1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook

 Бул туурасында бүгүн, 31-март күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  мэриянын кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык  тармакты тейлеген тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырма берип жатып билдирди. Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык кеңешмесине вице-мэрлер, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

        Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү эки маселе каралды:

1. Ош шаарында ветеринардык-санитардык көзөмөлдү жана мал чарбасындагы  эпизотикалык абалды жакшыртуу боюнча иш-аракеттер жөнүндө

2. Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча шаар куруу жана архитектура, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын ишмердиги жөнүндө

  Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча вице-мэр Нурбек Кадыров маалымат берди.

  -“  Ош шаарынын калкын коопсуз эт жана эт продукциялары менен  камсыз кылуу, эпидемиологиялык-эпизоотиялык жагдайды жакшыртуу, малдан алынуучу продукцияларды өндүрүү жана сатуу процесстерин ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келтирүү, мал аркылуу жугуучу оорулардын эпизоотиялык тобокелдигин төмөндөтүү иш-аракеттер жүрүүдө.

   Учурда Ош шаарынын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 01-январына карата  2016-жылга салыштырмалуу кара малдын саны 450 башка, майда жандык 2769 башка,  жылкы 205 башка, чочко 12 башка, үй канаттуулары 6133 башка көбөйгөн.

    2016-жылда Ош шаарынын мэриясынын макулдашуусу менен мал жандыктардын түрүнүн санына жараша  эмдөө планы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан жалпы эмдөө 189  пайызга, диагностикалык изилдөө 197 пайызга, дегельминтизация жана дарылоо  3 эсеге көп аткарылган болсо,  2017-жылдын 2 айында  мерчемделген жалпы эмдөө 2,3 эсеге,  дарылоо 109 пайызга, диагностикалык изилдөө  10 эсеге аткарылды. 

  Учурда 7 мал союлуучу жайлардын иш-аракеттери  жана эт сатылуучу дүкөнчөлөр  такай ветеринардык-санитардык  көзөмөлдө турушат. Мал союуучу жайларга санитардык абалды жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилип жатат. Эт сатуучу дүкөнчөлөр  заман талабына ылайыкташтырылган айнек витрина,  муздаткычтарды   орнотушту.           

    Мындан тышкары, 2017-жылдын 11- мартынан Ош шаарынын аймагындагы малдарды идентификациялоо иш-чарасын сапаттуу жана убагында бекитилген эрежеге ылайык так аткарылууда.

Ош шаарында 1505 баш саан уйлар жана кунаажындар идентификациядан өткөрүлдү. Жалпысынан 3 миң даана бирка бөлүнгөн. 

      Ал эми, шаарда сүт жана сүт азыктары   3 жерде  сатылат, аларды ветинспекция тарабынан бөлүнгөн  адистер текшерүүдөн өткөрүп турушат. Бирок ага карабастан  лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн айылдан алынып келинген сүт, каймактардын үймө-үй кыдырып сатылып  жаткандыгы орун алууда.

    Учурда малдардын арасындагы жугуштуу ылаңдарга каршы эмдөө, дарылоо  жана  ветеринардык-санитардык иш-аракеттерди  жүргүзүү улантылууда.”,-деп билдирди Н.Кадыров.

 Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы ветеринардык жана фитосанитардык абал канатандыраарлык эмес экендигин билдирип,  1 айлык мөөнөт менен базарлардын, мал союуучу жайлардын, сүт жана эт азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык абалын жөнгө салып, көзөмөлдөн өткөрүү боюнча каттуу талап койду.   

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кечээ, 30-март Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Курманжан Датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Адаттагыдай 2016-жылдын жыйынтыгы менен экинчи борбор калаада аткарылган алгылыктуу иштердин жыйынтыгы туурасында тасма көрсөтүлүп, андан соң калаа башчысы жалпы тургундардан кат жүзүндө келген суроолоруна жооп берди.

Аталган аймактын жашоочуларын көбүн эсе балдар келечеги ойлондурдуп, балдар аянтчаларын куруп берүүнү суранышты.

Шаар башчысы балдар аянтча керек экендигин белгилеп, шаардагы иш-аракеттерге токтолду.

“Жылына шаар боюнча жыйырмага жакын балдар аянтчалары курулат. Копчулук балдар ойноочу жерлер бузулуп, көп кабаттуу үйдүн айрым жашоочулары мыйзамсыз тосуп да алган учурлар кездешип жатат. Андыктан бул багытта иштер жүрүп жатат. Өз кезеги келгенде көп кабаттуу үйлөрдүн алдында балдар аянтчалары жаңыланып, ар түрдүү улуттун балдары достугун чыңдайт”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, “Жеңиш” эс алуу жайы дагы улана тургандыгын айтып, жаштарды кубандырды. Мындан тышкары таза суу, жол, жарыктандыруу жана башка суроолор жеринде жооп алып, айрымдарды  тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеринде чечип келүүнү сунуштап, жиберип жатты.

Курманжан Датка аймактык кеңешинде шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыкты айтып, жалпы тургундарды ар ишемби короо-жайын тазалоого, иштеген жеринин айланасын көрктөндүрүп, актап-сырдоого чакырды.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак, Керме-Тоо, Жибек-Жолу  аймактык кеңештериндеги бир нече айылдарга барып, жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин укту.  

Аймактын жашоочулары шаар мэринин жерине келип, маселелерин, сунштарын уккандыгына ыраазычылык айтышты.

Айта кетсек, Айтмамат Кадырбаев шаардын 13 аймактык кеңешинде жылына эки жолу салттуу түрдө тургундар менен жолугушуп, маселелерин чечип келет.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарында «эң мыкты муниципалдык мекеме»,«эң мыкты муниципалдык ишкана»,«мыкты муниципалдык кызматкер» номинациясы боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин токтомуна ылайык кароо-сынак жарыяланды.

Иш-чаранын максаты Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн  натыйжалуулугун арттыруу жана жоопкерчилигин, сапаттуулугун, аброюн жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну мотивдештирүү, алардын потенциалын ачуу,  моралдык-материалдык колдоо көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жогорку профессионалдык ийгиликтердин жаралышына өбөлгө түзүү.

Сынактар үчүн атайын Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу, кадрдык  иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү тарабынан жобо иштелип, комиссия түзүлгөн. Токтом боюнча сынак март айында жарыяланган. «Эң мыкты муниципалдык мекеме»,«эң мыкты муниципалдык ишкана»,«мыкты муниципалдык кызматкер» номинациясы боюнча жеңүүчүлөр үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аныкталат.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кечээ, 13-февраль Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Шаар башчысынын айтымында эл менен болгон жолугушуу аймактагы негизги жана орчундуу маселелерди чечүүгө, эл менен бийликтин ортосун жакындатууга өбөлгө түзөт.

 

Жыйындын жүрүшүндө коммуналдык, социалдык маселелер көтөрүлүп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев баарына жеринде жооп берип жатты.

 

“Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде ФАП маселеси бар. Ал бизге белгилүү. Быйыл инвесторлор менен сүйлөшүп бул маселе чечилет. Ал эми борбордук канализация чечилген, аны менчик уйгө киргизип алуу жашоочулардын милдети”, -деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, азыркы тапта Европа Өнүктүрүү Банкы менен сүйлүшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаардагы подстанциялар, электр мамычалар жана чубалгылар жаңылана тургундагын кошумчалады. Мындан тышкары, жылына 5-10 акырым жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткандыгын айтып, акырындык менен аталган аймактагы ички жолдорго да убакыт келе тургандыгы билдирди.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жылына эл менен эки ирет жолугуп шаардагы маселелерди мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жеринен чечип келет. Аталган аймактагы жолугушууда да тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, шаардыктардын кат жүзүндө келген маселелери протоколдоштурулду.

 

 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Кечээ, 26-январь ХБК кичи районундагы И.Раззаков көчөсүнө жаңы орнотулган 88 даана светодиоттук чырактарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көрүп кайтты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктардын коопсуздугу жана экинчи борбор калаанын кооздугу үчүн негизги көчөлөрдүн баары заманбап светодиоттук чырактар менен камсыз болсо, борбордук көчөлөрдөн чыккан эски чырактар шаардын аймагындагы мурда жарыктандырылбаган көчөлөргө коюулуп жаткандыгын билдирди.

“Ош шаарындагы түнкү жарыктандыруунун сапатын жакшыртуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо максатында светодиоддуу чырактарды сатып алуу боюнча шаардын бюджетинен 50 380 000 сом бөлүнүп, 42 299 816 сомго 3021 даана 100w жана 120w болгон светодиоддуу чырактар алынып, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү эски чырактардын ордуна орнотулду. Жыйынтыгында электр энергиясын колдонуу 3,33 эсеге  үнөмдүлүүдө. Өткөн жылы 84,045 км. жолдун чырактары светодиоду чырактарга алмашылды. Мындан сырткары 45,083 км. жол жаңыдан жарыктандырылды. 75,265 км. ЛЭП тартылды. 45 даана башкаруу щиттери орнотулду.  2016-жылы чырактар жок кичи райондор менен катар, Жапалак айылдык аймагындагы айылдардын негизги көчөлөрү жарыктандырылды. Быйыл  болсо көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна светодиоттук чырактарды орното баштадык”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, И. Раззаков көчөсү Ош шаарынын Кара-Суу районунан келгенде кире бериши болгондуктан, аталган көчөнүн жарыктандыруусу кайрадан оңдолуп, 44 темир мамыча орнотулган.  1 228 302 сомго тендер жарыяланып, аны “Металлист” ЖЧКсы  990 163 сомго утуп, темир мамычаларды орнотулган.  Ал эми, светодиоду чырактарды  орнотуу, электр зымдарын тартуу жана монтаждоо иштери «Шаарсвет» элетр жарык тармактар ишканасы тарабынан аткарылды.

 

Айта кетсек, жалпысынан алганда Ош «Шаарсвет» элетр жарык тармактар ишканасы бүгүнкү күндө 153,633 км жол жарыктарын, 329,275 км электр энергиясын өткөрүүчү линияларды, 4552 даана чырактарды, 1166 даана плафондорду, 156 даана башкаруу щиттерин (БЩ) жана башка жабдыктарды тейлейт.

 

 

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 71 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдары, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты. 

 

Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен  жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынан бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар  "Өчпөс от" мэмориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

 

Калаа башчысыУлуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

“ Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун  71 жылдан бери Жеңиш майрамы  жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат.

Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Бул     Улуу Жеңишти алып келген аталарыбыздын Жеңиш майрамындагы  чакырыгы, насыяты. Баарыңыздарды аталарыбыздын насыятына, Жеңиштин чакырыгына татыктуу болууга  чакырам.

Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди А.Кадырбаев.

Борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 71 жылдык майрамына арналган жогорку окуу жайлардын, мектеп окуучуларынан турган миңге жакын жаштар өзгөчө формаларды кийип салтанаттуу жүрүштөн өттү. Согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, " Келечек " балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды. 

Ага улай, аскердик үйлөмө оркестрдин аткаруусундагы шаңдуу марштын коштоосунда ардагерлер, шаардын жана облустун жетекчилери Токтогул сейил багына барып, ал жакта согуштун ардагерлери үчүн аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган “Аскер кашасы " берилип, согуш темасындагы концерт өттү.

Мындан сырткары 9-май күнү Ош шаарынын сейил бактарында кеңири программадагы майрамдык маданий шаан-шөөкөттөр, Токтогул багынын жайкы сахнасында концерттер уюштурулду. Ошондой эле Навои атындагы сейил бакта улуттук спорт оюндары, тогуз коргоол, ордо, жана шахматтык турнир боюнча спорттук мелдештер өтүүдө.

        Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 20 катышуучусу, 46 оруктун  ардагери Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 71 жылдыгын майрамдап жатышат.

 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Урматтуу мекендештер!

 

Кадырлуу Ош шаарынын тургундары!

 

5-Май Конституция күнү катары таанылгандан бери 23 жыл болду. Бул аралыкта канчалаган өзгөрүүлөргө жана түрдүү окуяларга карабастан, дата манилүүлүгүн жоготбой келет.

 

1993-жылдын 5-майындагы Конституция жаңы мамлекеттин курулушуна, жаңы укуктук негиздерди жана мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосундагы жаңыча мамиле түзүүгө негиз берди. Ал кеңири парламентаризмди камсыз кылган күчтүү Жогорку Кеңеш, ага отчет берген Өкмөт сыяктуу бийликтин системасын сунуштаган.

 

Конституция нукура көз карандысыз жана адилеттүү сотту түзүүгө мүмкүнчүлүк тартуулайт. Жалпысынан алганда адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери тууралуу жоболор камтылган. Конституция ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу турмуш камсыз кылууну башкы максаты катары караган калыс, демократиялуу мамлекет курууга бекем фундамент түзөт.

 

Ардактуу шаар тургундары!

 

Мыйзамдарга урматтоо менен мамиле жасоо – кийинки муунга өткөрүп бере турган демократиялуу, ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекетти куруунун негизги шарттарынын бири. Ошондуктан биз бүгүн Конституция күнүн белгилеп жатабыз.

 

Сиздерди Ош шаардык мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолукал эми шаарыбызгатынчтык жана өнүгүп өсүүнү каалайм.

 
 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 Ош шаарында 21-март -Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленда. Ага  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлүТаалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, Кытай Эл Республикасынын,  Россия Федерациясынын , Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.


-“Нооруз” Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз “Ноорузду”  дайыма жаздын, эмгектин,  биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары  майрамдап келген.“Нооруз” байыртадан эле – жаңы башаттардын башталышы болгон. Анткени жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер  бүчүр ачат. Жашоо уланат. “Ноорузда”, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилейли. Ылайым бул күндүн  урматына ар бир инсандын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! 

 Ушул жылы касиеттүү Кыргызстаныбызда анын  ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз  токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин!  Жалпы кыргыз эллин  кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!”-деди калаа башчысы А.Кадырбаев куттуктоо  сөзүндө.

 

Салтанаттуу иш-чаранын негизинде, шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, ар түрдүү улуттардын каада-салттарынан көрүнүштөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштын түрлөрү, улуттардын жана элдердин каада-салттары, ыр-бийлер уюштурулду.

 

Ага улай  “Биздин күчүбүз- биримдикте” ураанынын астында ар улуттардын жана диаспаралардын достугун даңазалагантеатралдаштырылган концерттик программа болуп,  “Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге жалпы майрамдын катышуучуларына  сүмөлөк таратылды.

Борбордук аянтта аталган элдик майрамдын урматына “Ынтымактуу элден ырыс кетпейт” театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин жана аймактык кеңештердин өнөрпоздорунун катышуусунда концерт тартууланды.

 

Майрамдык иш-чарага 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

 

Мындан сырткары, шаар ичиндеги  майрамдык аянттар, эс алуу жана  сейил бактар  майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алышууда. Ошондой эле шаардын аймактык  кеңештеринде  «Нооруз-2016» элдик майрамы көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктордун коштоосунда өтүүдө.

 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Жаздын символу 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды  бул маанилүү майрамдары  менен чын дилимден куттуктайм.

Миңдеген жылдар бою аялзатынын сулуулугу, акылдуулугу, таланты, ажардуулугу даңазаланып ырдалып келет. Анткени аялзаты – махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө.

Аялзаты- үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө да тынчтыкты, стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп-өсүүсүн камсыздай алган кубаттуу күч. Аялзаты коомдогу бардык күчтөрдү ынтымакка келтирип, келечек үчүн, өлкө үчүн бириктире алат.

Аялзаты дегенде биз биринчи кезекте бизге өмүр тартуулап, бапестеп чоңойткон мээримдүү апаларыбызды эстейбиз. Аял- бул баарыдан мурда Эне. Ал эми биз ар бирибиз өмүр бою Энелердин ыйык ак сүтүн актоого милдеттүүбүз. Эненин өзү тургай, баскан изи да ыйык, анткени Мухаммаед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылгандай: “ Бейиш- энелердин таманынын алдында”.

Урматтуу улут уңгусу болгон энелер!

Сиздер бар үчүн улуу тоолор сакталып, кыргыз улуту жашап жатат. Мөңгү суусундай тунук пейилиңиздер, күн нурундай мээримиңиздер, айкөлдүк асыл сапатыңыздар, нарк-насилиңиздер менен мекен уюткусу болуп келесиздер.

Эл ичиндеги пейили ак жоолугундай касиеттүү, кутман энелерибиз, апаларыбызга, эже- карындаштарыбызга бекем ден соолук каалайм. Үй-бүлө, улут түркүгү үчүн аман болуп, коломтобуздун куту катары төрүбүздө жүрүңүздөр!

Ойлогон ойлоруңуздар, ишенген үмүтүңүздөр орундалсын. Ар дайым мээримдүүлүгүңүздөрдөн жана назиктигиңиздерден жазбаңыздар.

 

Жаз майрамыңыздар кут болсун!

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Страница 1 из 7

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26