1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (795)

Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек кичи районундагы №71 “Үмүт” балдар бакчасынын абалы менен таанышып чыкты. Шаар мэри үнөмдөлгөн акчага бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталаарын билдирип, долбоорун даярдоо тапшырмасын берди.

Буга чейин Ак-Тилек кичи районунун тургундары калаа башчысына бала бакча зарылчылдыгы менен кайрылышкан. Ак-Тилекте мамлекеттик “Үмүт” балдар бакчасы гана бар. Аталган бала бакчада 200дөн ашуун бала тарбияланат. Мэр балдардан да кабар алып, балдарга берилчү тамакка өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

“Жакында жер маселеси чечилсе Ак-Тилек кичи районуна да жаңы бала бакча курабыз. Шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүшүбүз керек. Быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулат. Ак-Тилекке үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакча катары салууну пландадык. Мындан тышкары берилип кеткен 4 бала бакчанын мурунку имараттарын кайтырып алып, оңдоодон өткөрөбүз”,-деди калаа башчысы.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана шаардын инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн ишкерлер мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлыкты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырып, ишкерлерге ыраазычылык билдирди. “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланып, ачылыш аземи борбордук стадиондо өттү. Кароосуз калган стадионду аз убакыттын ичинде оңдоодон өткөрүүгө жардам бердиңиздер. Эл үчүн, шаар үчүн кылган эмгегиңер чоң. Мына эми шаардыктар шарты бар стадионду футбол көрүп жатышат. Мындан тышкары бир топ иштерге жардам көрсөтүлдү. Мэрия тарабынан да бир канча иштер башталды. Ишкерлерди дайым колдойбуз. Ош шаарында ишкерлерге тоскоолдук болбош керек”,-мэр Т. Сарыбашов.

Белгилей кетсек, борбордук А. Сүйүмбаев стадионундагы аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү ишкерлердин колдоосу менен аткалды. 
Мындан тышкары бир канча долбоорлорго колдоо көрсөтүп жатышат.

Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган ишкерлер:


- Аматов Абдикарим Мавлянович -“ЖБИ-4” акционердик коомунун жетекчиси,
- Бакир уулу Шахназар -“Сапат GLOBAL” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Бакыев Айдар -“Сити Маркет” соода комплексинин жетекчиси,
- Джусупов Эмилбек Рамидинович -“Эмаком Холдинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Жутанов Мэлис Токтоназарович -“Амантур Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Исаев Марс Асанович -“IZЮМ Group” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Кубатов Азамат Кимсаналиевич -“Темир-Таш” акционердик коомунун жетекчиси,
- Маматалиев Жумабек Маматалиевич -“Насостук завод” акционердик коомунун жетекчиси,
- Мирзаев Сухбатила Нематович -“IMZO AKFA” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Омурзаков Элдияр Жаркынбаевич -“CARS” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Ормонова Динара Каржодуевна -“Мурас” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Орозбаев Замирбек Эргешович -“ВИЗИОН ГРУПП” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Осмонов Айбек Жапарович -“Ихлас” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Султанова Жылдыз -“Хан Ордо” ресторанынын жетекчиси,
- Ташов Имамидин Асамидинович -“KG Group” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси,
- Тохтахунов Музаффар Молоханович -“Галерея Ош” соода үйүнүн директору,
- Эшалиев Мирлан Сапарбекович -“Сынташ” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси.

Бүгүн, 14-майда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Сессиянын күн тартибине жалпы 16 маселе коюлуп, талкууланууда.

-“Ош шаардык мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө,

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иштеринин натыйжалуулугу жана мектеп, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин сапаттуулугу жөнүндө,

 -Ар түрдүү маселелер,

-Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жөнүндө,

-Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, -Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө,

-Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү дарактарды кыюууга уруксат берүү жөнүндө,

-Ош шаарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө,

-Коомдук ишмер, дипломат, илимпоз, Сыдыков Батирали Сыдыковичтин ысымын Кыргыз-Өзбек университетине ыйгаруу боюнча КРнын билим берүү жана илим министрлигине сунуш берүү жөнүндө,

 -Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө,

 -“Жапалак жайыт комитетине берилген техникаларды пайдалануу, механизаторлорду тандоо боюнча конкурстарды өткөрүү жөнүндө” Жобо жөнүндө,

 -Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндегижер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө,

-Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аймагындагы дарактарды кыюууга уруксат берүү жөнүндө,

 -Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №256 дарегиндеги шаар куруу түйүнү жөнүндө,

-Ош шаарынын Ленин-Сүйүнбаев-Курманжан Датка көчөлөрүнүн чегиндеги шаар куруу түйүнү жөнүндө,

 -“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

Ар бир маселе боюнча тийиштүү өкүлдөр маалымат берип, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан каралууда.

Ош шаарынын четиндеги 222-кварталдын 6-көчөсү менен 8-көчөсүн шагылдоо иштери толук аяктады. 

Жаңы конушка жолду шагылдоо боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун протоколдук тапшырмасы берилген. 11-майда аталган эки көчөнү шагылдоо иштери аягына чыкты. Шагыл 1, 3 чакырым узундуктагы көчөгө төшөлдү.

Калаа башчысы шаар четиндеги жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү бир четинен чечүү аракеттери көрүлөөрүн билдирген.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун каармандары!
Кадырлуу мекендештер!
Сиздерди Ош шаарынын мэриясынын, жалпы эле шаардыктардын жана өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. 
Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 74 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы бүгүн да көз алдыбыздан кетпей, биз менен кошо жашап келет.
Кан майданга аттанган уулун бир көрүүгө зар болгон ата-эненин көз жашын, атасыз жетим өскөн баланын өксүгүн, бешиктеги баланын жытын искей албай, кан майданда курман болгон жоокерлердин арманын, он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе кара кийинген кыз-келиндердин кайгы-муңун эч нерсе менен салыштырууга болбойт.
Бирок, согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 74 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык. Биз бүгүн ушул чындык менен жашап, ушул чындык үчүн күрөшүп келебиз.
Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган 14 621 мекендешибиздин, анын ичинен баатырларча курман болгон 3 627 жердешибиздин ысымдары, алардын эрдиги менен сыймыктанбай кое албайбыз.
Тилекке каршы согуштан Жеңиш менен элине аман-эсен кайтышкан 10 979 эр азаматыбыздын көзү өтүп кетти. Бирок, Жеңиштин 74 жылдыгын биз менен кошо белгилей албай калган мекендештерибиздин ысымдары эч качан унутулбайт. Алар дайыма биз менен бирге, алардын ысымы түбөлүк тирүү, биздин катарыбызда. 
Жеңиш майрамын быйыл Ош шаарында биз менен бирге согуштун 7 баатыры, ооруктун 19 каарманы чогуу белгилеп жатышат. 
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келишүүдө. Ал эми биздин ыйык милдетибиз – ардактуу ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү.
Урматтуу ардагерлер! Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жаныңарды аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип, таазим кылабыз!
Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун!
Жеңиш майрамыңыздар менен!

Ош шаарынын жапалак айылдык башкармалыгына караган арек айылынын жусубалиев көчөсү асфальттала баштады.

Жолдун четине сугат суу үчүн лотоктор орнотулган.

Буга чейин курулуш иштери менен шаар мэри таалайбек сарыбашов таанышып, асфальт сапаттуу төшөлүшү керектигин билдирген.

Асфальтталуучу жолдун узундугу 800 метрге жакын болуп, кеңдиги 6 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 2-кварталда пайдаланууга берилет.

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка вице-премьер министр Замирбек Аскаров, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, күч түзүмдөрдүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач, согуштун ардагерлери жана жетекчилер "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Андан соң, Курманжан Датка көчөсү менен шаардык мэриянын эски имаратынан бобордук аянтка чейин “ Өлбөс- өчпөс полк” акциясы өттү. 
Шаар мэри Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен катышуучуларды майрамы менен куттуктады. 
“Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 74 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы бүгүн да көз алдыбыздан кетпей, биз менен кошо жашап келет. Согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 74 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык. Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган 14 621 мекендешибиздин, анын ичинен баатырларча курман болгон 3 627 жердешибиздин ысымдары, алардын эрдиги менен сыймыктанбай кое албайбыз. Жеңиш майрамын быйыл Ош шаарында биз менен бирге согуштун 7 баатыры, ооруктун 19 каарманы чогуу белгилеп жатышат. Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келишүүдө. Ал эми биздин ыйык милдетибиз – ардактуу ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү”,-деди Т.Сарыбашов. 
Ошондой эле, вице-премьер министр Замирбек Аскаров катышуучуларды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөдү. 
“ Биз, УлууАта Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, Ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет. Алардын баскан жолу, түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү өмүрү эч качан унутулбайт. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди З.Аскаров. 
Борбордук аянттагы майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, "Келечек" балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле,Т.Сатылганов эс алуу багындагы “Этно” кафеде ардагерлер үчүн “Аскер тамагы” , сый тамак тартууланып, концерттик программа менен коштолду. 
Жалпы майрамдык иш-чарага 15 миңден ашуун адам күбө болду. 
Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Алардын ичинен 3 627 адам курман болгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 7 катышуучусу, 19 ооруктун каармандары Жеңиштин 74 жылдыгын майрамдап жатышат.

Саат 09:00. “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюу аземи,
Саат 10:00. “Өлбөс - өчпөс полктун” “Келечек” балдар чыгармачыл борборунан Курманжан Датка көчөсү менен борбордук аянтка карай жүрүшү,
Саат 10:25. Борбордук аянтта театрлаштырылган маданий- массалык программа, 
Саат 12:30. “Т.Сатылганов” эс алуу багындагы “Этно” кафесинде ардагерлер үчүн “Аскер тамагы” (солдатская каша) берилет.

Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кореянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэек менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү, айыл чарба, туризм багытында эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болду.
Калаа башчысы Кореядагы шаарлар менен Ош шаарын тыгыз кызматташтыруу маселесин да айтып өттү.
Элчи Ха Тэек мырза жаңы долбоор менен кызматташуу болоорун билдирди.
 

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.

Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын текшерип, жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери уланаарын билдирди.
Аталган көчө шаардын Шейит-Төбө аймагында жайгашып, жол каралбай калган. Мыйзамсыз курулуштар алынып, жол четине арыктар (лоток) коюлуп, жөө адамдар басуучу жол (тротуар) да курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 260 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт. Ал эми асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26