1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Бүгүн, 27-мартта Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо болду. Эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелеринде добуш берүү саат 20:00дө токтотулду.

Алдын ала маалымат боюнча Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоого шайлоочулардын 60% катышты. Бул тууралуу пресс-конференцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

“ Кыргызстанда бүгүнкү шайлоо штаттык режимде өттү.  Жалпысынан бул шайлоого 274 миң шайлоочу катталган. Ошто кечки саат сегизге алынган маалыматка караганда, 117 миң 752 шайлоочунун 70 миң 651и добуш берди. Кыргызстанда бүгүн жергиликтүү шайлоо маалында биометрикалык каттоодон улам добуш бере албай калгандар боюнча көрсөткүч 0,15% болду. Болжол менен айтканда ар бир 2000 шайлоочунун үчөө боюнча тизмеде бар, бирок бармак изин идентификациялоодо маселе жаралды. Одоно мыйзам бузуулар же үзгүлтүккө учуроо болгон жок”,-деди Т.Сарпашев.

 

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-мартта Кыргызстандагы 6 шаарда жана 21 айыл аймакта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын жарыялады.

Саат 20:35ке карата добуштардын жыйынтынгы:

- КСДП — 16 миң 599 добуш;

- «Кыргызстан» - 9 миң 250;

- «Мекеним Кыргызстан» - 6 миң 36;

- «Республика — Ата Журт» - 5 миң 346;

- «Бир Бол» - 4 миң 623;

- «Өнүгүү Прогресс» - 4 миң 314;

- Демократ» - 2 миң 539;

- «Ата Мекен» - 2 миң 309;

- «Ата Журт» - 1 миң 821;

- «Эмгек» - 538;

- «Кыргызстандын коммунисттер партиясы» - 196;

- «Күч биримдикте» - 162;

- «Аалам» - 151.

Ош шаардык кеңештеги 45 орун үчүн 13 партия ат салышты. Белгилей кетсек, жети пайыздык босогону өткөн гана партияларга мандат берилет.

Добуштарды эсептөө уланууда.

Кечээ, 20-мартта “Нооруз-2016” майрамынын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында улуттук аркан тартыш, таш көтөрүү, ордо, кол күрөш, тогуз коргоол оюндары болду. Ага улай  «Мээрим» эс алуу жайында Нооруз майрамын утурлай кадыр түн кечеси уюштурулду.

Анда алты бакан селкинчек салынып, кыргыздын салттуу ырлары ырдалды.  Аны менен катар сүмөлөк кайнатылып, концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, жетекчилер, шаар тургундары, жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдер жамааты, студенттери,мектеп жана бала бакча мугалимдери, окуучулар катышты.

 Мындан сырткары, борбордук аянтта жогорку окуу жайлардын факультеттери кыргыздын унутта калып бара жаткан каада-салттарын, ырым-жырымдарын сахналаштырып көрсөтүштү. Иш-чара борбордук аянтта заманбап ырлардын коштоосунда жаштар бийи менен аяктады.

 Ош шаарында 21-март -Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленда. Ага  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлүТаалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Кытай Эл Республикасынын,  Россия Федерациясынын , Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.


-“Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз “Ноорузду”  дайыма жаздын, эмгектин,  биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары  майрамдап келген.“Нооруз” байыртадан эле – жаңы башаттардын башталышы болгон. Анткени жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер  бүчүр ачат. Жашоо уланат. “Ноорузда”, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейли. Ылайым бул күндүн  урматына ар бир инсандын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! 

 Ушул жылы касиеттүү Кыргызстаныбызда анын  ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз  токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин!  Жалпы кыргыз эллин  кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!”-деди калаа башчысы А.Кадырбаев куттуктоо  сөзүндө.

 

Салтанаттуу иш-чаранын негизинде, шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, ар түрдүү улуттардын каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, улуттардын жана элдердин каада-салттары, ыр-бийлер уюштурулду.

 

Ага улай  “Биздин күчүбүз- биримдикте” ураанынын астында ар улуттардын жана диаспаралардын достугун даңазалагантеатралдаштырылган концерттик программа болуп,  “Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге жалпы майрамдын катышуучуларына  сүмөлөк таратылды.

Борбордук аянтта аталган элдик майрамдын урматына “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин жана аймактык кеңештердин өнөрпоздорунун катышуусунда концерт тартууланды.

 

Майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

 

Мындан сырткары, шаар ичиндеги  майрамдык аянттар, эс алуу жана  сейил бактар  майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алышууда. Ошондой эле шаардын аймактык  кеңештеринде  «Нооруз-2016» элдик майрамы көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктордун коштоосунда өтүүдө.

 

    Ордолуу Ош шаарында  «Нооруз-2016» элдик майрамына  уюшкандыкта даярдык көрүү жана өткөрүү максатында шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен   уюштуруу тобу түзүлүп, иш-чаралар бекитилген.

     

    Аталган  иш-чаранын алкагында   шаар ичи,  майрамдык аянттар, эс алуу жана  сейил бактары  майрам шаанисинде жасалгалануу зарылдыгы  табышталды. Ошондой эле аймактык  кеңештердин төрагаларына  шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте «Нооруз-2016» элдик майрамын элдик көөнөрбөс каада-салттарга ылайык өткөрүү милдеттендирилди.

 

      Шаардын борбордук аянтында аталган элдик майрамдын урматына “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүүгө, майрамдык концерт тартуулоого, «Эне» жөнүндө ырлардын, «Биз таланттарды издейбиз», «Эң мыкты  элдик бий жамааты»  «Эң мыкты  азем бийи»,  «Балдар  тарткан эң мыкты сүрөт»  конкурстарын өткөрүүгө кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. Ошондой эле  борбордук аянтта «Кадыр түн» тосуу каадасын өткөрүү максатында  сегиз канат, алты канат  боз үйлөр  тигилип, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер  уюштурулуп, жаштар үчүн дискотекаларды өткөрүлөт. Эс –алуу парктарында аткракциондук оюндарды  уюштуруу жана жалпы эс алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу  иштери жүрүүдө.

 

Мындан сырткары, шаар ичин  жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн, көчөттөрдү отургузуунун  жана  санитардык тазалоонун эки айлыгы жарыяланып сапаттуу уюштуруу  керектиги эске алынды.

Бүгүн, 15-мартта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Ачкычтарды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана үй-бүлөлөрү катышты.

Шаар мэри жаңы батир алып жаткан кызматкерлерди куттуктап, ар бир күч түзүмдөрдүн башчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.

 

“ Өлкөбүздүн соңку тарыхында мамлекет тарабынан үй куруу, үйгө муктаж жарандарга үй берүү деген түшүнүк унутулуп бара жаткан. Бирок, акыркы эки-үч жылдан бери КРнын Президентинин демилгеси жана аркакети менен бул маселе ордунан козголуп, үйлөр курулуп, кызматтык батирлер берилип, ипотекалык система жөнгө салына баштады. СССР деп аталган кубаттуу мамлекеттин мезгилинде деле күч түзүмдөрүнө бир мезгилде мынча батыр берилген эмес. Буюрса, бул багыттагы жумуштар мындан ары да улантылуу менен, жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар”,-деди А.Кадырбаев.

 Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 1-2-3 бөлмөлүү жалпы 206 кызматтык батир берилди. Анын ичинен ИИМдин кызматкерлерине-60, Коргоо министрлине-33, ӨКМ-15, УКМК-30, Чек ара кызматына-33, Мамлекеттик баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынына-10, Улуттук гвардияга-14, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине-11. Үйлөр шаардын “Манас-Ата” жана “Достук” аймактарында жайгашкан.

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гулбаар-Төлөйкөн айылындагы 90 орундуу балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаев, жогорку кеңештин депутаттары Улан Примов, Абдувахаб Нурбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Шаар мэри А.Кадырбаев бала бакчага муктаждардын саны көп болгондуктан, балдар бакчаларын курууга өзгөчө басым жасалып жаткандыгын билдирди.

- “Жапалак” айылдык башкармалыгынын аймагында акыркы эки жылда эле жалпы суммасы 134 млн. сомдук 12 социалдык обьект курулган. Анын ичинен 7 обьект пайдаланууга берилсе, 5 обьектте курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын катарына жаңы ачылып жаткан  бала бакчанын курулушу да кошулат.

     Азыркы учурда Ош шаарында 31 мамлекеттик, 22 менчик балдар бакчасы иштеп жатат.  Шаар боюнча    бала бакчага муктаждардын саны   39 464 баланы түзөт. Анын ичинен балдар бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын саны 13 397ге же 40 пайызга араң жетет.  Мына ушул зарылдыктан улам   жаңы балдар бакчаларын курууга өзгөчө басым жасалып жатат.  Соңку жылдарда бүгүн ачылып жаткан жаңы бала бакчаны кошкондо  3 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди жана   мурда  жабылып кеткен  4 бала бакчаны кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Апрель-май айларында дагы 2 бакчанын курулушу аякталат.   Жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакча куруунун үстүндө иштеп жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.      

Иш-чаранын негизинде А.Кадырбаев бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана бакчага эстелик белектерин тапшырды.

Ошондой эле калаа башчысы, 90 орундуу бала бакчанын курулушуна өзүнүн жер аянтчасын бөлүп берген  аталган аймактын тургуну Жаңыбай Казаковго жана каржылоо жагынан колдоо көрсөткөн Жогорку кеңештин депутаты А. Нурбаевге, ыраазычылык билдирди.

Бакчанын курулуш иштери  2014-жылдын сентябрь айында  башталган. Жалпы сметалык баасы 22млн  500 миң, тендердик баасы 17млн 012 миң сомду түзөт. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 9 млн 816 миң, түрткү берүүчү гранттан 2млн 990 миң жана демөөрчүлөрдүн 4млн 206 миң сом жумшалды. Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк негизде башталган бул бала бакчанын курулушун “Некстрой” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды. 

 

“Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары аймакка социалдык объекттерди куруу Союз тарагандан бери көңүл бурулбай келгенин айтышып, акыркы 2 жылда бала бакча, мектеп, спорт зал курулуп жатканына ыраазылылык билдиришип шаар жетекчисине бата беришти.

Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын №2-Достук аймактык кеңешинде 100 орундуу №13- “Кыял” балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар жаш бөбөктөр  катышты.

 

Шаар мэри А.Кадырбаев бала бакчаларды курууга, алардын материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын чыңдоого өзгөчө басым жасалып жаткандыгын билдирди.

 

- “Аталган бала бакча 1920-жылдары курулган байдын үйү болгон экен. Үйдү 1937-жылы бала бакчага ыңгайлаштырылып пайдаланып келишкен. Ошондон улам бакчанын абалын, шартын иликтеп, өткөн жылы бул бала бакчаны бузуп, ордуна жаңы, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген бакча куруу чечимине келгенбиз. Кыска мөөнөттө, башкача айтканда 9 айдын ичинде куруп бүтүрүп, бөбөктөрүбүзгө тартуулап жатабыз.Соңку жылдарда бүгүн ачылып жаткан жаңы бала бакчаны кошкондо  4 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди жана   мурда  жабылып кеткен  4 бала бакчаны кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Апрель-май айларында дагы 2 бакчанын курулушу аякталат. Жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакча куруунун үстүндө иштеп жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.

 

    Иш-чаранын негизинде А.Кадырбаев бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана бакчанын бөбөктөрүнө эстелик белектерин тапшырды.

 

Бакчанын курулуш иштери  2015-жылдын июнь айында  башталып, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жалпы сметалык баасы 35 млн сомду,тендердик баасы 22 млн сомду түзөт. Бала бакчанын курулушун “Биримдик 21-кылым” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды. 

 

Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гулбаар-Төлөйкөн айылындагы 90 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилген.

 

 

Учурда Ош шаарында 31 мамлекеттик, 22 менчик балдар бакчасы бар.

Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын “Достук” аймагында курулган сыйымдуулугу 6000 м3 болгон суу кампасын ачуу аземи болду. Ага КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Резервуардын ачылышында президент сөз сүйлөп, калкты таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин билдирди. Ошондой эле, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, ынтымакты сактоого чакырды.

 “Ош шаарында таза суу сактаган резервуар жоктугуна байланыштуу жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында Ак-буура дарыясынын суусу булганып, калаада ичүүчү суу токтоп калган учурлар болот. 2014-жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда жасаган аракеттерибиз өз жемишин берип, бүгүн сыйымдуулугу 6000 м3 болгон жаңы суу кампасын пайдаланууга берип жатабыз. Бул жердеги суу резервуары Ош шаарынын батыш тарабындагы аймактарды таза суу менен камсыздайт. Тактап айтканда Ак-Тилек кичи району, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо аймагындагы 60 миңден ашуун жашоочулар толук таза суу менен камсыз болот. Жакынкы арада дагы бир суу кампасы курулуп, Кең-Сай массиви да суу менен камсыздалат. Быйылкы жылы таза суу маселеси толугу менен чечилип, Ош шаарына үзгүлтүксүз ичүүчү суу берилет”,-деди А.Кадырбаев.

 

Суу кампасынын курулушу 2014-жылдын декабрь айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 68 021,4 миң сом, тендердик баасы 45 662,6 миң сомду түзүп, Россия Федерациясынын грантынын эсебинен каржыланды.

Бүгүн, 6-март күнү  8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата, Оштогу массалык маалымат каражаттары арасында волейбол боюнча мырзалар мелдеши болуп өттү. Ага Эл ТР, Ош ТВ, Ош Пирим, Башат, 7-канал, Ынтымак телерадио компаниялары, Рекорд радиосу, Аки-пресс Ош маалымат агенттигинин жана Ош шаарынын мэриясынын курама командалары катышышты.

 

Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады.

“ Бүгүн ММК өкүлдөрүн маалымат талаасында эмес,  спорт майданында көрүп жатабыз. Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, башка аймактык кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү жана уюшумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Бүгүнкү оюнда да, сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар”,-деди А.Кадырбаев.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды.
Журналист мырзалар арасында өткөн волейбол боюнча мелдешинде “ЭлТР” МТРК биринчи орунду алды. Экинчи орунду  Ош шаарынын мэриясынын  командасы , үчүнчү орунду “Ынтымак” телерадиоканалынын мырзалар командасы ээледи.

Оюнда адыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн, “Мыкты оюнчу” номинациясы менен  “Эл ТР” МТРКсынын оюнчусу Умар Надыров, “Мыкты коргоочу” номинациясы менен мэриянын оюнчусу Нияз Маликов, “Мыкты чабуулчу” номинациясы менен “Ынтымак” ТРКсынын оюнчусу Азат Аманов сыйланды. Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Ынтымак” ТРКсынын күйөрманы Адина Досумбетова “Мыкты күйөрман” номинациясына ээ болду.

Айта кетсек,мэрия командасынын курамында Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышып, мыкты оюн көрсөттү.

Мелдеш, күйөрман болуп келген журналист аймыдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Айта кетсек, 23-февраль- Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген айымдар  арасында волейбол мелдеши болуп өткөн. 

Жаздын символу 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды  бул маанилүү майрамдары  менен чын дилимден куттуктайм.

Миңдеген жылдар бою аялзатынын сулуулугу, акылдуулугу, таланты, ажардуулугу даңазаланып ырдалып келет. Анткени аялзаты – махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө.

Аялзаты- үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө да тынчтыкты, стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп-өсүүсүн камсыздай алган кубаттуу күч. Аялзаты коомдогу бардык күчтөрдү ынтымакка келтирип, келечек үчүн, өлкө үчүн бириктире алат.

Аялзаты дегенде биз биринчи кезекте бизге өмүр тартуулап, бапестеп чоңойткон мээримдүү апаларыбызды эстейбиз. Аял- бул баарыдан мурда Эне. Ал эми биз ар бирибиз өмүр бою Энелердин ыйык ак сүтүн актоого милдеттүүбүз. Эненин өзү тургай, баскан изи да ыйык, анткени Мухаммаед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылгандай: “ Бейиш- энелердин таманынын алдында”.

Урматтуу улут уңгусу болгон энелер!

Сиздер бар үчүн улуу тоолор сакталып, кыргыз улуту жашап жатат. Мөңгү суусундай тунук пейилиңиздер, күн нурундай мээримиңиздер, айкөлдүк асыл сапатыңыздар, нарк-насилиңиздер менен мекен уюткусу болуп келесиздер.

Эл ичиндеги пейили ак жоолугундай касиеттүү, кутман энелерибиз, апаларыбызга, эже- карындаштарыбызга бекем ден соолук каалайм. Үй-бүлө, улут түркүгү үчүн аман болуп, коломтобуздун куту катары төрүбүздө жүрүңүздөр!

Ойлогон ойлоруңуздар, ишенген үмүтүңүздөр орундалсын. Ар дайым мээримдүүлүгүңүздөрдөн жана назиктигиңиздерден жазбаңыздар.

 

Жаз майрамыңыздар кут болсун!

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26