1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (786)

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов А. Масалиев жана Навои көчөсүн кыдырып чыкты. Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге мыйзамсыз курулуштар, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды алып салуу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары жөө адамдардар жүрүүчү (тротуар) жолдордун абалы менен таанышып чыкты.

“Шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды алып салуу иштерин токтотпогула. Шаар шаардай болушу керек. Биз да мыйзамсыз курулуштарга каршы иштерди токтотпойбуз. Баарын мэрге жүктөп койбой, ар бир жетекчи өз милдетин так аткарсын. Быйылкы жылы шаардыктар үчүн жаңы курулуштар ишке ашып, шарттарды түзгөнгө аракет жасайбыз. Биз элге кызмат кылышыбыз керек”,-деди шаар мэри.

Калаа башчысы жөө кыдырып жүргөндө тургундар тарабынан да көйгөйлөр айтылып, мэр көйгөйлөрдү чечүү аракетинде экендигин айтты.

Фотогалерея:

https://drive.google.com/open?id=1d02mAmxSxBk2ZGaMI4lll5KX84RDThMD

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын А. Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна капсула салды.

Бул көпүрө жараксыз абалга келип, ӨКМ кортунду чыгарган. Буга чейин көпүрөнүн курулуш иштерине даярдыктар болуп, казуу иштери жүрүп жаткан.

Калаа башчысы курулуштун сапатына көңүл буруу негизги маселе экендигине токтолду. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, кеңдиги 12 метр болот.

Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Шаар башчысы А. Асранкулов көчөсүнө курулуп жаткан жөө жүрүүчү жолду (тротуар) да текшерүүгө алып, таш тамандарды (брусчатка) басуу иштерине чейин мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Салынуучу жөө адамдар жүрүүчү жолдун узундугу 157 метр болуп, туурасы 3 метр. Учурда таш таман басууга даярдоо иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин шаардык жолдор башкармалыгы аткарып, мөөнөтү 3 ай.

 Бул курулулуш аяктагандан кийин башка көчөлөрдөн куруу иштери улантылат.

Фотогалерея:

https://drive.google.com/open?id=1xjDKW2LZzGTNU5G9OfZ2n5Q2pfx_V5vr

Интернетте Ош шаарынын Он-Адыр аймагында эки улуттун өкүлдөрү мушташты деп тараган видеодогу окуя Ош шаарында болгон эмес. Тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Окуя коңшу Өзбекстанда болгондугу боюнча аталган өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Бүгүн, 24-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов интернетте тараган жалган маалыматтар боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын куруп, чагымчылдык кылгандар сөзсүз жазага тартылышы керектигин айтты.

Ош ШИИБнин башчысынын орун басары Т. Нурбаев жалган маалыматты тараткандар сөзсүз жоопко тартылаарын билдирди. УКМКнын өкүлдөрү учурда Ош шаарында коомдук-саясий абал тынч экенин билдирип, чагымчылдыкка жол берилбей тургандыгын айтып өтүштү.

Амир-Темир аймактык кеңешинин жооптуу катчысы М. Абдуллаев да Он-Адырда мушташ катталбаганын жана жалган экенин кошумчалады. 

Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы кезексиз XXIV сессиясынын №187 токтому менен «Ош шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана эксплуатациялоо эрежелери» жана келишим боюнча жарнак калкандардын ижара төлөмдөрүн аныктоо ирети бекитилген.

Ал токтом 2013-жылдын 14-февралында №81 токтом менен өзгөрүп, айрым типтеги жарнак калкандарды орнотуу жана пайдалануу келишимдер боюнча ижара төлөмдөрдүн өлчөмүнө толуктоолор киргизилген. Негизинен толукталган тартип боюнча ижара төлөмдөрү 88 даана Т-түрүндөгү калкандарга гана тиешелүү болгон.

Тагырак айтканда, Т-түрүндөгү калканчалар менен Г-түрүндөгүлөрдүн ижара акылары бирдей өлчөмгө теңелген. Башка типтеги калканчалардын тарифтери өзгөрүлбөй 2010-жылдын өлчөмү боюнча азыркы убакытка чейин эсеп жүргүзүлүп келет.

2019-жылдан өзгөрүүгө киргизиле турган жаңы тарифтер бардык түрдөгү чоң форматтагы жарнак калканчаларга (Мегаборд, билборд, Арка, Г, Т) жана чакан форматтагы жарнак объектилерге (багыттооч, стелла, флагштогдор, кронштейндерге) тиешелүү болот.

Бүгүн,14-январда Ош шаарынын мэриясында укук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу жыйыны өттү.

Жыйында жаңы кабыл алынган мыйзамдар каралып, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри С. Турдуев, укук коргоо органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Ош ШИИБнин тергөө кызматтынын башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев өзгөртүлгөн кодекстерге кеңири токтолуп, суроолорго жооп берди.

Биринчи вице-мэр С. Турдуев мэриянын алдында атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

“Жаңы жылдан баштап жаңы мыйзамдардын иштей баштагандыгы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Биз коомчулукка туура маалыматтарды жеткирүүбүз зарыл. Аймактык кеңештерде, айрыкча жол кыймылынын коопсуздугу жана коомдук тартип чөйрөсүндөгү укуктук тартиптер боюнча окуулар уюштурулушу керек. Мыйзамдын баары тартипке, жарандардын укуктарынын корголушуна иштелип чыккан”,- деди биринчи вице-мэр.

Жыйындын акырында протоколдук тапшырмалар берилди.

Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарында жаңы жыл майрамы шаардын борбордук аянтында балдар үчүн даярдалган жомоктордон кыскача үзүндү, тамашоучулардын тамашалары, аяз ата, аяз кыздардын парады оюн-зоок, концеттик программа, аркан тартыш, кол күрөш, гир көтөрүү, кап менен секирүү жана эстафета сыяктуу спорттук жарыштар менен башталды. Майрам кече шаардык маданият башкармалыгы жана жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен уланууда.

Кечеге шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардын тургундары жана меймандары катышты. Шаар жетекчиси жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

“Жалпыңыздарды кирип келген 2019- жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Ар бир элдин Жаңы жылды тосуу, эски жылды узатуу салты бар. Биз да жыл сайын ушул салтыбыздан жазбай эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, келе жаткан Жаңы жылды илгери үмүттөр менен тосуп олтурабыз. Быйылкы жыл республикабыз үчүн жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпайм.

Жакында 3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарыбыз "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланды! Бул биз үчүн чоң жетишкендик . Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, инфраструктурасы жакшырып, заманбап турак үйлөр, социалдык объектер курулду. Алдыбызда шаарбызды өнүктүрүүнүн, элибиздин бакубат турмушун камсыздоонун,улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөөнүн айкын милдеттери турат.

Биз ал максаттарбыздын аткарылышына терең ишенебиз. Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! 2019-жыл аруу пейил, асыл үмүт, таза дил менен башталсын.

Максаттар ишке ашып, үмүттөр орундалсын! Элибизге береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин! Ар бир үйгө токчулук жана бакубатчылык каалайм! Куттуу элибизге ден соолук, биримдик, кутман жерибизге тынчтык тилейм! Ордолуу Ошубуздун ооматы арта берсин!”,-деди Т.Сарыбашов.

Андан соң, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы жылдык “Балаты” майрамына карата шаар тургундары жана мекеме-ишканалар арасында жарыяланган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара белгилүү эстрада ырчылары жана фольклордук топтор тарабынан концерттик программа менен коштолуп, майрамдык фейрверктер атылды.

Борбордук аянттагы иш-чарага 15 миңге жакын адам күбө болду. Жаңы жыл майрамы жаштар үчүн майрамдык дискотека менен уланды.

Бүгүн, 12-декабрда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин отуруму болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мэриянын  тийиштүү бөлүм башчылары, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, казыяттын, жаштар комитетинин  жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, координациялык кеңештин жыл башынан бери  адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча аткарган иштери жөнүндө маалыматтар айтылып, кийинки жылдын иш-пландары жана сунуштар талкууланды.

-“Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча түзүлгөн координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар бекитилип ишке ашты.  2018-жылдын 26-майында “Благодать” коомдук фонду менен бирге “Мигрант мектеби” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын, КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаардык ички иштер, билим берүү жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, аймактык кеңештердин, кесиптик лицейлердин, Эл аралык миграция уюмунун, коомдук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, Кыргызстандын түштүгүндө адамдарды мыйзамсыз кулчулукка алып чыгып кетүүнүн алдын алуу жана эскертүү маселелери талкууланды. Катышуучуларга тематикалык видеоролик, презентациялар көрсөтүлүп, тышкы миграцияга кетүүчү жарандарга өз укуктарын билүүгө, башка мамлекеттердин миграциялык мыйзамдарын сактоого жана кесиптик даярдоого көңүл буруу сунуштары айтылып, иш-план бекитилди. 2018-жылдын 12 айында Ош шаарындагы 13 аймактык кеңештерде жумушчу жыйындар өткөрүлүп, потенциалдуу мигранттарга (жалпы саны 520 адам) атайын түзүлгөн график боюнча жеринде барып юридикалык жана психологиялык кеңештер берилди. “Мигрант мектеби” долбоорунун алкагында чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан жарандарга чет өлкөдө өзүн алып жүрүү, легалдуу документ жасоо, ишке орношуу, өз укуктарын билүү, адам сатуунун курмандыгы болуп калуунун алдын алуу боюнча жана өз укуктарын коргоо үчүн кайсыл жакка кайрылуу жөнүндө кеңештер берилди.

Ошондой эле, Эл аралык адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, жаштар иштери боюнча комитети, жана “ISEDA” коомдук фонду, “Улыбка” коомдук фонду,  менен биргеликте жалпы шаардык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар өткөрүлдү”,-деп билдирди Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова. 

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн сынактар боюнча байгелүү орундарды  алган катышуучууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен келген акчалай сылыктарды тапшыруу болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды.

Шаар жетекчиси III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош шаарынын атын даңазалап, байгелүү орундарды  камсыз кылгандардын эмгегин баса белгилеп, дагы бир ирет куттуктады.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынында Ош шаарынын катышуучулары 15 номинация боюнча байгелүү орундарга ээ болушкан. 

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарынын мэриясында телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

Шаар жетекчиси телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгын баса белгиледи. 

“ Сиздер элге так жана маанилүү маалыматтарды элге убагында жеткирип, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон маалыматтарды жайылтып келесиздер. Телеканалда иштеген журналисттер экрандын жүзү, коомчулук күткөн журналистке айланат. Сиздерди бир убакта миңдеген адамдар көрүп, миңдеген адамдардын оюн өзгөртө аласыздар. Оштогу тележурналисттердин ар биринин өз орду бар. Бири балдардын сүймөнчүлүгүнө айланса, башкасы улуу муундун, орто муундун күтүп көргөн тележурналистти. Оштогу өнүгүүгө, тынчтыкка, ынтымакка, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө жана улуттар аралык достуктун бекемделишине сиздердин эмгегиниздер зор. Сиздер коомду алдыга жетелеп, агартуучусуздар. Маданият, дин, саясат, спорт, экономика жана башка ар бир тармакта өз ордунуздар бар. Ар бириниздердин жооптуу иштериниздерге ийгиликтерди каалайбыз. Ош шаардык мэриясы сиздер менен тыгыз иштешүүгө даяр”,- деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар журналисттерге, операторлорго Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү көрсөтүлгөн.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын «Алай» футбол клубунун оюнчуларын кабыл алды. Жолугушууда аталган клубтун 2018-жылдагы ийгиликтери тууралуу сөз болду.

Октябрь айында “Алай” командасы Фергана өрөөнүнүн кубогуна арналган мелдеште Өзбекстандын жана Тажикстандын командаларын жеңип, кубокко ээ болгон.

“Алай” клубунун вице-президентти С. Аматов жана оюнчулар кубокту “Алай” клубунун президенти Т. Сарыбашовго тапшырышты.

Калаа башчысы футболчуларга колдоо болоорун, борбордук стадиондо 2019-жылы оңдоо иштери жүргүзүлө турганын билдирди. Мэр футболчуларды колдоо максатында кошумча 100 миң сом бөлүнөөрүн, Кыргызстан чемпионатында эң көп гол киргизип, бомбардирлердин башында турган ганалык Жоел Кожого өзүнчө сыйлык бериле турганын айтты.

“Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожо ТОП-Лигада 26 гол киргизген. “Алай” футбол клубу Кыргызстан чемпионатында 2-орунду алып, өлкө кубогуна арналган беттеште финалга чыккан. 

Тарых жана маданият

Пред След Страница:

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда  Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...

Ошто футбол фествалы өттү

Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш...

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда  “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы  9-май   Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен  башт...

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк»  менен башталат. Ле...

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын  гала кон...

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Ошто Чернобыль апаатынан  курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында  Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...

Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Ош шаарында ак калпак күнү  жаштардын флешмобу жана  жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Ошто  Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...

Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Оштун  жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү  Ош шаарында  телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды.  Ош ...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев ...

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу …

Ош шаарындагы “кооптуу” май куюучу бекеттер жабылат

Ош шаарындагы май коюучу жайлар (АЗС) текшерилип, талаптарга...

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түр…

Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында «Нарктуу, да...

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды…

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл ара...

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата…

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир ката...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26