1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (786)

Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарындагы үлгүлүү үй катары оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кулатов кичи шаарчасындагы №6,8-көп кабаттуу үйлөр пайдаланууга берилди. 

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тиешелүү жетекчилер, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Т.Сарыбашов бул долбоор Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашып жатканын билдирди. Мэр өзү презентация жасады. 

«Көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, алдына асфальт төшөө, жашылдандыруу аянтчасын тосуу, тротуарларына брусчатка басуу, балдар аянтчасын куруу, түнкү жарыктандырууну камсыз кылуу, үйлөрдүн айланасын жашылдандыруу, кабаттуу үйдүн сырткы бөлүгүн подьездердин терезелерине жаңы айнектерди орнотуу, чатырларын оңдоп-түзөө, канализациялык тутумдарын оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Мындай иштер шаардагы башка көп кабаттуу үйлөрдө, жашоочулардын сунуштары, колдоосу менен уланат. Шаар шаардай болгону жакшы. Бул үйлөрдү үлгү катары оңдодук, жашоочуларга шарт түздүк”,-деп билдирди мэр.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы 6 442 310 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары иш башталаарда толук бүтүшүнө ишенбей жатышканын, 2 айдын ичинде заманбап, толук шарт түзүлүп калганына ыраазы экендигин билдиришти. Алар калаа башчысына ыраазы экендиктерин, иш бүткүчө кабар алып турганын айтышты. 

Иш-чарага бардык аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары, көп кабаттуу үйлөрдүн үй жетекчилери (домком) катышып, долбоор тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Долбоор ушул жылдын 20-сентябрында башталып 14-ноябрда аяктаган.

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. 

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев шаардын экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

-“Жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралардын негизинде даярдык иштери толугу менен аткарылып, 2018-жылдын 1-ноябрынан керектөөчүлөргө жылуулук бериле баштады.
Оштогу жылуулук электр борборунда 2018-жылдын 15-октябрына карата үч даана буу казандардын толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ош жылуулук электр борборунун балансында узундугу 58,757 км. тармактары бар, анын ичинде: магистралдык – 29 711 км., кварталдык – 29 046 км. жылуулук тармактарды түзөт.

Жалпысынан 645 даана бекиткич арматуралар боюнча ревизия жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. 
Мазут даярдоо иштери боюнча тапшырманын негизинде 18000 тонна даярдалыш керек болсо, 2018-жылдын 15-октябрына карата 6090,0 тонна (34%) мазут отуну даярдалды. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 6 020 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

2018-жылдын 15-ноябрына карата мазуттун калдыгы 5509 тоннаны түздү.
Учурда Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 11 саламаттыкты сактоо мекемесине, 18 мектепке, 19 бала бакчага, 314 көп кабаттуу жана 168 жер үйлөргө, андан тышкары 55 бюджеттик мекемелерге жана башка (прочие) 78 керектөөчүлөргө жылуулук берилип жатат. 
А.Пушкин атындагы орто мектептин ички жылуулук тутумдарында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу жылуулук албай турат. Андан тышкары 33 бюджеттик мекемелер жылуулук алууга заявка бере элек.

Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында бардыгы болуп 80 отканасы бар, алардан 17 откана электр энергиясы, 63 откана көмүр менен жылытылат. Ал эми жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактары 66,7 км. түзөт. 
Учурда «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы тарабынан 35 мектепке, 26 балдар бакчасына, 10 саламаттыкты сактоо мекемелерине 9 жогорку окуу жайына 2 кесиптик лицейине, 7 административдик имараттарга, 1 көзү азиз жана начар көргөн балдардын жана “Боорукердик” үй интернатына, 3 китепканага, бардыгы болуп 93 мекемеге, 280 көп кабаттуу жана 48 жеке менчик үйлөргө жылуулук берилип жатат.

Ош райондук электр тармактар ишканасы иш-чаралардын негизинде 2018-жылдын 15-октябрына карата тапшырмада көрсөтүлгөн кубаттуулугу 6-10-0,4 кВ болгон 112 трансформатордун ордуна 122 трансформатор капиталдык оңдоодон, 583 трансформатордун ордуна 584 трансформатор катардагы оңдоодон өткөрүлдү. 
Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системаларын оңдоп-түзөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп бүгүнкү күндө 5 үйдүн жылуулук системаларын оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржыланды.Учурда дагы үч көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук тутумдарын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары башкармалык тарабынан 12 көп кабаттуу үйлөрдүн суу, канализация түтүкчөлөрүн жана чатырларын оңдоо иштери жүргүзүлүп, 11 көп кабаттуу үйдө имараттарды актап-сырдоо, подъездерди ремонттоо жана чатырларды жабуу иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржыланды.

Кыш мезгилинде жааган кардан жолдорду өз убагында тазалоо максатында Ош шаардык жолдор башкармалыгы 5 ишкана (“Ош-Тазалык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты, ДЭП-21, жолдор башкармалыгы, “Элдосстройсервис” ЖЧК) )менен келишим түзүп, ар бир ишканага тиешелүү аймактар бекитилип берилди. 2018-жылдын 11-октябрына карата 36 (отуз алты) атайын кар тазалоочу техника, 187,0 тонна туз даярдалган, мындан тышкары орто эсеп менен дагы 300 тонна техникалык туз даярдалышы керек.

Элге көмүр даярдоо боюнча тапшырма аймактык Кеңештерге жеткирилип, шаардын аймагында 15 жерде көмүр саттуу пункттарын уюштурулду. Калк тарабынан 21500 тонна көмүр даярдалыш керек болсо, бүгүнкү күндө 14102 тонна көмүр даярдалып, 65,6 % ды түздү. Учурда көмүрдүн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 5000-6000 сом болууда.

Жылытуу сезонун өз деңгээлинде өткөрүү ар дайым мэрия тарабынан көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат»,-деп билдирди А.Топчубаев.

Бүгүн, 14-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолукту. Жыйынга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Т.Сарыбашов тургундарга шаарда жасалып жаткан жана пландалган иш-аракеттер туурасында кыскача маалымат берди.

Жашоочулар аймактагы көйгөйлүү маселелерди шаар мэрине кагаз суроолорду берип, жооп алышты.

Т.Сарыбашов элдерден келген ар түрдүү маселелерди угуп, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Жыйын оозеки суроо-жооп менен уланып, ар кандай кайрылуулар, сунуш-пикирлер кабыл алынды. Аймактын тургундары, шаар жетекчисине таза суу, электр энергиясы, тазалык, түнкү жарыктандырууга байланышкан маселелерди, социалдык объекттердин жетишсиздигин айтып кайрылышты.

Айта кетсек, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашовдун эл менен жолугушуусу шаардын бардык аймактык кеңештеринде уланат.

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Жыйындын күн тартибине Ош шаарынын 2018-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылдын IV- кварталына карата милдеттер жөнүндө, Ош шаарын экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жыйынтыгы жөнүндө эки маселе коюлган.

Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жыйындын биринчи маселеси боюнча маалымат берип, шаардын тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү өсүү темпи менен жыйынтыкталганын билдирди.

-“ 2018-жылдын 9 айында шаардын өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 106,3 пайызды түзүп, 3 млрд. 120 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 77 млн. сомго көп. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 3 млрд. 550 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 369 млн. сомго, же 11,1 пайызга өскөн. Негизги капиталга тартылган инвестициялар 2 млрд. 900 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 91 млн. сомго же 2,8 пайызга көбөйгөн. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 1 млрд. 906 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 2 млрд. 52 млн.сомду түзүп, пландагыдан 146 млн.сомго же 7,6 пайызга, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 132 млн. сомго көп жыйналган. Ал эми, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 652,3 млн. сом план жеткирилсе, аткарылышы 674,5 млн. сомду түзүп, пландагыдан 22,2 млн. сомго көп салык чогултулган. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 1 млрд. 316 млн. сомду түзүп, 79,2 млн.сомго ашыгы менен аткарылган.

Шаарда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен көптөгөн жумуштар аткарылып, отчёттук мезгилде республикалык бюджеттен капиталдык курулушка жалпысынан 37 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 58,5 млн. сом акча каражаты каралып, бир нече курулуш обьектилеринде курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгына шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 67 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 33,9 млн.сом өздөштүрүлдү.

6 айдоочу жана 12 жумушчулар бригадасы тарабынан шаардын негизги көчөлөрүндөгү бузулуп кеткен 14,8 миң чарчы метр чуңкурларын асфальт төшөп, жамоо иштерин аткарышкан.
Кошумча каржылоо принциби менен 36,9 млн. сомдук 59 долбоор ишке ашкан. Анын ичинен 7,9 млн.сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген. Калган акча каражаты мекеме-уюмдар, демөөрчүлөр, элдер тарабынан чогулуп, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук системасын, канализация жана суу түтүктөрүн оңдоого, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын, подьезддерин жана фасаддарын оңдоого жумшалган.

Ал эми социалдык тармакка токтолсок, 2018-жылдын 1-октябрына карата балдары бар аз камсыз болгон 213 үй-бүлөнүн 632 баласына мамлекеттик жөлөк пул дайындалып, жыл башынан бери 6 млн. 146 миң сом төлөнүп берилген. Социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 3754 адам болуп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 143 адамга көбөйгөн. Жыл башынан бери 73 млн. 662 миң сомдук социалдык жөлөк пулдар төлөнгөн. Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация 1718 жеңилдик алуучуга чектелип, жыл башынан бери 40 млн. 519 миң сом акча каражаты бөлүндү.Отчёттук мезгилде 1 млрд. 125 млн.сом өлчөмүндө пенсиялар толугу менен каржыланды. Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон 194 жарандарына жардам көрсөтүлүп, 1 млн. 101 миң сом бөлүнүп берилди. Социалдык төлөмдөр боюнча - пенсиялар, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилип жатат жана бүгүнкү күндө алардан мурунку айлардан карыз жок.

Жыл ичинде медицина тармагында эмгектенген медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө 3,3 млн. сом жана мугалимдердин жана бала бакчалардын тарбиячыларынын коммуналдык төлөмдөрүнө – 6,2 млн. сом, 1-4 класстагы орто мектептин окуучуларынын ысык тамак ашына 2 млн. сом, пенсионерлердин, окуучулардын, коомдук транспортто акысыз жүрүүгө укуктуу жарандардын (пенсионерлер, окуучулар, соцкызматкерлер ж.б.) жол кире акысына 12,7 млн. сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген.
Андан сырткары мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден социалдык жактан муктаж болгон жарандарга башка жардамдар көрсөтүлгөн”,-деп маалымдады С.Турдуев.

Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. 

Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Т. Сарыбашов журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле  учурда    аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү экендигин билдирип, катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.-

“ Басма сөз коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосундагы “көпүрө” болуп саналат. Сиздер коомдук пикирди чагылдыруу менен гана чектелбестен, коомдук маанайды аныктап, адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этесиздер. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат. Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында өлкөбүздө басма сөз эркиндиги баарынан жогорку   тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басма сөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды.  Бул иште  Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан күндө өзгөчө белгилеп кетээр элем. Анткени, Сиздер  талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар.Сиздердин мындай аракетиңиздер мэрия тарабынан   колдоого алынып, тыгыз кызматташууга ар дайым умтулуп келе жатабыз”,-деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Ошондой эле, Ж.Ормонов ММК өкүлдөрүнө шаардык кеңештин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин ыйгарды.

       Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган.  Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди. Анын негизинде, Оштогу көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл чамбарлар коюлуп, эскерилди.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер “Түбөлүк от” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюп, ата-бабаларга куран окушту.

Ошондой эле, Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын өкүлдөрү, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбарларды коюп, эскеришти.

 

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен Ош шаарынын мэриясынын, шаардыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Басма сөз коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосундагы “көпүрө” болуп саналат.Сиздер коомдук пикирди чагылдыруу менен гана чектелбестен, коомдук маанайды аныктап, адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этесиздер. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат.

Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында өлкөбүздө басма сөз эркиндиги баарынан жогорку тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басма сөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды. Бул иште Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин кесиптик майрамыңыздарда белгилеп кетээр элем. Анткени, талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар. Сиздердин мындай аракетиңиздер мэрия тарабынан колдоого алынып, тыгыз кызматташууга ар дайым умтулуп келе жатабыз.

Урматтуу журналисттер!

Журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле учурда аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү. Жалындуу, күчтүү айтылган жакшы сөз адамдарды жакшылыкка үндөйт. Ал эми жаман, чагым сөз коомдун биримдигин ыдыратат. Ошондуктан журналисттин калеми курч да, калыс да, акыйкат да болушу, ал эми гезит беттеринен, телеэкрандардан Мекенге болгон сүйүү, улуттук рухту ойготкон, байгер турмушту курууга чакырган сөздөр жаңырганы өтө маанилүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктук жактан сөз эркиндигин мамлекеттик саясаттын деңгээлине чейин көтөргөн демократиялуу мамлекет катары таанылып келет. Бул ишенимди мындан ары бекемдөөнүн бирден-бир жолу маалыматты так, калыс жеткире билүү болуп эсептелет.

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздердин эмгегиңиздер, турмуштук тажрыйбаңыздар коомчулукка дайыма жакшы маанайды, үмүттү тартуулап, мамлекеттин бүтүндүгүнө, элибиздин ынтымак-ырашкердигине түрткү боло берсин. Ордолуу Ош шаарыбыздын, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине багытталган ары жооптуу, ары түйшүктүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирип дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Түйшүктүү ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун. Үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалаймын!

Бүгүн, 3-ноябрда Ош  облустук ат майданында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Жаныбарым Гүлсары! аттуу «Ат чабыш», «Кыз куумай», « Жорго салыш» улуттук оюндары жана  көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү. Ат оюндарына мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да күбө болду.

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында баш байгени Чүй облусунун командасы ээледи. Алар финалдык беттеште Ысык-Көл облусу менен кез келип 5:1 эсебинде утуп алышты. Ал эми коло байге Талас облусунун командасы татыды.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүндү:

Биринчи орун — Чүй облусу, 500 миң сом;

Экинчи орун — Ысык-Көл облусу, 250 миң сом;

Үчүнчү орун — Талас облусу, 100 миң сом;

Төртүнчү орун — Ош облусу, 80 миң сом;

Мыкты улакчы — Чүй командасынан Кубаныч Султан уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — Ысык-Көл командасынан "Золотой", 10 миң сом.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда жети облус жана эки шаардын курама командалары күч сынашты.

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында республикалык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди. Анын негизинде, шаардын борбордук аянтына 9 боз үй тигилип, чыгармачыл топтордун аткаруусунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан театралдашкан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Ага КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков да күбө болду.

Ошондой эле, боз үйлөргө жазуучунун сүрөттөрү илинип, басып өткөн тарых жолу түшүрүлгөн банерлер орнотулган.

Мындан сырткары, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактарынан келген өндүрүшчүлөрдүн айыл-чарба жарманкеси уюштурулду. 

Бүгүн, 3-ноябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу республикалык иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган ЖКнын депутаттары, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов,Ч.Айтматовдун уулу Элдар Айтматов , дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, жузуучулар, атайын чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматов деген — бул өзүнчө бир дүйнө, өзгөчө аалам экендигин белгиледи.

-« Быйыл кыргыз журту менен чогуу дүйнөлүк коомчулук биздин улуу жердешибиз, ааламдын акылманы, дүйнөнүн даанышманы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатат. Ааламдын булуң бурчунда кыргыз уулунун элесине тереӊ урмат көрсөтүлүп, талантына таазим кылынып жатканы — бизге чексиз канааттануу алып келет. Байыркы Ош шаарында, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон. Байыркы Ош — Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким, кичинекей Чыңгыз — жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр. Жер жүзүндө кыргыз эли, кыргыз мамлекети, адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Ош шаарынын мэриясына жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, “Ааламды багынткан-Айтматов” аттуу көргөзмө,Чыңгыз Айтматовдук каармандардын жандуу галереясы, “Ош-Айтматовдун тагдырында” аттуу эскерүү кечеси болуп, анда Айтматовдун чыгармаларынан театралдашкан үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26