Ош шаарында скважиналарды калыбына келтирүү иштери башталды
Бүгүн, 2-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаан-чачын, сел учурунда ичүүчү суунун дебитин көбөйтүү максатында эски скважиналарды калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышты.
Калаа башчы Сай-Бою көчөсүнө барып, андагы иштебей турган эски скважинаны калыбына келтирүү иштерин көрдү.
Мэр Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына скважинаны реабилитациялоо (тазалоо иштери, насосту алмаштыруу) иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды. Аны менен катар суу түтүктөрүн куруу жана линияга туташтыруу иштерине даярдык көрүү жагы белгиленди.
Ош шаарында иштебей турган эски скважиналарды калыбына келтирүү, ошондой эле жаңы скважиналарды бургулоо боюнча комплекстүү иш-чаралар пландалууда.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26