Пресс служба мэрии города Ош
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пресс служба мэрии города Ош

Пресс служба мэрии города Ош

Воскресенье, 08 Май 2022 18:20

Ош шаарында “Өчпөс от” жандырылды

Бүгүн, 8-майда Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” эл аралык эстафетасынын алкагында Өчпөс отту жагуу иш-чарасы өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар, аскер кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев мемориалдык комплекстеги Өчпөс отту күйгүздү.
Вице-мэр Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, фронттогу баатырларды эскерүү акциясынын өсүп келе жаткан муун үчүн маанисин белгиледи.
Белгилей кетсек, бул эстафетага КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жаштар бирикмелери, ыктыярчылар колдоо көрсөтүштү.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

9-майда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Сиздерди бул акцияга катышууга чакырабыз! Фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери аталарынын, чоң аталарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.
Катышуучулар саат 08:30да Ош улуттук драма театрынын жанына чогулат.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери:
- Артыков Самибай (1921-жылы туулган);
- Токтобаев Салахидин (1925-жылы туулган);
- Жолдошев Касымбай (1925-жылы туулган;
- Тягунова Анна Куприяновна (1923-жылы туулган).
Тылдын эмгекчилери: Закия Абдраимова, Сатыбалды Усманов, Айша Абасбекова, Карабай Ашуров, Турду Раимова, Тажикан Мадимарова. 
Бүгүн, 4-майда Ош шаарында салтка айланган жазгы веложарыш болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, калктын саламаттыгын сактоо үчүн спорт менен машыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, веложүрүшкө 2 миңдей адам катышты.

Бүгүн, 2-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Бүгүн ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин, биз эң маанилүү майрамдардын бири – Орозо айтты белгилейбиз! Бүгүн майрамдык айт намазын окуп, Жараткандан жерибизге, туугандарыбызга, досторубузга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана береке тилеп жатабыз. Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Орозо айт маарек болсун урматтуу мекендештер!”- деди мэр куттуктоо сөзүндө.
Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.

Ассалому алейкум урматтуу момун мусулмандар, жалпы мекендештер!

Ыйык Рамазан айында мусулманчылыктын 5 парзынын бирөөсү болгон 30 күндүк Орозону кармап, бүгүнкү Орозо айтты Ош шаарында мекендештер менен бирге окууга буюрган Жаратканга чексиз ыраазычылыктар жана шүгүрлөр болсун.
Рамазан айынын ыйыктыгы жана укмуш касиети Алла Таала пенделерине өз ырайымын жана кечиримдүүлүгүн, сабырдуулугун жана мээрбандыгын, айкөлдүгүн жана берешендигин тартуулагандыгы менен түшүндүрүлөт.
Орозо айында араздашкандар элдешип, оорулуулардан, жетим-жесирлерден жана момун мусулмандардан кабар алынып, битир-садакалар жана кайрымдуулук иштери уюштурулуп, ооз ачыруу аземдеринин алкагында бири-бирине жакшы каалоо-тилектер айтылды деген ишеничтемин.
Ушул улуу күндө ар бирибиз журтубуздун тынчтыгын, өлкөбүздүн өнүгүүсүн тилейли. Мекенибиз бөөдө кырсыктан, чыр-чатактан алыс болуп, элибизде биримдик түбөлүк орносун! Ош шаарыбыз да өсүп-өнүгүп, экинчи борбордун ар бир жашоочусу бактылуу жашасын!
Жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз терең, дилибиздеги ишенимибиз бекем болуп, узак жылдар бою Орозо айт намазында жолукканга Жараткан насип этсин!
Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын борбордук аянтында эмгекчилердин күнүнүе алкагында шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын жүрүшү өттү. Иш-чарага Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары О.Арстанбеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Айдарбекова, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, профсоюздардын ветерандары, ар кыл тармактын эмгек сиңирген ишмерлери катышты.

Жүрүшкө саламаттыкты сактоо, билим берүү, коммуналдык чарба, жогорку жана орто атайын окуу жайларынын эмгек жамааттары чыккан.

Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилди. Май майрамдарына шаардыктарга белек болгон көчө менен аллеянын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков баштаган эл өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Манас-Ата” МАБындагы Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 км бөлүгүнө жаңы асфальт басылды. Аны менен катар аллеяда балдар үчүн шарттар түзүлдү. Фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулду. Түнү Кыргызстандын желеги көчөнүн башталышына өзгөчө көрк берип турат. Кошумча эки аялдама жана ажаткана курулган.
Бул түзүлгөн шарттарды узак убакыт пайдалануу үчүн шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырабыз. Ошондой эле видеокамералар орнотулганын эскертебиз.

Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарынын мэриясында эмгек ардагерлерин, тыл кызматкерлерин, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына эмгек сиңирген кызматкерлерди, маданият, искусство ишмерлерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ыйык Орозо айт майрамына карата белектер менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Жыйындын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан вице-мэр Венера Рыскулова куттуктап, ар бир адамдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Жалпысынан 100гө жакын эмгек сиңирген ишмерлер сыйланды.
Ошондой эле өлкө башчынын белектери Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, “Боорукердик” жатак үйүнө тапшырылды.

Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан ыйык Орозо айт майрамына карата белектер тапшырылды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Венера Рыскулова ардагерлердин үйүнө барып, Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Белектер Салахидин Тохтабаевге (97 жашта), Анна Тягуновага (99 жашта), Самибай Артыковго (101 жашта), Касымбай Жолдошевге (97 жашта) тапшырылды.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });