Ош шаарынын мэриясы «Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар»аттуу темага мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого жарыяланган конкурсу тууралуу КУЛАКТАНДЫРУУ
Конкурс жарыяланган күнү: 2022-жылдын 24-декабры
- Мамлекеттик заказчынын аталышы: Ош шаарынын мэриясы
- Программанын аталышы: Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы
- Долбоордун максаты: Ош шаарында туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандарды коомго адаптациялоо, социалдык жардам берүү
- Долбоордун милдеттери: Туруктуу үй-жайы жок жарандарга социалдык жардам берүү
- Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
Опурталдуу топтун өкүлдөрүнүн үй-жайы жоктугунан улам кыш мезгилиндеги тоңуп каза болуусу, документтерин калыбына келтирүү, майыптыгын белгилөө, медициналык жардамдарды көрсөтүү, тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү ж.б. маселелерин чечүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Кыргызстанда үй жайсыздардын бирдиктүү маалымат базасы жок, бул жарандардын проблемаларына толук баа берүүгө, медициналык тейлөө жана майыптыкты белгилөө, пенсия жана жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө, ишке орноштуруу, материалдык жардамдарды берүү жана коомго кайтаруу үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзүү мүмкүн болбой жатат.
Ошондуктан, жогорудагы аталган проблемалардын бирден-бир негизги чечүү жолу селсаяктарды реаблитациялоо, коомго адаптациялоо жана ар кандай социалдык, медициналык, юридикалык жардамдарды убагында көрсөтүү үчүн селсаяктар үчүн түнөк үйлөрдү ачуу. Бул жайды ачуунун негизги максаты – жашаган жери аныкталбаган селсаяктарды коомчулука аралаштыруу, пайдалуу эмгекке тартуу, тиешелүү санитардык –гигиеналык шарттарды түзүү, тиешелүү социалдык жардамдарды көрсөтүү ж.б.
- Максаттуу топтун сүрөттөлүшү: Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар, 60 дан кем эмес.
- Долбоорду аткаруу маалындагы өзгөчө шарттар: (мисалы, эгерде долбоорду муниципалдык менчиктин базасында аткаруу каралса, анда кандай шарттар менен)
- Гранттын максималдуу суммасы: 300 000 (үч жүз миң) сом.
- Администрациялык чыгашаларды каржылоонун максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен көрсөтүлсүн): 20%
- Товарларды жана жумуштарды сатып алууга каржылоонун максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен көрсөтүлсүн): 40 % .
- Долбоор ишке ашырылчу мөөнөтү: 2022-жылдын декабрь, январь, февраль, март (4 ай)
- Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар:
13.1 Конкурска Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) катыша алат.
13.2 Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсеби болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, анда ага конкурстун документтерин берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банктык эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.
13.3 Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары – консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы так ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.
13.4 Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
- Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
14.1 Конкурска катышуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы.
Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
- Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
15.1 юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
15.2 коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
15.3 конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;
15.4 коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
- долбоордук сунуш жана анын бюджети;
- коммерциялык эмес уюмдун:
17.1 салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
17.2 коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;
17.3 Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин пункттарында каралган документтер тиркелүүгө тийиш;
- Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
а) ачыктары, алар арыз ээсинин тандоосуна жараша Жарыянын 23-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен же электрондук формада берилет:
- салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;
- өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;
- коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);
б) жабыктары (купуя) - долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар: мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт.
15. Конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби
Убактысы: 2022-жылдын 20-январы (коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кем эмес жана 30 календардык күндөн көп эмес болушу керек).
Орду: Ош шаарынын мэриясы, кичи залы.
Конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлөт.
Гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды өз алдынча баалайт же баалоо үчүн эксперттерди тартат. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
16. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөттөрү
2022-жылдын 23-январы
17. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери
Долбоордук сунуштар төмөндөгү баалоо барагында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык бааланат:
18. Арыздын бланктарын алууга боло турган почта дареги: индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.
Арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg
Арыздын бланктарын суратып алуу үчүн электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ; Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
19. Маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары:
Фамилиясы жана аты: Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү, Арзиева А.М.
Телефон номери: (03222) 5-50-66, 0558 93-90-33
Электрондук почта дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. , Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
20. Конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди төмөнкү дарек боюнча жиберүү керек:
Почта дареги: индекс индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.
Электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ; Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. .
Расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg
Конкурска катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер арыз ээсинин тандоосу боюнча, төмөндөгү ыкмалардын бири аркылуу берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга берилет;
2) мамлекеттик заказчы аркылуу заказдык катты кабарлоо менен почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт;
3) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.
4) мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.
21. Конкурска катышуу үчүн документтерди жана арыздарды кабыл алуу мөөнөтү.
Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2022-жылдын 12-декабрь күнү, саат 17-00гө чейин. Эгерде арыз конкурс жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе, анда арыз ээси конкурска катышууга киргизилбейт.
Квалификациялык тандоого катышууга арызда төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:
1) жеке ишкердин фамилиясы, аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
2) арыз ээси көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүнүн сүрөттөлүшү;
3) жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү жана ал өз ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө негиз болгон документтин аталышы;
4) арыз ээсинин байланыш маалыматтары (почта дареги; жумуштагы, үйдөгү жана уюлдук телефондорунун номерлери; электрондук почтасынын жана Интернет-сайтынын (эгерде болсо) дареги);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);
6) арыз ээсинин банктык реквизиттери.
2. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) патенттин же мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жак үчүн);
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалым каттар;
4) кызмат көрсөтүүгө лицензиянын же уруксаттын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланууга тийиш болсо же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);
5) аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (эгер уюмдун мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзгөн иши аккредитацияланууга тийиш болсо);
6) арыз ээсинин персоналынын квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (зарыл болсо);
7) арыз ээсинин уюмунун штаттык тизмеси (зарыл болсо);
8) жабдуунун, имараттардын, транспорт каражаттарынын болушу жөнүндө документтер жана талап кылынган кызмат көрсөтүүгө арыз ээсинин мүмкүнчүлүгүн ырастоочу башка документтер (зарыл болсо).
Коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсуна катышууга коммерциялык эмес уюмдардын консорциумунун
АРЫЗЫ
Арыз берүүчү тууралуу маалымат |
||
Консорциумдун атынан иштөөгө ыйгарым укуктуу уюмдун аталышы жана анын жетекчиси |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун жайгашкан жери (почталык дареги) |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун телефон/факс номери/электрондук почтасынын дареги |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери |
|
|
Консорциумдун калган мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почтанын дареги |
|
|
Сунушталуучу долбоор |
||
|
Конкурстун темасы |
|
|
Сунушталган долбоорлоо сунушунун темасынын аталышы |
|
Тиркеме:
1) ___________________________________________
2) ___________________________________________
3) ___________________________________________
Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси |
______________________________ |
|
20__-ж. "__" ______________
арызга кол койгон күн
М.О.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26