1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (810)

Бүгүн, 12-январь белгилүү обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата Ош шаарында эскерүү болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын өкмөтүнөн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашев, чыгармачыл инсандар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жана Абдыкадыровдун жакын туугандары катышты.

Алгач Сулайман-Тоонун жанында жайгашкан Р. Абдыкадыровдун күмбөзүнө куран окулуп андан соң, Филармониянын жанында жайгашкан обончунун эстелигине гүл коюлуп эскерүү реквиеми болду.
Ош шаарынын мэри А. Кадырбаев аткаруучу талант кыргыздын тарыхында калтырган изи менен элдин жүрөгүндө жашап кала берээрин билдирди.
“Эгер ырдын пири Рыспай агабыз тирүү болгондо бүгүн 75 жашка толмок экен. Тилекке каршы азыр арабызда жок. Бирок, анын аткарган ырлары, жараткан композициялары менен көөнөрбөс таланты элдин эсинде калды. “Атактуу ырчы Рыпбай, ааламдан келген ырыстай” – деп айтылгандай эле, кыргыз маданиятына өз таланты, жараткан обондору, аткарган ырлары менен кайталангыс ырыскысын чачып кете берди. Ошондуктан кыргыз эли бар экен Рыспай агабыздын калтырган эмгектери элдин эсинен чыкпай урпактан урпакка өтүп жашап кала бермекчи”, - деди А. Кадырбаев.
Мындан сырткары, КРнын президентинин жарлыгына ылайык, 2016-жыл “Маданият жана тарых” жылына карата, жана Р. Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында жакынкы күндөрү жалпы журттун катышуусу менен чоң программадагы иш-чара уюштурулаарын калаа башчысы белгилеп өттү.

Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң программадагы концерт менен уланды. Андан соң кыргыз элинин улуттук оюндарынын мелдеши уюштурулду. 

Шаардагы окуу жайлардын жетекчилери, студенттер көркөм чыгармалык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ар бир окуу жайлардын Жаңы жылдык-Аяз ата , аяз кыз, жомок каармандарынын костюмдар парады, концерттик программасы жана КВН оюну тартууланды.
Ошондой эле, 
шаар мэри  Айтмамат Кадырбаев  узап бараткан 2015-жыл  Ордолуу Ош шаары үчүн жакшылыктардын, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жылы болгондугун белгилеп, калаа тургундарын жаңы жыл майрамдары менен куттуктады.

“ Урматтуу мекендештер! Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!
Сиздерди 201
6- жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.
Жыл тогошор мезгилде жаңы жылга ак дил, аруу тилектер менен кадам таштап жатып, 
2015-жылды жыйынтыктап айтканда Ош шаары көрктөнүп, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшүп, дээрлик бардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча республикабызда алдыңкы катарга чыкты. Алдыбызда шаарбызды өнүктүрүүнүн, элибиздин бакубат турмушун камсыздоонун, ынтымак-ырашкерликти бекемдөөнүн айкын милдеттери турат. Биз ал максаттарбыздын аткарылышына терең ишенебиз.Көп улуттан турган ордолуу Ош шаарыбыздын тургундарынын бири-бирине, эң башкысы башкаруу жана аткаруу бийлигине болгон ишеними бекемделди.

Жаңы жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарынан орун алуусуна ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө барандуу салымыңыздарды кошооруңуздарга терең ишенип турам. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да – Эл.
Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын.Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкердик түбөлүккө орносун. Жапыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм.
Жаңы жылыбыз – ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун!”,-деп билдирди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын алкагында фейрверк, жаңы жылдык салюттар атылып, шаар жаштары жана меймандары үчүн атайын заманбап ырлардын жаңыруусунда  дискотека менен аяктады.

Жаңы жылдык майрамга 15 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Коомдук телерадио корпорациясынын биринчи радиосунун угармандарынын тандоосу менен “Жылдын мыкты мэри” наамына ээ болду. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ош шаарынын маданият тармагын өнүктүрүүгө, туризм тармагын өнүктүрүүгө ар тараптан кошкон зор салымы жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн “Маданияттын мыктысы” төш белгисине татыды.

Бүгүн, 30-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев спорт тармагында 2015-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен Дүйнө жана Азия чемпиондору, КРнын VII- спартакиадасында ийгиликтерге жетишкен спортчулар, машыктыруучулар  менен жолугушту. Анын негизинде Ош шаарынын спортчулары жыл ичинде кандай ийгиликтерге жетишишти жана келечектеги максаттар тууралуу ой бөлүшүп,  Жаңы жыл алдында каалоо-тилектерин айтышты.

 

Калаа башчысы, өтүп бара жаткан 2015-жыл Ош шаарынын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгондугун белгилеп, сыймыктануу менен жылды жыйынтап жаткандыгын билдирди.

“Жыл ичинде Дүйнөлүк, Азия жана Эл аралык турнирлерде Ош шаарынын спортчулары 76 алтын, 88 күмүш жана 115 коло медалдарды жеңип, шаардыктарды кубандырышты. Өзүңөр билгендей «Алай» командасы Өлкөнүн чемпиондугун жеңип алды. Жакында эле FIFAнын колдоосу менен футбол Академиясынын курулушун баштадык. Мындан сырткары, Республикалык VII спартакиадага Ош шаарынын 188 спортчусу катышып,    командалык эсепте 4-орунду ээлешти жанаен жеке эсепте 7 алтын, 10 күмүш жана 30 коло медалга татыктуу болушту. Бир сөз менен айтканда Сиздер шаарыбыздын намысын гана коргобостон, эл арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту, спорт аркылуу элибиздин генофонун сактоо үчүн биринчи кезекте сергек жашоого жетишүүнүн, спорт-бул тынчтыктын, биримдиктин, туруктуулуктун данакери экендигин көрсөтө алдыңыздар.  Спорттун тарыхында спортчулар өз  мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан   Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Ал үчүн биз Өлкөбүздүн Түштүк  борбору болуп саналган Ош шаарында спортту колдоого, өнүктүрүүгө жана  биздин спортчуларыбыздын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишишине  шарт түзүүбүз зарыл”,-деди А.Кадырбаев.

“Быйыл шаарыбыздын   шаардын тарыхында биринчи жолу 4 спортчу Азиянын чемпиондугун жеңип алышты. Алар: дзю-до боюнча Сагынбай уулу Баяман, самбо боюнча Жаныбек уулу Самат, Орозбек уулу Автандил, грек-рим күрөшү боюнча Жунусов Имур. Ал эми Марокконун Касабланка шаарында өткөн Самбо боюнча Дүйнө чемпионатында Жаныбек уулу Самат экинчи, Орозбек уулу Автандил 3-орунду, Россия Федерациясынын Оренбург шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк кубок үчүн мелдеште Каныбек уулу Мыктыбек 2-орунду ээлешти. Өз кезегинде мэрия тарабынан мүмкүн болушунча   спортту, спортчуларды  колдоого, шарт түзүүгө   аракеттер көрүлүп жатат. Алсак,   спорттук иш чараларды колдоого   жергиликтүү бюджеттен 2014-жылы 19,4 млн, сом, 2015-жылы 21,5 млн. сом жумшалса, 2016-жылы да көбөйтүү пландалып жатат. Буюрса, 2016-жылы Ордолуу Ошубуздун Туусун бийик көтөрүп,   көптөгөн спорттук ийгиликтерди жаратууга  аракет кылабыз”,-деп билдирди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө, Айтмамат Кадырбаев Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын, Республикалык VII спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө, жылдын мыкты спортчулары жана машыктыруучуларына мэриянын Ардак грамоталарын, акчалай сыйлыктарын, сертификаттарын тапшырды.

 

Жалпы, 100гө жакын спортчу, машыктыруучулар сыйланды.

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Нурлан Курманбаев жетектеген жалпы  жамаат, 28-декабрь күнү боорукердик карылар жана балдар үйүнө жаңы жыл майрамдары менен куттуктап барышты. Анын негизинде ишкана кызматкерлери карыларга жана балдарга 1 кой, тамак-аш, азык-түлүк  жана шириндиктерди тартуулашты.

 

“Биздин ишкананын кызматкерлери  жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тартышты. Биз муну менен ишкананын жана кызматкерлердин үй-бүлөлүк бюджетин үнөмдөөнү чечтик. Жаңы жылдык көңүл ачуулардан баш тартып, анын ордуна муктаж болгон жетим балдарга жана карыларга майрам уюштуруп берүү туура көрдүк”, - деди Н.Курманбаев.

 

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарына,  шаардык мекеме-уюмдардын жамааттарына Жаңы жылдык  корпоративтерди  өткөрбөө туурасында  атайын кайрылуу жасаган. Муну калаа башчысы Жаңы жыл үй бүлөлүк майрам катары саналгандыктан үй бүлөнүн бекемдигин, ынтымагын,  бакыбаттуулугун чыңдоого багытталган кадам  катары баалап, мамлекеттик бюджет менен катар мындан ары    үй бүлөлүк бюджетти да сарамжалдуу пайдаланууга үндөгөн.

 

            Урматтуу мекендештер!

            Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

 

            Сиздерди Ош шаарынын  мэриясынын  жана жеке өзүмдүн атымдан  босогобузда  турган 2016-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм.

            Эски жылды узатуу, Жаңы жылды тосуу аземи өзгөчө салтанат, шаан-шөкөт менен  белгиленип, жан дүйнөбүзгө жагымдуу маанай тартуулайт. Ар бир сезимтал инсан жыл ичинде  жасаган эмгегин көңүл көз алдынан өткөрүп, өзүнө-өзү баа берет. Ийгилигине кубанып, өксүктөрүн толтурууга ниеттенип, жаңы жылга максат, тилектерин бекемдейт.

            Биз узатып жаткан 2015-жыл сүйүктүү Ош шаары жана шаардыктар үчүн оомат коштогон  ийгиликтүү жыл болду  десем жаңылышпаймын. Шаардыктар чыдамсыздык менен күткөн     көпүрөнүн курулушу өз мөөнөтүндө аяктап, пайдаланууга берилди. 22 балдар аянтчасы реконструкцияланды. «Тээке» айылындагы Мырзаев атындагы мектептин спорт, актовый залдары, ашканасы, отказаны, Алымкулов мектебинин  кошумча окуу корпусу, «Амир-Темир» аймактык кеңешинде  95, «Жапалак» айылында  120 орундуу балдар бакчалары курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан сырткары 5 балдар бакчанын курулушу жүрүп, анын ичнен  1 бала бакча пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. Шаардыктардын маданияттуу эс алуусу үчүн 4 сейил багы толугу менен реконструкцияланды.

            Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу  республикалык бюджеттин   эсебинен 20 млн. сом жана ал эми Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каражатынын эсебинен    125 млн. сом жумшалып, шаардын  12 км. ички жолдору  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары  жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жыл ичинде  шаардын жолдорун куруу, оңдоп-түзөө иштерине 64 млн.522 миң сом акча каражаты жумшалды.

            Капиталдык курулуш жаатында  жергиликтүү бюджеттен 102 млн. 316 миң сом жумшалып,  29 курулуш обьектинде курулуш-монтаждоо жана ремонт иштери  жүргүзүлдү.

            Шаарыбызда алгачкы жолу 17 модулдук откана курулуп, 26 отказан алмашылды. Натыйжада «Жылуулуккамсыздоо» муниципиалдык ишканасынын   бардык отканалары  жаңыланып, заманбап  отказандар  менен толукталды.    

            «Туран» аймактык кеңешинин жашоочуларын  4 жылдан бери чечилбей келе жаткан газ менен камсыздоо  аягына чыгып,  6  млн сом сарпталуу менен 1,3 км. газ түтүктөрү калыбына келтирилди. 

            Жергиликтүү бюджеттен 2 млн 500 миң сом , АРИСтин долбоору менен    8 млн 200 сом жумшоо менен «Жапалак» айылдык аймактык кеңешинин  4 көчөсүнө 4 км. газ  түтүгүн  орнотууга жетиштик.

            Мындан сырткары   шаар калкын   таза суу менен камсыздоо максатында  Азия Өнүгүү Банкы тарабынан  11 млн. 890 миң АКШ доллары, Европа Өнүктүрүү жана Реконс тукциялоо Банкы тарабынан  8 млн. 450 миң Евро өлчөмүндө каражат сарпталып,  сыйымдуулугу  6 миң кубдук 2  таза суу кампасынын  курулушу жүрүп жатат. Ушул эле сыймдуулуктагы дагы бир резервуарды реаблитациялоого   республикалык бюджеттен  59,0 млн.сом бөлүнүп,  суу түтүктүрү  жаңыланды.  Саркынды сууларды тазалоочу бекеттин  механикалык тазалоо  жабдууларын   сапаттуу, заманбап жабдуулар менен алмаштырууга 1 850 000 Евро  жумшалды.

            Жыл ичинде социалдык тармакта, спортто, маданиятта жетишкен ийгиликтерибиз да арбын болду.

            Жыйынтыктап айтканада сапары карып бара жаткан 2015-жыл Ош шаары үчүн жемиштүү жыл болу менен  шаарыбыз  өсүп-өнүгүү жолуна багыт алды.  

            Келе жаткан мечин жылында да чоң-чоң долбоорлорду аткарылышы күтүлүүдө. Буюрса    Жаңы жылдагы   иштерибиздин жыйынтыгына  кезинде өзүңүздөр күбө болосуздар.

 

            Урматтуу  мекендештер!

 

            Сапары карып бара жаткан жылдагы  ийгилигибиз бул - өлкөбүздүн тынчтыгы, көп улуттуу элибиздин биримдиги, ынтымагы болуп саналат.Келе жаткан Жаңы жыл Кыргызстаныбызда, анын ичнде Ош шаарында тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, молчулуктун, ынтымак-ырашкердиктин жылы болсун!  

            Эл ичинде илим-билимге, ыйманга умтулган жаштарыбыздын катары көбөйсүн!

            Жаңы жылыңыздар кут болсун!

 

Бүгүн, 28-декабрь күнү Ош шаарынын С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  жаш балдарга арналган Жаңы-жылдык балаты майрамы болуп өттү. Ага КРнын өкмөт башчысы Темир Сариев, КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарбашев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрлер, мугалимдер жана окуучулар катышышты.

 

Иш-чаранынын негизинде, “Таберик” балдар чыгармачыл тобу тарабынан Аяз Ата, Аяз Кыздын катышуусунда  театралдашкан жомок көрсөтүлүп, жалпыга  ыр, бий тартууланды.

Премьер-миниср катышуучуларды Жаңы-жылдык балаты майрамдары менен куттуктап, достукка, ынтымакка чакырып өттү.

“Бүгүн Ош шаарында өзгөчө майрам. Анткени, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын бөбөктөрүн, окуучуларын, балдар интернаттарында тарбияланган окуучуларды бириктирип балаты майрамын тартуулап жатабыз. Мамлекетибиздин келечек муундары, жаш бөбөктөр жаңы жылда силердин окууңарга ийгиликтерди жана достукту, ынтымакты каалайм.”,-деди Т.Сариев.

 

Ошондой эле өкмөт башчы, алдыңкы активист окуучуларга,  ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды.

 

Жалпысынан балаты майрамына 700дөн ашуун облустардын мектептердин, балдар интернатын окуучулары,жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар катышышты.

Ошто 22-декабрь күнү Семетей кинотеатрынын чоң залында шаардагы  жаштарга туура багыт берүү, аны менен кошо эле бир топ көйгөйлөр туурасында мектеп окуучуларынын оюн билүүнү колго алып, келечек ээлери аталган мектеп окуучуларына “Кесипти туура тандап, өлкөңө салым кош”  аттуу семинар болуп өттү.

 

Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, шаардык кеңештин депутаты Сонунбек Жунусбаев, Ош МУнун магистратура департаментинин директору Эрлан Камалов,

 массалык маалымат каражаттары, окутуучулар, мыкты кесип ээлери жана шаардагы мектеп окуучулары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө окуучулар ийгиликке жеткен мыкты кесип ээлеринин кеңештерин угуп, кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты.

 

Айрым өлкөлөрдө кесипке багыт берүү жаш кезинен тарта эле башталат. Анын жыйынтыгында,  туура багыт алган окуучулар, мектепте окуп жаткан кезинен эле, тандап алган кесипке тиешелүү сабактарды окуп үйрөнө баштайт.  Кесипти туура тандаган окуучулар, мыкты билим алса, кесипкөй  адистерге  мамлекет бай болот. Өз кесибин мыкты билип, эли жерине, мамлекетине өз салымын кошкон кесип ээси болуу,  терең билимди,талыкпас эмгекти, өжөрлүктү талап кылат.Албетте кесип тандоодо өзүңөрдүн каалооңорго, жөндөмүңөргө жана ата-энеңердин сунуш-пикирине карагыла”-деди И.Эргешов.

“Кесипти туура тандап, өлкөңө салым кош”  аттуу семинар  Айчүрөк Мансурова жетекчеген “Аял - улут жүзү” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленген.

 

 “Чын эле бизде мыкты адистер аз санда.  Биз ушул маселени колго алып келечек ээлери аталган мектеп окуучуларына “Кесипти туура тандап, өлкөңө салым кош” аталышындагы семинарды баштадык. Биздин бул аракетибизге кайдыгер болбой колдоо көрсөткөн  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийлик жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы.

Эң башкы маселе, бул атактуулукка жеткен жанагы эле кесиптин ээлери жылына миңдеп, жүздөп бүтүп жатат.  Бирок алардын баарын  мамлекет эч кандай жумуш менен камсыз кыла албайт, жана жетишпейт.  Демек,  бизге жогорку окуу жайын эмес, орто кесиптик билим берүүнү аяктаган жаштарыбыз керек болуп жатат экен деген сөз.

Иш-чарабыздын жүрүшүндө албетте окуучуларга туура багыт берүүнү эң башкы маселе кылып ар биринин оюн угуп, туура чечим чыгаруусу үчүн  алардын  жөндөмдүүлүгүн,  психологиялык, физикалык абалына жараша туура кеңеш бергенге араткет жасап жатабыз”,-дейт А.Мансурова.

 

Эске салсак, аталган семинар  Ош шаарындагы К.Маркс, Ж.Бөкөнбаев атындагы жана Ноокат районунун мектептеринде өткөн.

          Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарына,  шаардык мекеме-уюмдардын жамааттарына   Жаңы жылдык  корпоративтерди  өткөрбөө туурасында  атайын кайрылуу жолдойт.

          Муну калаа башчысы Жаңы жыл үй бүлөлүк майрам катары саналгандыктан үй бүлөнүн бекемдигин, ынтымагын,  бакыбаттуулугун чыңдоого багытталган кадам  катары баалады. Экономикалык каатчылыктын кара туманы  дүйнө алкагын каптап баратканы  ачык  байкалып жаткандыктан ысырапчылыкка жол бербей, мамлекеттик бюджет менен катар мындан ары    үй бүлөлүк бюджетти да сарамжалдуу пайдаланууга үндөдү.

         Ош шаарынын тургундарын  жана конокторун 2016-Жаңы жылды сергек жашоо үлгүсүндө сарамжалдуу  тосуу максатында мэрия  тарабынан уюштурулган  түрдүү оюн-зоокторду, концерттик программаларды, кинотасмаларды  көрүүгө чакырат.Майрамдык иш-чаралардын  афишаларын мэриянын расмий сайтынан  жана  «ОшТВ» телеканалынын  кулактандыруу жана  жарнак берүүлөрүнөн тааныша аласыздар.

 

           Жаңы жылыбыз жакшылыктын, ынтымак - биримдиктин жылы болсун! Ата Мекенибизди, ордолуу Ош шаарыбызды оомат коштосун!

 Ош шаарынын маданият башкармалыгы  билдирет:

 

  Ош шаарында Жаңы Жылдык майрамга карата өтүүчү маданий иш чаралар

 

Өтүлүүчү орду: Театрлар, филармоня, борбордук аянт, ж.б.

 

Эмне?

Кайсы жерде?

Качан?

Канчада?

1

 

“Маугли” балдар спектакли

 

ОМАӨМДТ

(Бабур театры)

 

14.12.15

10.01.16 чейин

 

1с  10:00

2с  12:30

2

“Носорог менен жираф”

балдар спектакли

№9  Б.М.Рудаки атындагы мектеби

(Куурчак театры көргөзөт)

18.12.15

 

 

3

Ош шаарынын мэри А.Т.Кадырбаевдин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаны жылдык бал маскарады

 

ОУДТ

 

25.12.15

 

10:00

4

“Алтын жөжө” балдар спектали

“70 жылдык” мектеби

(Куурчак театры көргөзөт)

 

26.12.15

 

 

5

“Кара-Кулжа талантары” аттуу

концерт

ОМАӨМДТ

(Бабур театры)

26-27.12.15

18:00

6

КРнын премьер министири Т.А.Сариевдин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаны жылдык

бал маскарады

 

ОУДТ

 

28.12.15

 

10:00

7

 

Балдар үчүн жомок

 

ОУДТ

25-31.12.15

11:00

13:00

15:00

8

Тынар Курбаналиев

“Мыскыл жана тамаша”

ОМАӨМДТ

(Бабур театры)

29.12.15

2.01.16

чейин

 

19:00

9

Балдар үчүн “Цирк”

ОМАӨМДТ

(Бабур театры)

3-4-5.01.16

 

10

 

“Мадагаскар бизде мейманда”

 

Борбордук аянтта

 

31.12.15

 

12:00-14:00

10

 

«Келечек» чыгармачылык борбору

 

Борбордук аянтта

 

31.12.15

 

14:00-15:00

11

Ш.Б.Б.Б жаңы жылдык атайын программа

Борбордук аянтта

31.12.15

15:00 16:00

12

 

Спорттук жаңы жылдык программа

 

 

 

Борбордук аянтта

 

31.12.15

 

16:00-17:00

13

ОшМУ

ОшТУ

Ош МСУ

ОГПИ

 

Борбордук аянтта

 

31.12.15

17:00-18:00

18.00 19:00

19:00-19:30

19:30-20:00

14

Жаңы жылдык дискотека жана майрамдык концерт

 

Борбордук аянтта

 

31.12.15

 

20:30-22:00

 

 

 

 

 

 

 

15

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чон зал
"КУРУТ" (кинокомедия) (120)сом студ: (100)
с
"АРЗЫ" (к
өркөм тасма) (120) сом студ: (100)с
"КУРУТ" (кинокомедия) (120) сом
"АРЗЫ" (к
өркөм тасма) (120) сом
"КУРУТ" (кинокомедия) (120) сом
"АРЗЫ" (к
өркөм тасма) (120) сом 
 "КУРУТ" (кинокомедия) (120) сом


                             Кичи зал                                  "НАПАРНИКИ (кинокомедия) (120) сом студ: (100) сом                                               ӨПӨЛӨК"" (кинокомедия) (120)сом студ: (100) сом
"НАПАРНИКИ" (кинокомедия) (120) сом "К
ӨПӨЛӨК" (криминал (120) сом
"НАПАРНИКИ" (кинокомедия) (120) сом
ӨПӨЛӨК" (криминал) (120) сом 
ӨПӨЛӨК" (криминал) (120) сом

 

 

 

 

 

 

“Ак-Буура” кино театры

 

 

 

 

 

20.12.15

1.01.16

чейин

 

12:30

14:20

15:40

17:30

19:00

20:50

22:10

 

 

11:00

 

13:00

 

14:40

16:40

18:30

20:10

22:00

 

 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26