1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (806)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишине калк тарабынан "Элдик көзөмөл" жүргүзүү механизмин киргизүү – Ош шаарынын мэриясынын сайтына (http: www.oshcity.kg) ар дайым жарандардан кайрылуулар, комментарийлер, сунуштар түшүп турат, жана бул кайрылууларга Ош шаарынын мэриясы өз убагында жана сапаттуу аткарууга жол коюлган.

Андан сырткары, акипресс порталында (httpreporter.akipress.org.dept), жарандар өз комментарийлерин калтырышат.

Ош шаарынын мэриясынын имаратында жарандарды кабыл алуу борбору ачылган. ПРООН программасынын негизинде 300 миң сом бөлүнүп эмеректер, компьютердик жана башка оргтехника сатып алынган.

Жыл башынан бери жалпысы 2,5 миңден ашкан жарандар кайрылышкан, анын ичинен 1,2 миң адам Ош шаарынын мэри өзү кабыл алган.

«166» кызматына 3 миңден ашык чалуулар түшкөн, көпчүлүк кайрылуулар – газ, свет, суу өчүү, мусор чыгаруу тууралуу.

Бул тууралуу 27-январь күнү¸ Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында маалым болду.

 

Өткөн жылда  Ош шаардык мэриясы тарабынан  билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык базасын чыңдоого максатында  да  бир топ  алгылыктуу иштер жасалды. Аталган   мекемелердин  ремонт иштерине 12 млн. сом, компьютер, интерактивдүү доска менен камсыздоого 2,3 млн. сом, китеп менен камсыздоого (Билим берүү министрлиги аркылуу) – 5,2 млн.сом, 1-4 класстын ыссык тамак менен камсыздоого 23,4 млн. сом бөлүнүп (жалпысы 49 млн.сом бөлүнгөн), Ош шаарынын Озгур айылындагы № 33  мектебинин имараты жана спорт залы (240  орундуу), № 45  Мырзаев  мектебинин спорт залы, ашканасы жана жыйындар залы пайдаланууга берилген.

Жалпысы 6 балдар бакчаларынын курулушу жүргүзүлүп, 2 пайдаланууга берилди.

Билим берүү кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү багытында жыл сайын мугалимдерге коммуналдык төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттары берилип келүүдө, 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 9,7 млн. сом бөлүнүп берилген.

Бул тууралуу 27-январь күнү¸ Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында маалым болду.

 

Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаарда эмгектенип жаткан орто жана кенже медициналык кызматкерлерин материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында, жергиликтүү бюджеттен коммуналдык төлөмдөр үчүн 6,8 млн. сом кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ош шаардык клиникалык ооруканага алынган  10 млн. сомдук жаңы санариптик рентген аппараты Алма-Ата шаарынан келген атайын адистер тарабынан орнотулду жана ишке киргизилди. Ошондой эле, Ош шаардык клиникалык оорукананын ичинде 15 жылдан бери ижарада турган имарат кайрадан алынып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, клиникалык-биохимиялык лаборатория которулуп, иштей баштады.

Төрөт стационарына медициналык аппаратура алуу үчүн 5 млн. сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген. Бул акча каражатына ымыркайлар үчүн инкубатор (кювез), ымыркайлардын сарыгын дарылоо үчүн 4 фотолампа, 5 даана ымыркайларга жасалма түрүндө дем алдыруучу СЕПАП системасы, компрессор жана башка жабдыктар, инвентарьлар сатылып алынды.

Ош шаардык балдарды жана үй- бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна (Балдар үйү) Кыргыз Республикасынын Президенттинин аппаратынан  бөлүнгөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатына видеоаппаратура орнотулган.

Бул тууралуу 27-январь күнү¸ Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында маалым болду.

 

Өткөн 2015 -жыл ичинде Ош шаарында 23 ишканалар ачылган (5 жумушчу орундан жогору түзгөн). Анын ичинен 5 ишкана өнөр жай багытында, 10 кызмат көрсөтүү багытында, 7 соода-сатык багытында жана 1 автотетиктер базары ачылды

Жалпысы бул ишканаларда 90 млн.сомдон жогору инвестициялар тартылып, 1223 иш орундар түзүлдү

Мисалы 2015-жылы тышкы инвестицияларды тартуу менен жоопкерчилиги чектелген коом «Жин-Мей» ишканасында Кыргызстанда биринчилерден болгон түстүү телевизорлорду чыгаруу жолго коюлду.

Буга чейин бул ишкана кир жуугуч машиналарды чыгарып келген (2014-жылы 2 миң даана, 2015-жылы 19 миң даана чыгарылган).

Ошондой эле ушул ишкананын базасында быйылкы жылы муздаткычтарды жана газ плиталарды чыгаруусу пландаштырылган (жалпысы 1,7 млн. АКШ доллар тартылат).

Вторник, 26 Январь 2016 10:44

Ош шаары өлкөгө үлгү болду

Автор

Ошто 26-январь күнү “Жылуулук камсыздоо” боюнча Республикалык семинар болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын экономика министринин орун басары Нурлан Садыков,Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, өлкөнүн бардык облус, шаарларынын жетечилери жана тиешелүү өкүлдөрү катышышты. Семинар-кеңешменин жүрүшүндө пленардык жыйын өтүп, анда калаа башчысы А.Кадырбаев тажрыйба алмашуу үчүн атайын алыстан келген меймандарга Ош шаарынын жылуулук берүү системасы, социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Күндүн экинчи жарымында келген коноктор шаардагы бир нече модулдук отканалар менен жеринде таанышышып, Ошто керектөөчүлөргө берилип жаткан жылуулук энергиясын берүүнүн сапатын жана жаңы заманбап отканаларды куруу боюнча маалымат алышты. Заманбап үлгүдөгү модулдук отканаларда электр энергиясы гана үнөмдөлбөстөн, көмүр отунун да үнөмдүү пайдаланууга багытталган. Тактап айтканда эски отказандардын пайдалуу аракет коэффиценти (ПАК) 39-40 пайыз болсо, жаңы отказандарда 80-85 пайызга жетип көмүрдү эки эсе аз сарптайт. Жалпысынан Ош шаарына жаңы 47 отказан орнотулган. Бул көрсөткүч катышуучулардын кызыгуусун жаратып, жылуулук берүүнүн бул системасы өлкөнүн башка аймактарына үлгү боло тургандыгын билдиришти. Андан соң катышуучулар калаа башчысы менен биргеликте Ош шаарын кыдырып, калаадагы сейил бактарды, Навои көчөсүндөгү көпүрөнү жеринде көрүшүп, Сулайман-Тоо этнографиялык комплексинде зыярат кылышты. Жыйынтыгында, өлкөнүн жети дубанынан келген коноктор, чындыгында Ош шаары калкты жылуулук менен камсыз кылуу багытында гана эмес, бардык тармактар боюнча башка калаалардан бир топ алдыда экендигине ынанышты. Айта кетсек, республикалык семинарга өлкөнүн жети облусунан, шаарларынан 100гө жакын киши катышышты.

2015-жылдын курулуш иш планында Ош шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттинен 100 млн. сом бөлүнгөн. Бардыгы болуп 25 курулуш обьектисинин курулуштары жана ремонт иштери каралып, анын ичинен 19 жаңы курулуш обьектилери, 6 обьект мурда бүтпөй келген курулуш обьектилери болуп эсептелет. Жалпы пландаштырылган 25 курулуш обьектисинин ичинен 5 курулуш обьектилери социалдык, калган 20 курулуш коммуналдык жана башка курулуш обьектилери болуп эсептелет.

Бардыгы болуп 16 курулуш обьектилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Калган курулуш обьектилеринде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Андан сырткары жалпы тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен кошумча 7 курулуш обьектилери курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Ошондой эле 2015-жылга шаардын жолдорун куруп, оңдоп-түзөө иштерине Ош шаарынын мэриясынынын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 64 млн. 522 миң сом  акча  каражаты  каралып, 12-айдын отчеттук мезгилде 62 млн. 777 миң сом акча каражаты өздөштүрүлдү.

Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен бардыгы болуп 6 курулуш обьектиси каралып, жалпысынан 80,0 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен 3 балдар бакчасы, 1 мектеп, 1 спорт интернатынын жана канализация түтүкчөсүнүн курулушу пландаштырылып, анын ичинен 2 обьект бүткөрүлгөн (Амир-Темур кичи районуна бала бакча жана кананализация түтүкчөсү).

2014-жылы башталган Россия Федерациясынын каржылоосу менен курулуп жаткан 59,0 млн сом акча каражатына кубаттуулугу 6000 куб.метр болгон суу кампасынын курулушу жана саркынды сууларды тазалоочу жайды капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 26-январь күнү Ошто керектөөчүлөргө берилип жаткан жылуулук энергиясын берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаңы заманбап отканаларды куруу боюнча тажрыйба алмашуу масатында Республикалык семинар болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын экономика министринин орун басары Нурлан Садыков,Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, өлкөнүн бардык облус, шаарларынын  жетечилери жана тиешелүү өкүлдөрү катышышты.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө калаа башчысы А.Кадырбаев      күзгү-кышкы мезгилде элди жылуулук менен камсыз кылуу өтө жооптуу учур экендигин билдирип, тажрыйба алмашуу үчүн атайын алыстан келген меймандарга Ош шаарынын жылуулук берүү системасы, аткарылган иштер,   келечектеги  пландар тууралуу  маалымат  берди.

 “Биздеги маалымат боюнча республикабыздын дээрлик баардык аймагында жылуулук берүү, жылуулук алуу системасы эскирген. Пайдалуу аракет коэффициенти төмөн жабдуулар дале  пайдаланылып жатат. Ал эми рыноктун шартында бул туура эмес. Ошондон улам биз адисттер менен кеңешип олтуруп, абалдан чыгуунун эки жолун тандап алдык.    

Биринчиси, жылуулук берүү системасын электр энергиясынан көмүр менен жылытууга өткөрүү, экинчиси, эскирген жабдууларды пайдалуу аракет коэффициенти жогору жабдууларга алмаштыруу.

         Бул багытта  2014-жылдын күзгү-кышкы мезгилине  даярдык көрүүнүн чегинде       эксплуатациялык мөөнөтү бүтүп, пайдалуу аракет коэффиценти (ПАК) 39-40 пайызга  түшкөн, натыйжалуулугу төмөндөгөн отказандарды жанылоого 6,3 млн сом акча каражатын бөлүү менен заманбап, пайдалуу аракет коэффициенттери 80-85 пайызга жеткен 9 даана отказан сатып алганбыз. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 17,2 млн. сомго  көмүрдө  иштеген модулдук откана алып, мурун электр энергиясы менен иштеп жаткан отканалардын ордуна орноттук.

Шаарыбыздагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кубаттуулугу 16 мВа болгон 2 даана жана кубаттуулугу 400 дөн 1000 кВа чейинки 75 даана трансформаторлор алмаштырылып, 650 даана темир-бетон электр мамылары орнотулуп, аба жана кабелдик чубалгылар алмаштырылды.  Андан тышкары мурун жылуулук албай жүргөн 27 көп кабаттуу үй бүлөлүк жатаканалар, 50 көп кабаттуу үйлөр борбордоштурулган жылуулук тармактарына уланды.    Жогорудагы иш чаралардын негизинде негизинде   жылытуу сезонунда  905,9 тонна көмүр  жана 19,5 мВт электр энергиясын үнөмдөөгө жетиштик.

         Ошондой эле 2015- жылы   керектөөчүлөрду жылуулук энергиясы менен камсыздоону өнүктүрүү аракетин улантып,   мурунтан жылуулук албай жүргөн көп кабаттуу үйлөрдү жана социалдык багыттагы мекемелерди жылуулук менен толук камсыздоо үчүн   13 модулдук откана курууга жана 17 даана эскилиги жеткен отказандарды алмаштырууну пландаштырыганбыз. Азыркы учурда анын ичинен  13 модулдук откана орнотулуп, 9 модулдук откана иштеп жатат. Бул багытка 82,9 млн сом акча каражаты жумшалды. Биздин эсеп боюнча 28224 мин кВт электр энергиясын, ал эми отказандарды алмаштыруу менен сезондо 700 тонна көмүр отунун үнөмдөөгө жетишебиз.

         Шаардыктарды жылулук менен камсыздоодогу бул алгачкы саамалыктарыбыз  мындан ары да улантылат. Алдыбызда бийик максаттарыбыз, ири долбоорлорубуз бар”,-деди А.Кадырбаев.

-“Күзгү-кышкы мезгилде элди жылуулук менен камсыз кылуу актуалдуу болуп турат, ошондуктан өлкө жетекчилиги да, жергиликтүү бийлик органдары да жыл сайын бул маселеге өзгөчө мамиле жасоо менен мүмкүн болгон аракеттерди көрүп келе жаткандыгы белгилүү. Чындыгында Ош шаарында калкты жылуулук менен камсыздоо тармагында көптөгөн алгылыктуу жумуштар жасалды. 2015-2016-жылдардын күзгү-кышкы жылуулук берүү өнөктүгүнүн алкагындагы   иш-аракеттер менен таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында бүгүнкү семинар уюштурулду. Республикабыздын бардык аймагында Ош шаарынын мэриясынын жылуулук менен камсыздоо жаатында аткарган иштерин үлгү катары кабыл алып, аны турмуштук жүзөгө ашырууга тийишпиз. Тактап айтканда  заманбап модулдук отканаларды орнотууну өлкөбүздүн башка шаар,облустарына жайылтышыбыз керек”,- деди Н.Садыков.

Семинардын алкагында   катышуучулар күндүн экинчи жарымында шаардагы модулдук отканалар менен жеринде таанышышат.

Бүгүн, 21-январь күнү Кыргыз Республикасынын  Өкмөт Аппаратынын өкүлү Жээнкулов Асранкулга  премьер-министр Темир Сариевдин атынан 50 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырды.

 

Жээнкулов Асранкул  1988-жылы туулган, I топтогу майып , жаштайынан шал оорусу менен жабыркайт. Ата-энеси менен Ош шаарында жашайт. Асранкулга материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу чечим үй-бүлөнүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.

Ошто Н.Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды. Курулуш иштери менен 20-январь күнү шаар мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып чыкты.

 

Калаа башчысы көпүрө бүтсө, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга  ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди.

 

“ Бул көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын негизинде курулуп башталды.  Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 млн сомго бааланган. Курулуш мөөнөтү бир жыл,бирок биз ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда студенттер шаарчасы аталган  “Түштүк –Чыгыш” кичи районунан  “Резиденция”  районуна өтүү үчүн бир топ жерлерди айланууга туура келет. Көпүрө бүтсө шаардын эки аймагын бириктирип, унаа тыгындары азайып, тургундарга жана студенттерге бир топ ыйгалуу болот”,-деп билдирди А.Кадырбаев.

 

Шаар  башчысы тиешелүү жетекчилерге, куруучуларга эң башкысы курулуштун сапатына маани берүүнү тапшырды.

 

Көпүрөнүн курулуш иштери  ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзөт.

Ошто 11-январдан баштап жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын олимпиадасы жүрүп жатат. Анын жүрүшү менен 14-январь күнү шаар мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

“Учурда Ош шаарындагы мектеп окуучулар арасында предметтик олимпиада экинчи жолу электрондук ыкма менен өтүүдө. Бул сынакта балдарыбыздын билим деңгээли, интелетуалдык ой жүгүртүүсү жана жөндөмдүүлүгү бааланат.Буга чейин олимпиадаларда коррупциялык элементтреге жол берилип, ачык айкын өткөрүлбөй келгени баарыбызга белгилүү. Электрондук ыкманын негизинде сынак, таза, ачык өтүп, катышуучу акыркы суроосуна жооп берери менен жыйынтыгын көрө алат.Ошондой эле окуучулардын ата-энелери, мугалимдер сырттан экран аркылуу балдары канча упай алганын, канча убакытта жооп бергенин көрө алышат. Мындай система менен өткөрүү биринчилерден болуп Ош шаарында өткөн жылы ишке киргизилди. Анын жыйынтыгы жакшы болуп, 2015-жылы Ош шаарынын окуучулары Республикалык олимпиадада 2-орунду багыдырып келишкен. Быйыл ал көрсөткүчтү көтөрүүгө ниетибиз чоң. Албетте, балдарыбызга татыкутуу билим,тарбия берсек келечекте мамлектибизди, шаарыбызды өнүктүрүүгө чоң салым кошушат”,-деди А.Кадырбаев.

Андан соң калаа башчысы, олимпиаданын жүрүшүнө байкоо салып олтурган ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашты.

Олимпиаданын электронук ыкма менен таза, адилеттүү өтүп жаткандыгына ата-энелер, мугалмдер күбө болуп, окуучулар билимдеринин туура баалангандыгын билдиришти.

Олимпиаданын биринчи баскычы ар бир мектепте өтүп,анда биринчи орунду багындырган окуучулар гана шаардык олимпиадада билимин сынашууда.
Жалпысынан 11 предмет боюнча 1579 окуучу катышууда, алдыңкы орунду багындырган катышуучулар республикалык олимпиадада Ош шаарынын намысын коргошот.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Октябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26