Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 31 Декабрь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 31 Декабрь 2022

Ардактуу замандаштар!
Кадырлуу коноктор!

Жалпыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Өтүп бараткан жыл улутубуздун уңгусун бекемдөөгө, элибиздин көөнөргүс дөөлөттөрүн арттырууга, журтубуздун руханий баалуулуктарын өркүндөтүүгө, эң негизгиси мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө багытталган жемиштүү, аракетке бай, үзүрлүү эмгектердин жылы болду десем жаңылышпайм.

Эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп жатып, ар бир инсан жыл ичинде жасаган эмгегин көз алдынан өткөрүп, өзүнө-өзү баа берип, ийгилигине кубанып, жаңы жылга жаңы максат, тилектерин алдыга коюп бекемдейт.

Мен да Ош шаарынын мэри катары жаңырган жылга шаардын өнүгүүсүнө, элибиздин турмуш шартын жакшыртууга багытталган максаттарды, тилектерди өз алдыма коюп жатам. Сиздердин колдооңуздарга таянып, келээрки жылдарда ишке ашыруучу көптөгөн масштабдуу долбоорлорду аткарууга ниеттерим бар. Ошол максаттарга жетүү үчүн сиздер менен биргеликте чечкиндүү иштерди улантып, өзүбүздүн бүтүндөй күч аракеттерибизди жумшап, адал эмгектерибиз аркылуу шаарыбыздын келечегине өз салымыбызды кошолу.

Урматтуу шаардыктар!
Кадырлуу коноктор!

Жаңы 2023-жылда ар бириңиздер бекем ден-соолукта болуп, үй-бүлөңүздөрдү ырыскы береке ыроолоп, бакубат жашоо коштосун!

Сүйүктүү шаарыбызда бактылуу инсандар жашап, тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү орун алып, бейпил жашооңуздарга тилектешмин. Жаратканыбыз элибизге кут-береке, жергебизге оомат берсин!

Жаңы жылыңыздар менен!

Бакытбек Жетигенов,
Ош шаарынын мэри.

#Ош_мэрия
#Бакытбек_Жетигенов

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 15 миңге жакын адам чогулду. Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Кечкисин шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты. Майрам фейерверктер менен коштолуп, жаштар үчүн ырлар жаңырды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна "Келечек" балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда.
Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү башкармалыгы да майрамдык программа даярдаган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Декабрь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });