Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 26 Январь 2023
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 26 Январь 2023
Бүгүн, 26-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө МАБ жетекчиси Эмил Караев 2022-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Жолугушууда тургундар суроолорун берип, көйгөйлөрүн калаа башчыга жеткиришти. Айрыкча, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан башаламан көмүр сатуучу пункттар боюнча кайрылышты. Бакытбек Жетигенов көчө боюндагы көмүр сатууну тартипке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма бериле турганын билдирди.
Ошондой эле квартал ичиндеги жолдорду асфальттоо, канализациялык системаларды реконструкциялоодон кийин жолдорду оңдоо, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, мыйзамсыз объектилерди жана гараждарды демонтаждоодон кийин таштандыларды чыгаруу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Шаар мэри Достук кичи районунун көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо иштерин бул жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү тапшырды.
Мындан тышкары жер тилкеси боюнча талаш-тартыштарды чечүү, Тешик-Таш кичи базарын нормага келтирүү, ФАПтын иши, жаңы курулуштар боюнча маселелер, арыктарды орнотуу тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Мэр тургундардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 1-Май көчөсүнө орнотуу үчүн керектүү электр мамылары бөлүнө турганын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда шаардык мекеме-ишканалардын жана муниципалдык кызматтардын бир катар жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 26-январда Ош шаарында 1972-жылдын жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, 1972-жылы капсула салууга катышкандар, жаштар, шаардын активисттери катышты.
Иш-чаранын алкагында 50 жыл мурун капсула коюунун күбөсү, Ош шаарынын тургуну Ольга Корчагина 1972-жылдагы жаштардын кайрылуусун бардык катышуучуларга окуп берди.
“Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым сактап, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла” – деп жазылган катта.
Ага улай Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков Келечекке жаңы катты - 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылууну окуп берди. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 26-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов №2 "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө МАБ жетекчиси Эмил Караев 2022-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Жолугушууда тургундар суроолорун берип, көйгөйлөрүн калаа башчыга жеткиришти. Айрыкча, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан башаламан көмүр сатуучу пункттар боюнча кайрылышты. Бакытбек Жетигенов көчө боюндагы көмүр сатууну тартипке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма бериле турганын билдирди.
Ошондой эле квартал ичиндеги жолдорду асфальттоо, канализациялык системаларды реконструкциялоодон кийин жолдорду оңдоо, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, мыйзамсыз объектилерди жана гараждарды демонтаждоодон кийин таштандыларды чыгаруу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Шаар мэри Достук кичи районунун көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо иштерин бул жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү тапшырды.
Мындан тышкары жер тилкеси боюнча талаш-тартыштарды чечүү, "Тешик-Таш" кичи базарын нормага келтирүү, ФАПтын иши, жаңы курулуштар боюнча маселелер, арыктарды орнотуу тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Мэр тургундардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 1-Май көчөсүнө орнотуу үчүн керектүү электр мамылары бөлүнө турганын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда шаардык мекеме-ишканалардын жана муниципалдык кызматтардын бир катар жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча таршырмалар берилди.
Жарыяланган категория Видеорепортаждар
Бүгүн, 26-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Оштогу бөлүмдүн жетекчиси Балтагул Нурумбетов филиалдын ишмердүүлүгү жана борборлорунун иштери, ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Этномаданий борборлордун өкүлдөрү филиалдын имаратын оңдоп-түзөө, кичи долбоорлорго колдоо көрсөтүү, ошондой эле этномаданий борборлордун улуттук майрамдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылышты.
Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн этностор арасындагы достукту, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле мэрия менен бөлүмдүн эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрүп, сунуштар айтылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });