар бакчасын үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алгандар да жок эмес экендигин белгилеп, бул көрүнүш балдардын келечегине кайдыгер мамиле жасоо экендигин билдирди.

 

-“Баланын ырыскысына кол салган бул келечектин душманы, шаардын душманы десек болот. Балдар бакчасын “Бул менин үйүм, менин жеке менчигим”, -деп мамлекеттик кызматын унутуп, үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алгандар бар экен. Мунун баардыгы Ош шаардык билим берүү башкармалынын убагында көзөмөлгө албагандыгынан улам болууда. Ошондуктан тез аранын ичинде шаардык прокуратура, милициянын 5-бөлүмү, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мындай көрүнүштөргө бөгөт коюулушу керек”, - деди А. Кадырбаев.

 

Жыйынтыгында, мектепке чейинки окуу жайларда, билим берүү мекемелеринде коррупция, паракордук, финансылык тартип бузууларга жол бергендиги үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсановко эскертүү берүүнү КРнын билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо жагы каралып, бирок жогоруда аталаган мыйзамсыз көрүнүштөр укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотуп туруу боюнча токтом кабыл алынды.

 

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында коллегиялык отурум болду. Анда шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыктары, экинчи жарым жылдыгына милдеттер каралды.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, вице-мэрлер, муниципиалдык жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар тургундары катышууда.

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча биринчи вице-мэр Замир Аскаровдун маалыматына ылайык, шаардагы өнөр-жай ишканаларда 2015-жылдын январь-июнь айларында1642,3 млн. сомдук өнөр-жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине карата 111,1 пайызды түзгөн.

“Тактап айта турган болсок, 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда өнөр-жай продукциясы 0,8 пайызга же 251 млн. сомго көп өндүрүлгөн. Республиканын жалпы өнөр-жай өндүрүшүндө Ош шаарынын үлүшү 1,8 пайызды түздү. Ал эми айыл чарба продукциясынын дүңүнөн чыгарылышы 2015-ж. январь-июнунда 217,2 млн. сом өлчөмүндө болду, муну менен физикалык көлөмдүн индекси 101,2 пайызды түздү. Жетишкен ийгиликтер менен бирге эле кемчиликтер да жок эмес, Атап айтсак, салык чогултууда 2.7 пайызга көп жыйналганы  менен айрым бир түрлөрүнө толтурулбаган салыктар бар” - деди З. Аскаров.

Ал эми Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев, салык чогултууда келтирилген кемчиликтерди жоюу үчүн август айынын аягына чейин убакты берилээрин эскертти.

“Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгы август айынын аягына чейин  шаардагы ар бир салык төлөөчүнү бирден тактап, 2015-жылы аткарыла турган пландары тууралуу маалымат берилсин.”, - деди А. Кадырбаев.

 

 

 

Ош шаарынын мэриясынын жалпы коллегиялык жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, вице-мэрлер, муниципиалдык жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Жыйынды негизги төрт маселе каралды:

1-      Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыктары, экинчи жарым жылдыгына милдеттер.

2-      Ош шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык долбоорлоо бөлүмүнүн ишмердиги,

3-      Жүргүнчүлүк транспорт Агенттигинин жана муниципиалдык автоунаа ишканасынын калкты автотранспорт кызматы менен тейлөөнү жакшыртуу жүргүзүлүп жаткан ишмердиги жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри маалымат берип, 2015-жылдын январь-июнь айындагы көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

“2015 - жылдын 6 айына  карата  аз камсыз болгон 273 үй-бүлөнүн   708 баласына аз камсыздыгы боюнча мамлекеттик жөлөк пул дайындалып, мамлекеттик жөлөк пулдун орточо өлчөмү бир адамга  474 сомго барабар болгон.  Ал эми социалдык жөлөк пул алуучулар 3624 адамга жеткен. 2014 - жылдын ушул мезгилине салыштырганда 61 кишиге, же 1,7 пайызга көбөйгөн. 

Бюджеттик  каражаттардын  калдыгынын эсебинен  2015-жылдын  1-июлуна чейин 230 адам, жалпы  2млн 425 миң сом  материалдык  жардам  алышкан.  2014-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу алуучулардын саны 80  адамга, же  928 миң сомго көбөйгөн”, - деди З.Аскаров.

Ал эми экинчи маселе боюнча Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов маалымат берди.

Анын айтыман караганда, муниципиалдык долбоорлоо бөлүмү үч компаненттин негизинде иш алып барып, биринчи тармагы боюнча суу өткөрүү, жол куруу, ирригация иштерин жүзөгө ашырат. Экинчи компаненти боюнча, көрктөндүрүү-жашылдандыруу, социалдык обьектерди куруу, жагы каралса, 3-компаненти боюнча муниципиалдык мекемелерге базалык жана техникалвк жардам көрсөтүү болуп саналат.

“Биринчи компаненти боюнча Ош шаарынын жаңы конуштарына суу системаларын куруу үчүн 5,6млн $  акча каражатын кароо пландалган”, -деди Ж. Ормонов.

 

 

 

13- июлдан 14-июлга караган түнү Орозо айынын Кадыр түн кечесин тосуу үчүн Сулайман-Тоо мечитине 10 миңден ашуун адам чогулду. Кадыр түн кечесин тосуу үчүн аталган мечитке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, вице-мэрлер да катышты.

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, кадыр түн кечеси ыйык түндөрдүн бири экендигин белгиледи.

“Бул түнү кылынган баардык жакшылык иштер 83 жыл бою аткарганга барабар. Ошондуктан тууган досторубуз, жакындарыбыз менен таарынышып жүргөн болсок, бири-бирибизден кечирим сурашалы. Бул күнү жараткандан жакшылкы тилеп жалынып-жалбара турган түн”, - деди Сарыбаев.,

 

Ошондой эле, Ош шаарындагы башка мечиттерде да кадыр түн кечеси белгиленди.

Кадыр түн Рамазан айынын 26-күнүнөн 27-күнгө өткөн түнү тосулат.    

 

 

 

 

   Ош шаардык мэриясынын кезектеги аппараттык жыйынында  калаа башчысы А.Кадырбаев буга чейин  менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасын муниципиалдык менчикке алуу багытында мыйзам талаасында мыйзам чегинде тезинен иш- аракеттерди жүргүзүү  керектигин вице-мэр Ж.Ормоновго милдеттендирди.

 

    А.Кадырбаев коомчулук арасында  курч сын пикир менен чоң талкууну  жараткан  баштагы “Шелкомбинат” скверинин жана скверде жайгашкан  В.И.Лениндин эстелигинин абалы туурасында кандай жумуш аткарылып жаткандыгы туурасында  сурады.

 

   Вице-мэр Ж.Ормонов: Бул максатта иштер жүрүп жатат. Парктын жана парктын айланасын инвентаризациядан өткөрүү жана  жер кыртышын изилдөө (топосиемка)  иштеринин  70 пайызы аткарылып калгандыгын маалымдады.

Аппараттык отурумда мэр  вице-мерлер менен бөлүм башчыларды 2014-2017-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүүнүн план-программаларынын негизинде иш алып баруу зарылдыгын эскертти.Ошондой эле кезектеги август конференциясын жогорку деңгээлде  өткөрүү максатында уюштуруучулук иштерди алып баруу менен мектептерди толук  интерактивдик доскалар менен камсыздоо керектигин тиешелүүлөргө табыштап, эл менен болгон жолугушуулардагы протоколдук тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

    Ош шаарынын борбордук аянтында 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына “Биз сергек жашоо үчүн” аттуу ураандын алкагында ден-соолукту чыңдоочу спорттук иш-чара болуп өттү. 

   Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаардык саламатык сактоо координатору Абдилатип Шамшиев, шаардагы саламттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.

    Ильичбек Эргешов Спорт ден соолуктун булагы эле болбостон ,тынчтыктын жарчысы, ынтымактын, достуктун данакери экендигин айтып, баарын сергек жашоого көңүл бурууга үндөдү.

-“Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына  Кыргызстандын бардык  аймактарында, ошондой эле биздин ордолуу Ош шаарыбызда «Биз сергек жашоо үчүн» аттуу спорттук-ден-соолукту чыңдоо иш-чаралары өтүп жаткандыгы бекерден эмес. Ооруну дарылагандан көрө, анын алдын алуу арзанга тургандыгы бардыгыбызга белгилүү, ден-соолуктун 80 пайызы өзүбүздөн, ал эми 20 пайызы медицинадан көз каранды. Ошондой эле ден-соолукту чыңдоо спортко байланыштуу, ошондуктан спортко жакын бололу”-деди И.Эргешов.  Иш-чара элдерди сергек жашоого үндөп, спортту чыңдоо масатында өткөрүлдү.

   Анын негизинде катышуучулар кыргыз бийин шаңдуу бийлешип, ар түрдүү ден-соолукту чыңдоочу спорттук көнүгүүлөрдү жасашты

 Бүгүн Ош шаарынынын мэриясында кеңейтилген аппараттык жыйын болду. Анда  коммуналдык кызматтарга болгон дебитордук карыздардын абалы талкууга алынды. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жалпы дебитордук карыз 28%га көбөйгөндүгүн билдирди.

Калаа башчысынын айтымында караганда тиешелүү жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам комуналдык кызматтардан пайдалануучулардын карызы көбөйүп кеткен.

“Баарына маалым, былтыркы жылы газ жок, электр энергиясы тартыш болуп турган учурда свет өчпөсө экен, газ болсо акчасы канча болсо деле төлөйт элек дегендер чыгышкан. Азыр баары бар, электр энергиясы, көгүлтүр от, таза суу токтоосуз берилип жатат. Бирок анын пайдаланганы үчүн чогултулган акча натыйжасыз. Эсептеп көрсөк, “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Оштогу филиалына дебитордук карыз жалпысынан  78 млн 783,7 миң сом, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген ишканасы боюнча 53 млн 494,6 миң сом, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы боюнча 29 млн 652 миң сом, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси боюнча  177 млн 516,5 миң сом дебитордук карыз бар. Ал эми  “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы 27 млн 76 миңкарыз калууда. Жогоруда аты аталган ишканалардын жетекчилери продукцияларын товар катары көрүшпөгөндүктөн, өз ишине болгон жоопкерчиликсиз мамиледен улам ушундай болуп жатат. Эгер жумушка мындай мамиле кыла турган болсо, өз ыктыяры менен жумушун иштей ала турганына өткөрүп беришсин”, - деди А. Кадырбаев.

Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында, деибторудк карыздарды кыскартуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштерди координациялоо боюнча штаб түзүү боюнча тапшырмасын берди.

 

 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Шакир Зулимовго үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Тапшыруу иш чарасына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, ШИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошев, вице-мэрлер катышты.

Анда А. Кадырбаев, калаада тынчтыкты, улуттар аралык ынтымакты сактоодо Ш. Зулимовдун эмгеги чоң экендигин белгиледи.

“2010-жылдагы Ош окуясы мезгилинде, андан кийин улуттар аралык мамилени бекемдөөдө Шакир Муллашевич сиздин ордуңуз баа жеткис. Ошол окуя мезгилинде кызмат учурунда жараат алганыңызга карабастан мекенге болгон ак эмгегиңизди көрсөттүңүз. Бүгүнкү күндө шаарда тынчтык орноп, бейпил турмуш өкүм сүрүп турган кезде милиция кызматкерлеринин негизги милдети болгон элдин тынчтыгын сактоодо да талыкпай эмгектенип келүүдөсүз. Мына ошол кылган эмгегиңиздин акыбети кайтып, мамлекеттик комиссиянын чечими менен сизге үч бөлмөлүү батирдин ордерин тапшыруудабыз. Мындан ары да бекен ден-соолукта болуп, элге кызмат кылып жүрө беришиңизге тилектешпиз”, - деди А. Кадырбаев.

Ал эми ИИмдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы С. Өмүрзаков, шаар мэриясы тарабынан милиция кызматкерлерине болгон камкордугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Бул кезге чейин да милиция кызматкерлерин ар тараптан колдоп келе жатасыз. Сиздердин колдооңуздар тартип сакчыларына дем күч берип, мындан ары да өз ишин так аткарууга өбөлгө түзөөрүнө ишенем”, - деди С. Өмүрзаков.

 

 

 

   Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын “Тээке” айылындагы №45 Мырзаев атындагы орто мектебине спорт зал курула баштады. Курулушка  6-июль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, аймактын тургундары жана аксакалдары менен биргеликте  капсула салышты.

   Калаа башчысы курулуш иштеринин сапатына өзгөчө маани берип ушул жылдын октябрь айына бүткөрүүнү т апшырды.

   -“Шаарыбыздын тургундарына, мектептин окуучуларына жана жаштарга жакшы шарттарды түзүү максатында бүгүнкү курулушту баштап жатабыз. Аталган айыл шаардын четинде жайгашып, социалдык тармакка анча көңүл бурулбай калган. Буюрса жакынкы жылдарды мектеп, балдар бакчасы сыяктуу социалдык объекттер курулуп тургундарга пайдаланууга берилет. Биз бул үчүн бардык  аракеттерди  жумшайбыз”,-деди А.Кадырбаев.

   Шаардык кеңештин төрагасы У.Примов жергебизде ынтымак, бири-бирибизге болгон ишеним, колдоо жана  сый-урмат болсо биз көп нерсеге жетишебиз.Шаарда социалдык тармакты өнүктүрүү биздин негизги багытыбыз. Буюрса курулуш иштерин шаар күнүнө карата бүтүрүп пайдаланууга беребиз деген үмүттөбүз деп билдирди.

   -“Совет тарагандан бери биздин айылга эч кандай  социалдык объект курулган эмес. Мына азыр спорт зал, ашкана, актовый зал, балдар бакчасы да курулганы турат.  Шаар мэри жаңыдан шайланганда, элдин көйгөйлөрүн билүү максатында келип биз менен жолугушкан. Ошол жолугушууда биз ушул мектепке спорт зал, ашкана куруп беришин суранганбыз. Биздин сунушубузга көңүл буруп жардам берип жатканына аймактын тургундарынын баары абдан ыраазы”,-дейт айылдын аксакалы Мамашов Шермат.

 Ошондой эле, "Тээке" айылынын тургундары шаар мэрине ыраазычылык катын тапшырышты. 

   Жалпы аянты 577м2 түзгөн курулуш , спорт залдан сырткары актовый зал жана ашкананы камтыйт. Курулуштун тендердик баасы 13 711,9 миң сомду түзүп, “Унисервис АСТ”  ишканасы куруп жатат.

 

 

Рустам Султанов Жапалак айыл өкмөтүнүн Тээке айылынын тургуну болом. Ата энем өмүрүнүн акырына чейин Оштогу көрктөндүрүү чарба комбинатында иштеп он баласын тарбиялап кайтыш болушкан. Алардан кийин мен инилерим ушул чарба комбинатта 15 ,20 жылдан иштеп 2014 августан жумуштан кеткем. Сага айтайын дегеним биз жашап турган жер аянтыбыз чарба комбинатка караштуу Кенеш питомнигинин чет жайларынан жайгашкан. Атамдын үйүнө 50 жылдай болгон курулганына эки инимдин үйлөрүнө да 25 жылдай болгон. Дагы бир эки коңшулар бар. Аларга да 50 жылдан ашык жашап келе жатышат. Эми ушул жерлерибизди чарба комбинат тараптан ар турдуу органдары алып келип кайра кайра  өлчөштү. Андан кийин еле шаар мери Айтмамат ески тургундарга тийбей бар жеринерге кызыл документ кылгыла деди деп оздору бизге кабарлашып бар жерине документ кылышкан. Эми 2015 жылдын январ айында гос инспексиядан келдик зеленстрой фин полицияга кайрылган экен алар бизге кайрылып салынган уй жерлерди өлчөгөнү келдик деп өлчөп кетишти. Эми сот аркылуу чечилет деп түшүндүрдү. Мисалы өзүмдүн үй-бүлөмдө бир мүмкүнчүлүгү чектелген 2- группадагы иним ,бир турмуштан ажыраган карындашым , өзүмдүн беш балам бар. Берилген токтомдогу убактылуу пайдалансын деген жерлерибизге соттошот экенбиз .Менда 46 жаштамын. Мен эс тарткандан бери пайдаланып келе жаткан жерлер болсо, мен 2 - группадагы иниме, карындашыма  уй салып беришим керек болчу . Айгул Наватова эжебиз чоочуп аткан имиш кийин аны биро жерди сен саткансын деп айыптайт деп ушул иштерге барып жатат. Бул Эже 2014ж. 19.02 жетекчи болуп келген болсо 50-60 жылдык нерсени ал эжеден сурабаса керектир. Ушул биздин көйгөйдү карап берсеңиздер.

 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26