
Пресс служба мэрии города Ош
Ош шаарындагы бир катар муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине дисциплинардык жаза берилди
Бүгүн, 8-февралда Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында Ош шаарынын мэриясынын бир катар токтомдорун аткарбагандыгы жана эскертүүлөрдү четтетпегендиги үчүн айрым муниципалдык кызматтардын, шаардык башкармалыктардын жетекчилерине тартиптик жаза берилди.
Тактап айтканда:
- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” жетекчиси Н.Ж.Эштаевага сөгүш жарыяланды;
- Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулуна каттуу сөгүш берилди;
- “Керме-Тоо” МАБ жетекчиси Ж.Ж.Сактановго каттуу сөгүш жарыяланды;
- Турак жайды камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн №40 Королев, №42 “Керме-Тоо”, №26 Токтогул Сатылганов, №2 Карл Маркс, №4 Киров, №6 Макаренко атындагы мектептердин директорлоруна чара көрүү боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына сунуш берилди.
- Ош шаарынын мэриясынын токтомдоруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча иш-чаралардын аткарылбагандыгы, ошондой эле “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына кошулбаганы үчүн Ош шаардык мамлекеттик дезинфекциялык станциясынын башкы дарыгерине карата тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунуштама жөнөтүлдү.
Ош шаарынын мэри шаарды өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга карата пландарды сунуштады
Бүгүн, 8-февралда Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык мекеме-ишканалардын муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап, Ош Фергана өрөөнүндөгү ири үч шаардын бири катары тийиштүү талапка жооп бериши керектигин белгиледи.
"Шаар куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча ишти кыска мөөнөттө иштеп чыгып, ошондой эле маанилүү инфраструктуралык милдеттерди чечүү зарыл.
Алардын ичинен негизгилери:
- калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;
⁃ тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу;
⁃ шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.
Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү керек, андан соң “көмүскө” түшкөн каражаттар шаардык бюджетке багытталат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Коллегиянын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берип, кыска жана узак мөөнөттүү мезгилге карата иштин негизги приоритеттерин белгиледи.
"Учурда Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан Ош шаарын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Программаны иштеп чыгууга Ош мамлекеттик университетинин адистери тартылып, креативдүү технологияларды киргизүү, Ош шаары менен достук байланыш түзгөн чет өлкөлүк шаарлардын, башка өнүккөн шаарлардын өнүгүү тажрыйбалары программага киргизилип, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна жакынкы күндөрдө сунушталат. Ошону менен бирге социалдык чөйрөгө, атап айтканда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, республикалык бюджеттин капиталдык салымынын эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулушун аяктоого өзгөчө көңүл бурабыз. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы курулуп жаткан 4 бала бакча пайдаланууга берилет, ошондой эле 1 жаңы бала бакча курулат", - деп билдирди мэр.
Ошону менен бирге Б.Жетигенов шаардын башкы көйгөйү катары жашоочуларды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси тураарын белгиледи.
“Жаан жааган мезгилде Ак-Буура дарыясындагы суу ылайланып, шаарга таза суу берүү токтотулуп жаткандыгы чоң көйгөйдү жаратууда.
Бул маселени чечүү боюнча биз 3 этаптуу иш алып барабыз:
1-этапта февраль, март айынын ичинде эски скважиналар реконструкцияланып, жаңы скважиналар курулат;
2-этапта июнь айынын аягына чейин сыйымдуулугу 6000 м3 болгон 4 суу кампасы курулуп бүтөт;
3-этапта Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан узундугу 2400 метр болгон “Данги” участкасына дамба куруу менен 2 канаттуу (1200 мм труба менен) суу линиясы тартылат.
Мындан сырткары Мады суу алуучу станциясын реабилитациялоо боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаар калкынын өсүшү менен саркынды сууларды тазалоочу станциянын III комплексин куруу зарыл болуп жатат. Долбоор толук даярдалып, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкына сунушталды", - деди шаардын мэри.
Мындан тышкары, мэр бир катар келечектүү долбоорлорго токтолду:
- шаардын калкын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Даңги, Ак-Буура дарыясынын жана Папан суу сактагычынын участокторунда чакан ГЭСтерди куруу мерчемделип жатат;
- калаа тургандарын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоо максатында кубаттуулугу 10-12 Мватт электр энергиясын чыгаруучу жана ысык суу менен камсыздоочу чакан жылуулук электр борборун куруу республикалык бюджеттин эсебинен пландаштырылууда;
- Шаардагы көчө тыгындар маселесин чечүүгө дагы олуттуу көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош жолунун 660-км аралыгындагы “Т” кесилишинен Ош шаарына түз кирүүчү жолду куруу зарыл. Жолду реконструкциялоо үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 122,0 млн.сом акча каражаты талап кылынат. Шаардагы Керме–Тоо кичи районундагы “Барсбек каган” кесилишине эстакадалык көпүрө куруу пландалган. Унаа жолдорунун кесилиштерине жөө адамдар жер үстүнөн өтүүчү 2 өтмөктү республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле 2 өтмөктү жергиликтүү бюджеттин эсебинен куруу пландаштырылууда;
- табигый таштан тротуарларды куруу багытында таш кесүүчү заводду куруу (тротуардык брусчаткаларды даярдоо) каралган;
- 3-троллейбус линиясын куруу, электр автобустарын сатып алуу, коомдук транспорттун ар бир бирдигине навигаторлорду орнотуу;
- асфальт-бетон заводун лизинг жолунда куруу максатталган. Заводду куруунун жалпы сметалык наркы 160,0 млн. сомду түзөт.
- Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылдык округундагы жалпы 440,0 га жер аянтына жана Ош шаарынын аймагына кире беришиндеги Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу 32 гектар жер аянтына “Ош-Сити” кичи шаарчаларын куруу пландаштырылган;
- жерлерди трансформациялоо боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу 300 га жерге мөмө-жемиш базарын жана автобекет куруу каралып жатат.
2022-жылы Ош шаарында 287 жаңы ишкана ачылган
Бүгүн, 8-февралда Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берип, Ош шаарында 2022-жылдын январь-декабрында экономиканын өсүү темпи турукташып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча жетишкендиктер жаралганын белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2,5 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдагы жергиликтүү бюджеттин көлөмүнө салыштырмалуу 900 млн. сомго көбөйгөн.
Өнөр жай ишканалары тарабынан 2022-жылдын январь-декабрында 6 млрд. 72 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын январь-декабрына карата физикалык көлөмдүн индекси 90,5 пайызды түзгөн.
Айыл чарба продукциялары 1 млрд. 336 млн. сомдук өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 87,5 пайызды түзгөн. Шаардын чарба жүргүзүүчү субьектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2022-жылдын январь-декабрында 90,3 млрд.сомду түзүп (2021-ж. 72,3 млрд. сом), 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 4,9 пайызга, же 4,2 млрд. сомго жогорулаган.
2023-жылдын 1-январына карата жумуш издеп, иш менен камсыз кылуу мамлекеттик органында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 5551 адамды (2022-ж. 6162 адам) түзүп (анын ичинен аялдардын саны 2672 адам), 2022-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 9,9 пайызга, же 611 адамга, ал эми катталган жумушсуздардын саны 3065 адамды (2021-ж. 3356 адам) түзүп, салыштырмалуу 8,6 пайызга, же 302 адамга азайган.
Ош шаарында 2022-жылы 287 жаңы чарбалык субъекттер катталып, 1872 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
Бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде шаардын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-ноябрында 316,2 млн. АКШ долларын түзүп (26,5 млрд. сом), 2021-жылга салыштырмалуу 18,0 пайызга көбөйдү. 2022-жылдын январь-декабрь айларынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо жеткирилген план 2 млрд. 294,2 млн. сом болсо, аткарылышы 2 млрд. 296,9 млн. сомду түзүп, 2,7 млн. сомго көп, же 100,1 пайызга аткарылган.
Өткөн жылы камсыздандыруу боюнча жеткирилген план 2 млрд. 236,1 млн.сомду түзгөн болсо, аткарылышы 2 млрд. 463,5 млн. сомду түзүп, же болбосо 110,2 % аткарылып, планга карата 227,4 млн. сомго ашыгы менен жыйналды, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 758 млн. сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 144,4 % түздү. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 94,9 % аткарылып, такталган план 2 млрд. 294 млн. сом болсо, аткарылганы 2 млрд. 177 млн. сомду түзгөн. 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу муниципалдык аймактык башкармалыктар, мекеме-ишканалар жана жарандар тарабынан жалпысы болуп 178 долбоор ишке ашырылып, бул долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 42,8 млн. сом бөлүнүп берилсе, калктын кошкон өздүк салымы 43,4 млн. сомду түзгөн.
Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 1,9 пайызга көбөйүп (салыштырмалуу баада), 7 млрд. 549,0 млн. сомду (2021-ж. 6 млрд. 770,0 млн.сом) түзгөн, же 779 млн. сомго көбөйгөн. Жергиликтүү бюджеттен Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына 279,3 млн. сом, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 80,0 млн. сом бөлүнүп, 2 бала бакча, 1 орто мектеп, 1 ФАП, 3 балдар аянтчасынын курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү бюджеттен “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 260,2 млн. сом, республикалык бюджеттен 148,9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, негизинен тротураларды куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 148,9 млн. сом акча каражатына 11 көчөнүн 22 км, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27,8 млн. сом акча каражатына 7 көчөнүн 7 км аралыктагы тротуарларынын курулушу жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө карата 18 көчөнүн тротуарынын курулушу бүткөрүлсө, калган көчөлөрдун тротуарларын куруу иштерин быйылкы жылы жүргүзүү пландалууда. 2022-жыл ичинде 7,4 км жолдор асфальтталган”, - деп белгиледи М.Исаев.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!
Ош шаарынын мэриясы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын долбоорун коомдук талкууга коет.
Андыктан шаардын өсүп-өнүгүүсүнө жана келечек муундардын татыктуу жашоосуна кайдыгер карабай, программанын ар бир иш планына өзүңүздөрдүн ой-пикирлериңиздерди билдирип кетүүгө чакырабыз.
Ой-пикириңиздерди Ош шаарынын мэриясынын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу калтырсаңыздар болот.
Ош шаарында “Асан-Үсөн” бала бакчасы үчүн кошумча имарат курулат
Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундарга 2022-жыл ичинде ар кайсы тармактарда аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Андан соң жарандардан суроолор жана кайрылуулар кабыл алынып, орун алган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн суроо-талаптары айтылды.
Ош шаарынын мэриясы Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата кароо-сынак жарыялайт!
Ош шаарынын мэриясы эл аралык уюмдар жана бизнес-ассоциациялар менен тыгыз кызматташат
Ош шаарынын мэри “Амир-Тимур” МАБдын жашоочулары менен жолугушту
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Ош шаарынын мэри “Манас-Ата” МАБдын жашоочулары менен жолугушту
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26