1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 13 Март 2018

Бүгүн, 13-март күнү Ош шаардык Кенешинин кезектеги XII сессиясы болуп, анда депутаттар Ош шаарынын бюджетин бекитти. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессиянын күн тартибине 11 маселе коюлуп, кеңири талкууланууда.

Алгач Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча  маалымат берип, Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткандыгын билдирди.

 Андан соң, 2018-жылга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров маалымат берди.

Ош  шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга  долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү»,  «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү»  мыйзамдарынын,  ошондой эле 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын негизинде түзүлдү.

Бюджеттин киреше бөлүгү

2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2017-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу 112,6% өсүп, 940 186,0 миң сом өлчөмүндө аныкталып,  105 271,9 миң сомго көбөйүү менен сунушталууда,   анын ичинен:

- салык кирешелери 804 043,0 миң сомду (85,5% жалпы бюджеттин көлөмүндө);

- салык эмес кирешелери 55 900,0 миң сом (6,0% жалпы бюджеттин көлөмүндө);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243,0 миң сом (8,5% жалпы бюджеттен) түздү.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилген:

- киреше салыгы - 50%;

- сатуудан алынуучу салык - 50%;

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;

- мүлк салыгы- 100%;

- жер салыктары- 100%;

- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык- 100%;

-ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык -100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калат.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн  2019-жылга болжолу 989 051,0 миң сом, 2020-жылга болжолу 1 046 529,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

 

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

Бюджеттин чыгашалар  бөлүгү 2018-жылга 940 186,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2017-жылга салыштырмалуу 105 271,9 миң сомго көп каралууда.

2018-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн

- 46,8% социалдык  тармак,

- 27,3%  турак жай жана коммуналдык чарба,

- 8,6% экономикалык маселелер,

- 16,5% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

 - 0,8% коргонуу  тармагы түзүүдө.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тармагына кетүүчү чыгымдар 2018-жылга 155280,8 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө, 2017-жылга салыштырмалуу 48 148,3 миң сомго акча каражаты көп каралууда, анын ичинен негизгилери:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде  мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акылары жогорулашына байланыштуу  эмгек акы жана социалдык фондко чегерүү беренелерине – 9 341,9 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын автогаражына күйүүчү майлардын  кымбаттагандыгына байланыштуу -1 015,6 миң сом, Ош шаарынын мэриясынын имаратынын коргоо жана күзөткө -1 000,0 миң сом;

- тышкы карыздарды жоюуга –  35 092,8 миң сом (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо, Эл аралык банктары  аркылуу шаардын жолдорун оңдоого, шаарды таза суу менен камсыз кылууга  жана муниципалдык коомдук автотранспортторду (автобус, троллейбус) сатып алууга алынган насыяларды төлөөгө);

- мэриянын резервдин фондуна –  1000,0 миң сом бюджеттин көлөмүнө ылайык каралууда.

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары фактылык түшүүлөрдүн негизинде аныкталууда.

Коргонуу тармагына 2018-жылга  7 284,8 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленүүдө, анын ичинен:

- Ош шаардык аскер комиссариатынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек, Социалдык фондо чегерүү беренелерине,  комуналдык төлөмдөргө  жана ошондой эле жарандарды аскердик кызматка чакырууга (призыв граждан) –  1 607,2 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу 500,0 миң сомго көп каралууда  имаратынын оңдоо иштерине);

- Ош шаардык топтоо пуктуна – 1 647,6  миң сом (2017-жылга салыштырмалуу 270,0 миң сомго көп каралууда  оңдоо иштерине);

- Ош шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын каржылоого – 1530,0  миң сом;

- стратегиялык чыгымдарга (ЧС) – 2 500,0 миң сом каралууда.

      Экономикалык маселелер боюнча тармагына – 80 920,8 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2017-жылга салыштырмалуу 14 460,0  миң сомго көп каралууда.

- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысына жеңилдиктерге  – 17 000,0  миң сом (2017-жылга салыштырмалуу 5 000,0 миң сомго көп каралууда социалдык фонддон карыздарды төлөөгө жана ошондой эле бензин кымбаттаганына байланыштуу);

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгын аппаратын каржылоого – 2 990,8 миңсом  (2017-жылга салыштырмалуу 721,8 миң сомго көп каралууда  эмгек акы жогорулагандыгына байланыштуу – 500,8 миң сом, кызматтык сапарга чыгууга – 80,0 миң сом, офистик эмеректерди алууга – 50,0 миң сом) ;

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына – 23 430,0,0 миң сом;

- «Ош шаарынын сүт ашканасы» муниципалдык ишканасына – 2 000,0 миңсом ;

- «Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык  ишканасына – 35 500,0 миң сом каралууда.

Турак жай жана коммуналдык чарба тармагына (капиталдык курулуш, жолдорду ондоо, шаарды жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана жарыктандырууга, аймактык кенештерди кармоого) 256 587,9 миң сом акча каражаты белгиленди, же болбосо 2017-жылга салыштырмалуу 11 407,0 миң сомго көп каралууда.

-Ош шаарынын жашылдындыруу жана көрктөндүрүү комбинатына 70 000,0  миң сом;

- Ош электр жарык тармактар  «Шаарсвет» ишканасына шаардын көчөлөрүн  жарык менен камсыз кылууга – 46252,8  миң сом (2017-жылга салыштырмалуу 12 162,3 миң сомго көп каралууда, анын ичинен эмгек акынын жогорулашына байланыштуу эмгек акы, социалдык фондко чегерүү - 2 901,7 миң сом, кызматтык сапарга чыгууга – 140,0 миң сом, транспорт чыгымдарына бензиндин кымбаттаганына байланыштуу – 930,0 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоого – 200,0 миң сом,  чарбалык буюмдарды алуу үчүн 1 982,5 миң сом, эмерек алуу үчүн 1000,0 миң сом, көп кабаттуу үйлөрдүн короосун жарыктандыруу үчүн субсидияга – 3 100,0 миң сом). Атайын каражаттары фактылык түшүүлөрдүн негизинде 390,0 миң сомго азайууда;

-Жарандарды тейлөө борборуна – 5 529,0 миң сом;

-Аймактык Кенештерди каржылоого - 19 760,9 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу бюджеттик каражаттар 2 238,2  миң сомго көп каралууда, анын ичинен эмгек акынын жогорулашына байланыштуу эмгек акы, социалдык фондко чегерүүгө - 2131,2 миң сом, коммуналдык төлөмдөр, ижара акы жана башка чыгымдарга – 507,0 миң сом). Атайын каражаттар фактылык түшүүлөрдүн негизинде 400,0 миң сомго азайууда;

-Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментин каржылоого – 5 214,2 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу 2 328,0 миң сомго көп каралууда, анын ичинен эмгек акынын жогорулашына байланыштуу эмгек акы, социалдык фондко чегерүүгө - 1 471,5 миң сом, мекеме башка имаратка көчкөндүгүнө байланыштуу комуналдык төлөмдөргө, эмеректерди алууга, ремонт жасоого – 856,5 миң сом);

-Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 10 281,0  миң сом (2017-жылга салыштырмалуу эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүгө эмгек акынын жогорулагандыгына байланыштуу 921,0 миң сомго көп каралууда);

-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 59 850,0 миң сом;

-Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына  - 19 000,0 миң сом;

- «Жылуулук  менен  камсыздоо»  муниципалдык  ишканасына –   20 700,0 миң сом, 2015-жылы республикалык бюджеттен  алган бюджеттик ссуданы кайтарууга каралууда.

Маданият жана спорт тармагын  каржылоого 2018-жылга -  74 711,6  миң сом акча каражаты каралып, өткөн жылга салыштырмалуу 5 148,0 миң сомго көбөйүүдө.

Бул тармакка негизинен төмөнкү иш чараларга акча каражаты каралууда:

- Маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 30 294,2 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу   3 034,4 миң сомго көбөйүүдө, анын ичинен 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюнуна катышып келүүгө маданият башкармалыгынын иш-чараларына 450,0 миң сом, музыкалык аппаратура алууга жана башка иш чараларына 850,0 миң сом, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине Көчмөндөр оюндарына форма тиктирүүгө – 500,0 миң сом, 2017-жылдын ичинде мыкты ийликтерге жетишкен спортчуларды сыйлоого 1 820,0 миң сом);

- Ош шаардык библиотекасын  анын филиалдарын жана ошондой эле айылдык маданият үйүн  кармоого – 7 831,6 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу эмгек акы, социалдык фондко чегерүү -369,8 миң сомго, транспорт чыгымдарына 150,0 миң сомго жана башка чыгымдары 250,0 миң сомгө көп каралууда. Ал эми ремонт иштерине акча каражаты 450,0 миң сомго азайууда);

- «Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго субсидияга – 20 500,0 миң сом ( 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча «Алай» футбол клубунун оюнчуларын жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлоого 1000,0 миң сомго акча каражаты көп каралууда);

- «Ош шамы» гезитине субсидияга – 2 250,0 миң сом (редакциянын имаратынын чатырын жана жылуулук системасын оңдоого - 250,0 миң сомго көп каралууда);

- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтируу борборуна – 2 287,0  миң сом;

- фольклордук-эстрадалык тобуна – 1702,3 миң сом;

- Маданият башкармалыгынын, жаштар иштери, физкультура жана спорт боюнча комитеттеринин аппараттарын каржылоого - 9 306,5 миң сом сунушталууда (2017-жылга салыштырмалуу 1 323,8 миңсомго  мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу көп каралууда).

 

Билим берүү

Билим берүү тармагына 2018 - жылга 339 816,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, 2017-жылга салыштырмалуу  22 890,4 миң сомго көбөйдүүдөү, анын ичинен

- мектептердеги  1-4- класста  окуган балдардын  тамак-ашына – 3 248,9 миң сомго (бир балага 1 күнгө 10 сомдон,  балдардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 1969 балага көбөйдү), бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар – 6 211,5 миң сомго, №11 В.Терешкова  мектеп интернаттарындагы балдардын  тамак-ашына  –  73,4 миң сомго  жана «Алтын-Уя», «Лотос» үй бүлөлүк балдар үйлөрүнүн тамаш-ашына – 77,7 миң сомго ( 60 сомдон,  110 сомдон  балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу);

-бала бакчалардын жана мектептердин  учурдагы чарбалык товарларын, эмеректерди, коммуналдык төлөмдөргө, парталарды жана компьютелерди сатып алууга жана мектептердин, бала бакчалардын имараттырынын ремонт иштерине 2017-жылга салыштырмалуу акча каражаты  5835,7 миң сомго көп каралууда.

 Ал эми билим берүү мекемелеринин  атайын каражаттары 2017-жылга фактылык түшүүлөрдүн негизинде 7 443,2 миң сомго көп сунушталууда.

Социалдык коргоо тармагына 2018-жылга 25 583,6  миң сом  өлчөмүндө акча каражаты каралды, өткөн жылга салыштырмалуу 1 468,1 миң сомго өсүш менен каралууда.

- Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын каржылоого – 10 640,1 миң сом (2017-жылга салыштырмалуу эмгек акынын жогорулагандыгына байланыштуу эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө 1654,4 миң сомго, жана башка беренелерине 70,0 миң сомго көп каралууда);

- Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын ар-түрдүү иш-чараларына (социалдык жеңилдиктерге, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө материалдык жардам көрсөтүүгө, Афган согушунун жана Чырнобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга   катышкандардын, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ар түрдүү иш-чараларына) – 6 681,5 миң сом;

- «Боорукердик» балдар жана карылар  үй-интернатына – 7 829,4 миң сом (ремонт иштерине жана эмеректерди алууга акча каражаты аз каралууда);

-Ош шаардык Ветерандар Кеңешине – 432,6 миң сом акча каражаты каралып сунушталууда.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгыша бөлүгүнүн 2019-жылга болжолу 989 051,0 миң сом, 2020-жылга болжолу 1 046 529,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

 

Жалпысынан 940 млн сомдук бюджет бекитилип, токтом кабыл алынды. Мындан тышкары биринчи вице-мэр З.Аскаров республикалык бюджеттен дагы акча каражаты бөлүнсө эң керектүү болгон мекеме-ишканага бөлүнө тургандыгын кошумчалады.  

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 13-март күнү Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер катышууда.

Сессиянын күн тартибине  2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету каралды.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык отчетун канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн экинчи жарымында сессия уланып анда калган 10 маселе каралат. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2018 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26