1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Бүгүн, 21-февраль күнү Ош шаарында жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын  журналист айымдары арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.  Ага  ЭлТР, Ош ТВ, “Ош Пирим”, “7-канал” жана  “Ынтымак”  телерадио мекемелеринин кыздар командалары катышышты.

Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады.

 “Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, башка аймактык кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү жана уюшумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Бүгүнкү оюнда да, сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар”,-деди А.Кадырбаев.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык  тартипте аныкталды.

Журналист айымдар арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште ОшТВ телекомпаниясы биринчи орунду алды. Экинчи орунду ЭлТРдин, үчүнчү орунду “Ынтымак” телерадиоканалынын кыздар командалары ээлешсе,  “Ош Пирим” төртүнчү, “7-канал” бешинчи орунду алды.

Оюнда адыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн,  “Мыкты оюнчу” номинациясы менен “Ынтымак” ТРКнын оюнчусу Адина Досумбетова, “Мыкты коргоочу” номинациясы менен ЭлТР МТРКнын оюнчусу Сманова Гүлвира, “Мыкты чабуулчу” номинациясы менен “7-каналдын” оюнчусу  Асанкан кызы Жайнагүл сыйланды. Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Ош Пирим” телеканалынын күйөрмандары “Мыкты күйөрман” номинациясына ээ болушту.

Мелдеш, күйөрман болуп келген журналист мырзаларга патриоттук сезим, майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 23-февраль –Мекен коргоочуларынын күнүнө карата уюштурулду.

Айта кетсек, 8-март – эл аралык аялдар күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген мырзалар арасында футбол өткөрүү, ага журналист айымдарды күйөрман катары чакыруу пландалууда.

Ошто 8-март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата 3-4-март күндөрү аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт.

 

Мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери  арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

 

“ Бул мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаарагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

 

 Иш-чара 3-4-март күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.

Табыштамалар (Заявки) 2016-жылдын 2-мартына чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.

Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

 

Урматтуу Ата Мекендин коргоочулары!

Сиздерди Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам өлкөнүн кайраттуу, күчтүү, чыныгы мекенчилдеринин майрамы катары саналат. Баарыбыз билгендей, армиябыз канчалык күчтүү болсо, сүйүктүү өлкөбүздөгү, шаарыбыздагы  орун алган тынчтык ошончолук бекем жана туруктуу болот.  

Кыргыз элибиз илгертен эле эр жигиттерге катуу талап коюп келген. Алар үй-бүлөнүн ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын гана үлгүсү болбостон, адамдарга сый мамилеси, ыймандуулугу менен да үлгү көрсөтүүгө тийиш. Үйүндө ынтымак, ырыскы өкүм сүргөн, чындык жана калыстык үчүн күрөшкөн, элине талыкпай эмгек кылган адам гана Ата Мекендин чыныгы коргоочусу боло алат.

Мен бардык аскер кызматчыларын, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин, алардын жубайларын, ата-энелерин жана өсүп келе жаткан муунду Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтыкты жана жакшылыкты, чың ден соолукту, ийгиликтерди, келечекке карай ишенимди жана алга карай умтулууну каалайм.

Бүгүн, 17-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №10 Курманжан-Датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту.  Жолугушууга шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Алгач А.Кадырбаев 2015-жылы шаардагы аткарылган жумуштар тууралуу тургундарга  кыскача маалымат берди.

 

 Андан соң  аймактык кеңештин жашоочулары калаа башчысына түз суроолорун, маселелерин, сунуш пикирлерин айтышып, жоопторун алышты.

Тургундар Н.Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрө  аталган аймактын тургундарына ыңгайлуу шаттарды түзөөрүн айтышып, курулуш иштеринин бүтөөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыгын  билдиришти.

 

 Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу багытында кандай иштер жүрүп жатканына кызыгып суроолорун беришти.

 

“ Быйылкы жылы электр энергиясын үнөмдөй турган 3300 светодиоддук чырактарды сатып алып, шаардын негизги көчөлөрүнө орнотобуз. Ал эми негизги көчөлөрдөгү учурда турган чырактарды башка көчөлөргө жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жайгаштырабыз”,-деп билдирди калаа башчысы.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундардын айткан маселерерин чечүү үчүн А.Кадырбаев тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. 

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги калаа тургундары менен жолугушуулары башталды. Кечээ, 16-февраль күнү №1 Туран аймактык кеңешинин  жашоочулары менен жолугуп, маселелерин угуп келди.

 Анда бул кезге чейин болгон жолугушуу жыйындарында айтылган маселелердин аткарылышы,  Ош шаарындагы 2015-жылдагы жетишкендиктер жана ушул жылга карата аткарылуучу иш пландар талкууланды.

Айтмамат Кадырбаев эл менен жолугушуп, алардын маселерин, сунуш пикирлерин угуу өтө маанилүү экендигин белгиледи.

 

“Шаар тургундары менен жолугушуунун негизги максаты, сиздердин социалдык, комуналдык маселелериңиздерди чечүү, сунуш пикирлериңиздерди угуу. Буга чейинки сиздер менен болгон жолугушууда үйлөрдө жылуулук системасын жандандырууну айткансыздар. Өткөн жылы калаада көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Шаарыбызда жаңы заманбап үлгүдөгү 13 модулдук откана жана 17 отказандар орнотулуп 34 көп кабаттуу үй жылуулук системасына уланды. Алардын катарында сиздердин Туран аймактык кеңеши да жылуулук менен камсыз болду. Мындан ары да сиздерге сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн болгон аракеттер  жумшалат”,-деди А.Кадырбаев.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаар жетекчисине оозеки жана кат аркылуу сунуштарын, маселелерин айтышып,  түз жоопторун алышты.

 

Айтылган маселерин А.Кадырбаев жеринде тиешелүү жетекчилерге аткарууга тапшырды.

 

Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.

 

Эскерте кетсек, бул кезге чейин шаардын баардык аймактарында төрт жолудан жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн динамикасы жана комплекстүү инфраструктуралык долбоорлордун, анын ичинде авто жолдорду жана көпүрөлөрдү куруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Айтмамат Кадырбаев ошондой эле жылуулук берүүчү сезондун ийгиликтүү өтүп жатканы жөнүндө да баяндап берди.

Ош шаарынын мэри быйыл аяктаганы турган түштүк борборду таза суу менен камсыз кылуу системасын модернизациялоо боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдары шаар тургундары үчүн ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүүгө багытталган Ош шаарын инфраструктуралык өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери чечилгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы түштүк борборду мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга байланыштуу Ош шаарынын мэрине бир катар тапшырмаларды берди.

Бүгүн, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди үнчыкпай эскеришти.

 “ Бүгүнкү күндө Ош шаарында 422 интернационалист жоокер жашайт. алардын ичинен төртөө согуштун майыбы. Ооган согушунан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө, катышуучуларына  мамлекет, мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет, бирок булардын кайгысын, муңун эч нерсе менен толтура албайсың, ошондой болсо да бул-үй бүлөлөр өздөрүнүн кайтпай калган эр азаматтары менен сыймыктанышса болот,себеби  алар кан майданда Ата Мекендин буйругун аткарып жатып баатырларча курман болушту”,-деди З.Аскаров.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 27 жылдыгынын урматына  20дан ашуун интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан сырткары, Афганистан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары  ыйгарылды.

Ошондой эле, жаш жоокерлер  Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанатту марш менен өтүштү.

Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.

Бүгүн, 11-февраль күнү шаардык мэриянын жыйындар залында Ош шаарында Тарых жана маданият жылын жогорку деңгээлде уюштурап өткөрүү боюнча  атайын жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов,  шаарда эмгектенген  белгилүү тарыхчылар, этнографтар, маданият жана искусство чеберлери, билим берүү жана илимди өнүктүрүүдө салым кошкон  тажрыйбалуу кызматкерлер, белгилүү коомдук ишмерлер, туризм жана спорт тармагынын адистеринен турган жумушчу топ катышышты.

 

И.Эргешов Тарых жана маданият жылы абдан маанилүү жыл экендигин белгилеп, кыргыз элинин, Ош шаарынын тарыхын даңктоо менен эгемендикти бекемдөө үчүн баары биримдикте иш  алып баруу керек экендигин билдирди.

“ Быйылкы жылы бул багытта шаарыбызда өткөрүүчү жумуштар көп. Негизги максат, өлкөбүздүн, шаарыбыздын тарыхын, маданиятын изилдөө жана жайылтуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө болуп эсептелет. Ошону менен катар элибизде, өзгөчө жаштарды бийик адеп-ыймандуулукка үнөө үчүн жаңы багыттарды түзүү, чөйрөдө терс көрүнүштөрдү жана жасалма үрп- адаттарды жоюуга өбөлгө болгон салттуу маданияттын жакшы өрнөктөрүн жана багыттарын кеңири жайылтуу керек”,-деди И.Эргешов.

 

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн чыгармачыл жумушчу топтун курамы Тарых жана маданият жылын жогорку деңгээлде өткөрүү иш планы боюнча концепцияны, комплекстүү иш- пландын долбоорун талкуулашты.

 

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгы жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү маалымдалды.

Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин III чакырылышынынын кезексиз 37-сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, жергиликтүү депутаттар жана бардык мекеме-ишканалардын жетечилери катышышты.

Сессиянын күн тартибине 19 маселе коюлуп, кеңири талкууланды.

Алгач Ош шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга божомолун бекитүү жөнүндө биринчи вице-мэр З.Аскаров маалымат берди.

 

Ош  шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016 -жылга болгон долбоору жөнүндө Замирбек Аскаровдун берген маалыматы

 

   Бюджеттин киреше бөлүгү:

2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 1 034 759,0 миң сомго аныкталды, анын ичинен:

- салык кирешелери  874 563,0 миң сомду (84,5% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- салык эмес кирешелери  59 900,0 миң сомду (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 100 296,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттен) түздү.

  2015-жылдын бекителген бюджетинин киреше бөлүгүнө салыштырмалуу  104 095,7  миң сомго көбөйүп, өсүү темпи 111,2% түздү.

«Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилген:

- Киреше салыгы - 50 %;

- Сатуудан алынуучу салыгы- 50  %;

- Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50 %;

- Жер салыктары,  мүлк салыгы, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, чакан ишкердиктин субөектилери үчүн бирдиктүү салык -100 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калат.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

Бюджеттин чыгашалар  бөлүгү 2016-жылга  1 034 759,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2015-жылга салыштырмалуу 104 095,7 миң сомго өсүшү менен каралууда  (111,2%).

 2016-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн

- 39,9% социалдык маданий тармак,

- 36,8%  турак жай жана коммуналдык чарба,

- 11,5% экономикалык маселелер,

- 11,1% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

- 0,7 % коргонуу  тармагы түзөт.

     Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тармагына кетүүчү чыгымдар 2016-жылга 116 357,6 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө.

Бул тармактан негизинен муниципалдык, мамлекеттик мекемелердин аппараттары каржыланат жана тышкы кредиттерди төлөөгө, мериянын резервдин фондуна акча каражаты каралат.

2015-жылга салыштырмалуу бул тармакка акча каражаты 16 622,8 миң сом өлчөмүндө көп каралууда, анын  ичинен:

-эмгек акы  жана Социалдык фондко чегерүүгө – 4 903,5 миң сом, мэриянын аппаратына 2016-жылдын 1-январынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 токтомунун негизинде кошумча штаттык бирдиктер киргизилгендигине жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 токтоктомунун негизинде архив кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу;

- тышкы кредиттерге – 11 500,0 миң сом, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо жана  Эл аралык банктары  аркылуу шаардын жолдорун оңдоого, шаарды таза суу менен камсыз кылууга  жана муниципалдык коомдук автотранспортторду (автобус, троллейбус) сатып алууга алынган кредиттерди төлөөгө.

- мэриянын резервдин фондуна - 700,0 миң сом бюджеттин көлөмүнө ылайык каралууда.

Билим берүү

Билим берүү  тармагынын курамына 49 орто мектеп, 2 мектеп-интернаты, 2 толук эмес мектеп, 5 спорт мектеби, 35 балдар бакчасы, 1 усулкана, 2 балдар үйү, 2 балдар менен мектептен сырткары иш жүргүзүү мекемеси,  2 борборлоштурулган бухгалтерия  кирет. Баардыгы болуп мектептерде 55244 окуучу жана бала бакчаларда 12 796 бала тарбияланат.

            Билим берүү тармагына 2016-жылга 319127,4  миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, 2015-жылга салыштырмалуу 4 483,0 миң сомго көбөйүүдө.

Көбөйүшүнүн негизги себеби:

- мектептердеги балдардын тамак-ашка кетүүчү чыгымдарына 1-январдан 7 сомдон, 1-сентябрдан  7 сомдон 10 сомго көтөрүлүп – 6 469,0 миң сомго, бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар -7 283,0 миң сомго, №11 мектеп интернатынын балдарына тамак-ашына  – 492,0  миң сомго (жатып окуучу балдардын саны 100 балага көбөйүүдө), коммуналдык төлөмдөргө – 7 730,4 миң сомго (интернет, жылуулук энергиясына, сууга) көп каралды.

Ошону менен бирге мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө компенсацияга – 9 708,0  миң сом   бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каралууда.

Турак жай жана коммуналдык чарба тармагына (капиталдык курулуш, жолдорду ондоо, шаарды жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана жарыктандырууга, аймактык кенештерди кармоого) 381 069,0  миң сом акча каражаты белгиленди, же болбосо 2015-жылга салыштырмалуу 73 235,1 миң сомго көбөйүүдө.

- Ош шаарынын жашылдындыруу жана көрктөндүрүү комбинатына 84 157,2  миң сом, 2015-жылга салыштырмалуу 11 857,9 миң сомго көп каралууда (кошумча 60 шаттык бирдикти кармоого, жумушчулардын эмгек акысынын жогорулашына 8800 сомдон 9800 сомго жана шаардагы скверлерди, парктарды оңдоого);

- шаардын көчөлөрүн  жарык менен камсыз кылууга – 81 723,4 миң сом, 2015-жылга салыштырмалуу 58 777,6 миң сомго көп каралууда, анын ичинен  шаардын көчөлөрүнө электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды орнотууга – 51 000,0 миң сом,   2015-жылы  кошумча жарыктандырылган көчөлөрдүн  электр энергиясына – 5 500,0 миң сом,  жабдыктарды алууга    (столба, кобра) – 1 000,0 миң сом,  административдик имараттын чатырын оңдоого – 500,0 миң сом;

-Жарандарды тейлөө борборуна – 7 691,8 миң сом;

-Аймактык Кенештерди каржылоого- 17 752,7 миң сом;

-Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментин каржылоого – 3 089,4 миң сом;

- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына 8 709,3  миң сом каралды;

-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 70 870,8 миң сом;

- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына  - 86 447,2  миң сом;

- «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасына – 20 627,2 миң сом каралууда. 2015-жылы республикалык бюджеттен  алган бюджеттик ссуданы кайтарууга каралды.

Маданият жана спорт тармагы

Бул тармакта 1 айылдык маданият үйү, 1 борбордук китепкана жана анын 12 филиалы, 1 фольклордук группа, 1 спорттук медицина жана калыбына келтирүү борбору, 1 борборлоштурулган бухгалтерия жана маданият башкармалыгы, спорт, жаштар комитеттеринин аппараттары, спорт, маданият, жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чаралар каржыланат  жана ошондой эле Алай футболдук клубуна, Ош шамы гезитине субсидия каралат.

            Маданият жана спорт тармагын  каржылоого 2016-жылга -  71 703,0 миң сом акча каражаты каралып, өткөн жылга салыштырмалуу 414,6 миң сомго көбөйүүдө.

2016-жылга   Алай    футболдук клубуна субсидияга акча каражаты 4 200,0 миң сом өлчөмүндө көп каралууда.

Ал эми шаарды ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө акча каражаты 3601,8 миң сом өлчөмүндө аз каралууда (2015-жылы Ош шаары шериктеш  мамлекеттердин маданий борбору иш-чарасын өткөрүүгө акча каражаты каралгандыгына байланыштуу).

Социалдык коргоо тармагына 2016-жылга 20 827,9 миң сом  өлчөмүндө акча каражаты каралды, өткөн жылга салыштырмалуу 1 031,2 миң сомго өсүш менен каралууда, анын ичинен;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы №480 токтомунун негизинде Боорукердик үй-интернатынын кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына – 827,3 миң сом;

-  коммуналдык  кызмат көрсөтүү  беренелерине (байланыш кызматы, сууга жана жылуулукка)  -190,0 миң сом. 

            Экономикалык маселелер боюнча тармагына   – 118 658,5 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2015-жылга салыштырмалуу 8 131,6  миң сомго көбөйүүдө.

- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына жеңилдерден пайдалып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысына жеңилдиктерге  – 17 000,0  миң сом каралып, 2015-жылга салыштырмалуу 1 000,0 миң сомго көбөйдү (жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүчү  жарандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу);  

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгын каржылоого – 4466,7 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына – 60 000,0 миң сом;

-«Сүт ишканасы» муниципалдык ишканасына – 2 000,0 миң сом;

             - «Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык  ишканасына – 35 191,8 миң сом каралып, бюджеттен берилүүчү субсидия  2015-жылга салыштырмалуу   11 560,8 миң сомго көбөйдү (2016-жылдын 1-январынан кошумча 70 штаттык бирдик (шыпыргычтар) киргизилди жана ошондой эле  жумушчуларынын эмгек акысы  8000 сомдон 9800 сомго жогорулады).

Коргонуу тармагына 2016-жылга  7015,6 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленди, анын ичинен;

- Ош шаардык аскер комиссариатынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акы жана Социалдык фондо чегерүү беренелерине,  комуналдык төлөмдөргө (суу, электр жана жылуулук энергиясына) жана ошондой     эле    жарандарды аскердик кызматка чакырууга (призыв граждан) – 3 522,6 миң сом;

- Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын каржылоого – 1 493,0 миң сом;

-стратегиялык чыгымдарга (ЧС) – 2 000,0 миң сом каралууда.

Бүгүн, 8-январь күнү Ош шаарындагы Жолон Мамытов атындагы журналисттер аллеясына арчалар эгилди. Ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган бардык мекеме ишканалардын жетекчилери менен кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышып арчаларды отургузушту.

 

Шаар мэри жаңы отургузулган жашыл арчалар аталган аллеяны  гана жашылдантып, көрккө бөлөбөстөн, Ош шаарынын көркүнө көрк берээрин белгиледи.

 

“ Жаздын бир күнү бир жылга тете демекчи учурда шаарыбызды көрктөндүрүү максатында көчөт отургузууну баштадык. Өткөн жылы шаарыбызда жеңиштин 70  жылдыгына арнап 70 миң түп бак-дарак эккенбиз.Быйылкы жылы 100 миң түп бак-дарак орнотууну пландап жатабыз. Ошондой эле 2015-жылы 450 миң түп гүл көчөттөрүн эгүүнү пландаган болсок, иш жүзүндө 600 миң түп гүл эктик. Быйылкы жылы да  Ош шаарыбызды жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн бак дарак, гүлдөрдүн түрүн жана санын көбөйтөбүз”,-деди А.Кадырбаев.

 

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова - “Жолон Мамытов атындагы журналисттер аллеясына 2013-жылдан баштап көчөт эгилет. Жалпысынан  2000ге жакын арчалар эгилген . Өткөн жылы жолдун сол жагына 200 арча эккенбиз, бүгүн 250 даана арча көчөттөрүн атайын токой чарбаларынан сатып алып жолдун  оң  тарабына отургузуп жатабыз. Жакынкы жылдарда аталган аллеяга отургучтарды, жарыктандырууну орнотуп тургундар үчүн эс алуу багына айландырабыз.”,-деп билдирди.

 

Жолон Мамытов (1940-жылдын 1-апрели, Ош облусундагы Кара-Суурайонунунун Төлөйкөн айылы - 1988-жылдын 7-марты, Бишкек шаары) - кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүү акыны. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26