1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Табигый кырсыктан жабыр  тарткан жарандарга жардам катары Россия Федерациясынан жана Азербайджан Республикасынан   тамак-аш азык т\р\ндъ гуманитардык жардам келген. Ош шаардык мэриясынын протоколдук чечими менен шаарыбыздагы жабыр тарткан 107 жарандарга б\г\н гуманитардык  жардам  берилди.

Калаа башчысы А.Кадырбаев шаар бийлигинин жана  жабыр тарткандардын  атынан  шаар  тургундарына жакындан къмък кърсъткън  Россия Федерациясынын жана Азербайджан Республикасынын расмий  бийлик ък\лдър\нъ терен ыраазычылыгын билдирди.

 Эске салсак, ъткън жылдын  17-20-ноябрь к\ндър\ Ош облусунда жана Ош шаарында  к\ч\ 6 баллга жеткен  жер титиръъ катталып, Ош шаардык мэриясы тарабынан  жер титиръъ кырсыгынан жабыр тарткан обьектилерди аныктоо боюнча жарандык коргонуу комиссиясы  т\з\лгън. Кырсыктын кесепеттерин  иликтъъ иштери 4 этапка бъл\н\п,  265 социалдык обьекттер жана  жеке турак-жайлар кароодон ъткър\лгън. Жыйынтыгында  55 жарандын турак-жайлары 3-даражада, 34 жеке турак- жайлар 4-даражада жана Ленин къчъс\ндъг\ №315- къп кабаттуу \й кооптуу деп аныкталып,  жалпысынан 107 турак- жайлар жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан бекитилген.

Бүгүн, 5-март күнү  Ош шаарынын борбордук аянтында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери,  калаанын тургундары, жаштар катышышты.

Шаар мэри Ак калпак күнү мекенчил жаштарды тарбиялоо, улуттук каада-салттарды, кийимдерди, алардын ичинен кийимдердин эң ыйыгы болгон Ак калпактын өзгөчөлүктөрүн даңазалоо иретинде майрамдалып жатканын билдирип, жалпы кыргыз элин шаардыктарды майрамдары менен куттуктады.

“Калпак ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк, бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, көрк катары маанилүү шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү.бүгүн бизди өзгөчө кубандырган нерсе бул салтанатка шаарыбыздын кырчын курак эр азаматтары улуттук улуу наркыбызды сактап, өздөрүнүн жашына шайкеш келген жарашыктуу Ак калпактарын кийишип, патриоттук дух менен сезим козгоп тургандыгын айтууга болот. Жалпы кызгыз элин,шаардыктардыАк калпак күнү менен куттуктайм, желегибиз дайыма желбиреп, туубуз бийик болсун, башыбыздан ал калпагыбыз түшпөсүн”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын негизинде борбордук аянтта мекенчил-патриоттук ырлар жаңырып, 500дөн ашуун мырзалар Ак калпакты, Ак мөңгүлүү тоону, боз үйдү чагылдырган массалык-хореографиялык бийлерди көрсөтүштү.

Ошондой эле калаа башчысы А.Кадырбаев Кыргызстандын, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, ардагерлерине, илим, билим жана маданият кызматкерлерине, жетекчилер, ММКнын өкүлдөрүнө, жаштар жана мектеп окуучуларына ак калпак күнү менен куттуктап калпактарды кийгизди.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, беш жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат. 

8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясында 5-март күнү  майрамдык салтанат болуп өттү. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык  кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери жана коомдук ишмерлер катышышты.

 

Калаа башчысы аялзаты – махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө экенин белгилеп, жалпы айымдарды куттуктады.

 

“Аялзаты  бар болгон үчүн дүйнө кооз, жашоо керемет, турмушубуз шаңдуу эмеспи.  Турмуштун түмөн түйшүктөрү менен оош-кыйыштарын дал аялзатынын сабырдуулугунун жана даанышмандыгынын шарапаты менен жеңип келүүдөбүз.

Мамлекетибиз  жаңыдан бутка туруп, өсүп-өнүү жолунда бараткан  дал  ушул  мезгилде аялдардын ролу ого бетер артууда. Акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз коомубуздун  бардык тармактарында үзүрлүү иштеп кележатышат. Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү негизги жүк да  биздин энелерибиздин, аялдарыбыздын, кыздарыбыздын назик ийинине түшүп жатканын, албетте, баса белгилеп кетким келет. Көбүңүздөр салттуу түрдө эркектерге таандык деп эсептелген жооптуу кызматтарда иштеп, бул жумуштарды эркектерден кем эмес, керек болсо алардан да мыктыраак аткарып жатасыздар. Бир сөз менен айтканда,  мен  ордолуу Ош шаарынын  айымдары менен сыймыктанамын. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт.

Өлкөбүздүн, анын ичинде  ордо каалабыз Ош шаарынын  туруктуу өнүгүүсүн
ө жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үй-бүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөөгө, жаш муунду тарбиялоого, калктын денсоолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдарды, аялдар уюмдарыны мындан да  жигердүү аракеттенүүгөчакырамын.

Кымбаттуу мээрбан апалар жана эже-карындаштар  бүгүнкү жаз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Сиздерге таазим этүү менен  Жаз майрамы тартуулаган  бүгүнкү жаркын маанайыңыздар  жүзүңүздөрдөн жыл бою кетпесин!”-деди А.Кадырбаев.

 

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө калаа башчысы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары менен 40 тан ашуун жана баалуу белектер менен 500 гө жакын айымдар сыйланды.

 

Ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Аланов аялдарды эл аралык майрамы менен куттуктап , Ош шаардык кеңешинин Ардак грамота жана баалуу белектерин тапшырды.

 

Иш-чара эстрада ырчыларынын коштоосундагы  атайын майрамдык концерт менен коштолду.

 

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол  мелдеши жыйынтыкталды.

Мелдешке калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев күбө болуп, катышуучуларды аялзатынын майрамы менен куттуктады.

“Спорт таймашы мөрөй талаш катары эмес, мекеме-ишканалардын айымдарынын ортосундагы достук, биримдик, ынтымак майрамы катары мыкты деңгээлде өттү ”,-деди А.Кадырбаев.

 

Мелдешке жалпысынан 21 команда катышып, эки топко бөлүнүп өткөрүлдү.

 

1-топ, Ош шаарында жайгашкан  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында биринчи орунду Ош МУнун, экинчи орунду Юридикалык академиянын, үчүнчү орунду шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдери ээлешти.

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери  арасында өткөн мелдеште 1-орунду ОшМУнун, 2-орунду ОшТУнун, 3-орунду Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектеби камсыз кылды.

 

Жеңишке жеткен командаларга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев  диплом, кубокторду жана баалуу белектерди тапшырды.

Бүгүн  Н.Исанов көчөсү менен Ленин  көчөсүн бириктирген көпүрөнүн курулушуна капсула  салуу аземи болду.

 

Узундугу 36 метр, туурасы көпүрөнүн эки тарабындагы жөө жүрүүчүлөр үчүн жолду кошкондо 22метр, ал эми жолдун узундугу 454 метр болгон  көпүрө менен жолдун сметалык басы  73351,5 млн сомду түзөт.

-Жалпыга маалым болгондой А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдалануунун эсебинен үнөмдөлгөн 105,0 млн. сомго дал ушул көпүрөнүн курулушу башталды. Тендерди ачык айкын өткөрүүнүн натыйжасында бул көпүрөдөн дагы 20,0-25,0 млн. сом акча каражатын үнөмдөп, аталган каражатка «Тилеке-баатыр» көчөсүнөн «Сай бою» көчөсүнө өтүүчү дагы бир көпүрөнүн курулушун башталмакчы- деди калаа башчысы А.Кадырбаев.

Эске салсак көпүрөнү куруу  боюнча тендерге катышкан жети курулуш уюмунун ичинен «СуТранспромжилстрой» жоопкерчилиги чектелген кому  43,6 млн. сомдук тендердик баа менен утуп,курулуш иштерин  кызуу жүргүзүүдө. Буюрса аталган көпүрөнүн  курулушу үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында аякташы пландалган.

Шаардыктар үчүн өзгөчө манилүү окуяга   белгилүү коомдук ишмерлер, ардагерлер, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, шаар  тургундары жана коноктору катышты.

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши башталды. Мелдешти калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, катышуучуларды аялзатынын эл аралык майрамдары менен куттуктады.

 

“Биздин айымдарыбыз бүгүнкү күндө коомдук жана мамлекеттик турмуштун көч башында болуу менен, өздөрүнүн лидердик касиеттерин, талантын, шыгын татыктуу көрсөтүп келүүдө. Бүгүнкү спортту даңазалаган иш-чара буга далил. Сиздер менен кызмат талаасында эмес спорт аянтчасында жолугушуп жатканыбыздын мааниси да өзгөчө. Анткени, буга чейин сиздерди кызмат ордуңуздарда эмгектенгениңиздерди билсек, бүгүн топ ойноп, намыс талашкан учурда кездешип олтурабыз. Ошондуктан спорт таймашын мөрөй талаш катары эмес, мекеме-ишканалардын айымдарынын ортосундагы достук, биримдик, ынтымак майрамы катары кабыл алып, ийгиликтерди жаратыңыздар”,-деди А.Кадырбаев.

Мелдешке жалпысынан 21 команда катышып, эки топко бөлүнүп өткөрүлүүдө:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу  мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери  арасында.

 “ Бул мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаарагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

 

Оюндун финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынган күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскер жоокерлери, калаа тургундары жана студенттер катышышты.

Калаа башчысы  жалпы кыргыз элин, шаардыктарды 3-март – Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктады.

“Мамлекеттик Туу бул  өзгөчө ыйык символ болуп саналат.  Анткени, жаш жоокерлер тууну өөп ант берсе,  жогорку мартабалуу бийлик органдарынын  өкүлдөрү эл алдында расмий ант берген учурда колдолунат. Ошондой эле, туубуз 24 жыл ичинде республикалык жана дүйнөлүк ар кандай маанидеги иш-чараларда такай көтөрүлүп келүүдө. Мен айтаар элем: Ылайым элибиз ар дайым бүтүн болсун, элибиз эркин болсун, биздин ыйык Туубуз  Кыргызстанда жашаган баардык улуттарды бириктирип турсун. Элибиз айтат: «ынтымактуу элден ырыс кетпейт» - деп, Мамлекеттик Туубуз ар дайым биздин жеңиштерди дүйнө жүзүнө даңазалап,  желбирей берсин! Кайсы улуттун өкүлдөрү болсок да бири-бирибизди урматтап, сыйлап, Эгемендүү Мамлекетибиздин Туусун ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү кийинки муундарга бөксөртпөй үлгү катары өткөрөлү. Жергебизде тынчтыктын, эркиндиктин Туусу бекем орноп, элибизде ынтымактын, достуктун түбөлүк сакталышына тилектештигимди билдирем”,-деди А.Кадырбаев.

1992-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Легендарлуу Парламенти тарабынан  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  Туусу  бекитилген.  Мамлекеттик  Туу  алгачкы жолу борбор шаар Бишкекте  Өкмөт үйүнүн чатырына 1992- жылдын 5- мартында орнотулган. Ал эми Ош шаарында  6-март күнү  борбордук аянтта көтөрүлгөн.

Айта кетсек, шаар мэри А.Кадырбаевдин тапшырмасы менен мамлекеттик туу күнүнө карата Ош шаарындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жамаатарына атайын жыйындарды өткөрүү, алардын алдында орнотулган КРнын жана Ош шаарынын желегин жаңылоо, айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн, 1-март күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Россия жергесинде эрдик көрсөткөн Марат Исаевди, атасы Орозмат Исаев менен апасы Дамира Уметкулованы кабыл алды.

А.Кадырбаев кыргыз улутуна таандык баатырдык сапатын,баа жеткис адамгерчилигин дүйнөгө даңазалаган Мараттын эрдиги келечек муундар үчүн табылгыс үлгү катары бааланат деп билдирди.

“ Мараттын бул жаратмандыгы ийгиликке карай алгачкы чыйыр жолу. Мындан ары да бир топ ийгиликтери, адамдык баалуу табылгалары менен бизди сыймыкка бөлөп, Мекен даңкын чыгарган , элибиздин бакубат келечеги үчүн, татыктуу салым кошкон мыкты инсан болушуна терең ишенебиз. Анткени Мараттын эрдигинин пайдубалы сиздердей мээримдүү ата-эненин жана окуткан мугалимдеринин тарбия-таалими менен ордолуу Ош шаарынан түптөлүп, тайманбастык мүнөзү, чечкиндүүгүгү мугалимдик кесипти аркалаган  жөнөкөй кыргыз үй-бүлөсүнөн берилип жатат.

Мараттай акылы тунук, зирек уулду жарык дүйнөгө жаратып, татыктуу тарбия бергениңиздер үчүн, Сиздерге Ош шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”,-деди А.Кадырбаев.

Өз кезегинде М.Исаев шаар мэринин жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирип, жасаган эрдиги тууралуу ой бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Марат Исаевге жана ата-энесине Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчасы менен  баалуу белектерин тапшырды.

Эске салсак, 2016-жылы 11-февралда Москвадагы “Красносельская” метросунда рельстерге аял эстен танып кулап түшкөндө, Кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, аялды куткарып калышкан.

Среда, 24 Февраль 2016 12:56

Ошто дагы бир көпүрө курулат

Бул тууралуу  24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  №3 “Сулайман-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушуусунда  билдирди. Жолугушууда калаа башчысы жергиликтүү тургундарга 2015-жылы аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип, ушул жылы пландалган иштер менен ой бөлүштү.

“ Шаарыбызды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч аракеттер жумшалууда. Акыркы эки жылда калаабызда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Алардын катарында Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына Курманжан-Датка аймактык кеңеши менен Туран аймагын бириктирген көпүрөнүн курулушун баштаганбыз.  Анын жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзүп, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акчага, шаардагы борбордук стадиондун аймагында Сай-Бою көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүн бириктирген дагы бир чоң көпүрө курулат. Биздин максат курулуштарга тендерлерди өткөрүү менен акча каражатын үнөмдөп, сапаттуу бүтүрүү, каражатты туура пайдалануу”,-деп билдирди А.Кадырбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаар жетекчисине оозеки жана кат аркылуу сунуштарын, маселелерин айтышып,  түз жоопторун алышты.

 

Айтылган маселерин А.Кадырбаев жеринде тиешелүү жетекчилерге аткарууга тапшырды.

 

Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык кеңештерде уланат.

 

Эскерте кетсек, бул кезге чейин шаардын баардык аймактарында төрт жолудан жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып келет.

Бүгүн, 25-февраль күнү, Ош шаарынын чоң жыйындар залында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылда аткарган жана 2016-жылда аткарылуучу иш аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  боюнча активдин жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, КРнын бардык тармактар боюнча министрлери, шаардагы мекеме ишканалардын,облус жана райондордун жетекчилери катышышты.

 

КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жолугушуунун максаты жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөрдү угуу менен, айтылган маселелерди жетекчилер, коомдун  активдери менен бирге талкуулоо деп билдирди.

 

 Жыйындын жүрүшүндө министрлер бардык тармактар боюнча 2015-жылы аткарылган жумуштар жана 2016-жылы аткарыла турган иш пландар тууралуу маалымат беришти.

Катышуучулар өкмөт мүчөлөрүнө кагаз жана оозеки түрүндө суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун алышты.

 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26