Жаңылыктар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (1692)

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” МАБдагы “Эдельвейс” дачасынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн мэрге айтышты. Бакытбек Жетигенов жергиликтүү калктын маселелерин чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү жагдайларга басым жасалды:
- жарандардын буга чейинки кат түрүндөгү кайрылууларына ылайык жолдорду тегиздөө иштери аяктады;
- алдыда электр мамылары орнотулат;
- таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси боюнча тиешелүү комиссия түзүлөт.

Бүгүн, 22-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынын делегациялары менен жолугушту.

Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов баштаган делегация менен жолугушууда ЖОЖдор аралык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программалары, медициналык адистердин стажировкалары, маданият тармагындагы кызматташтык, өндүрүш тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Ош шаарынын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектилеринин (Сулайман-Тоо) жана Ярославль шаарынын тарыхый борборлорунун айланасындагы аймактарды өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашуу боюнча сөз жүрдү.

Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова баштаган делегация менен жолугушуунун алкагында эки тараптын профессордук-окутуучулук курамы биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүү, Ростов-на-Дону шаарынын транспорттук ишканаларында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу, спорт тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, маданий өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан соң аталган делегациялар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбековдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулунун, жогорку окуу жайлардын, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген курамдагы жыйын болуп өттү.

Анын алкагында Ош, Ростов-на-Дону шаарларынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кызматташуунун потенциалдуу багыттары боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Иш-чаралардын жыйынтыгында Ростов-на-Дону шаары менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият, туризм, спорт, жаштар саясаты, коомдук транспорт тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү жаатында кызматташтык программасына кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова кол коюшту.

Ярославль шаары менен жергиликтүү өз алдынча башкарууда тажрыйба алмашуу, орто жана жогорку кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу, улуттар аралык кызматташтык жаатында экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүү боюнча программага кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов кол коюшту.

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата даярдалган иш-чаралардын алкагында Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде концерттик программа тартууланды.
Салтанат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, боордош Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынан келген делегация өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.
Концерттик программада чогулгандар белгилүү эстрада жылдыздарынын, чыгармачыл бий жана музыкалык топтордун өнөрлөрүнө күбө болушту.
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамынын алкагында Төлөйкөн ипподромунда ат оюндары болуп өттү. Мелдешке Ош облусунун бардык райондорунан жана Ош шаарынан командалар катышты.
Мелдештин жыйынтыгында көк бөрү боюнча 1-орунду Кара-Кулжа районунун командасы, 2-орунду Кара-Суу районунун командасы жана 3-орунду Араван районунун командасы ээледи.
Сыйлык тапшыруу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун Ат оюндары федерациясынын жетекчилиги, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Белгилей кетсек, мелдештердин байге фонду болжол менен 600 миң сомду түзүп, анын ичинен 150 миң сом көк бөрү боюнча 1-орунга ээ болгон командага ыйгарылды.
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз - 2023” деп аталган салтанат тартууланды.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.
Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.
Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.
Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.

Ош шаарында бүгүн, 20-мартта А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, КР Шахмат федерациясынын вице-президенти – Федерациянын Ош шаары жана Ош облусу боюнча президенти Адилет Аттокуров, спортчулар, машыктыруучулар жана чемпионаттын катышуучуларынын ата-энелери катышты.

Турнирге республиканын бардык аймактарынан 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана кыздар арасынан 400 спортчу катышууда. Алар 7 жаш категориясы боюнча таймашат. Белгилей кетсек, чемпионат 20-26-март аралыгында өтөт.

Мындай турнир Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Чемпионат ФИДЕнин эл аралык эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Турнирдин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- көрсөтүлгөн жаш категорияларындагы мектеп окуучуларынын арасынан Кыргыз Республикасынын эң күчтүү шахматчыларын аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын балдар командасынын кеңейтилген курамын түзүү;

- Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу;

- спорттук чеберчиликти жогорулатуу.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча балдар курама командасына кире алышат.

Турнирдин уюштуруучулары – КР Шахмат федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети.

Бүгүн, 18-мартта “Курманжан-Датка” МАБда “Балажан” бала бакчасынын кошумча имараты ачылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, быйылкы жылдын аягына чейин калаада дагы үч бала бакча пайдаланууга берилерин белгиледи.
Жарандардын кайрылууларына ылайык 6,5 айдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу бүткөрүлдү.
18-мартта Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өттү. Ага менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары катышты.
Мекеме жамааттары өздөрүнө бекитилген аймактарды таштандыдан арылтып, арыктарды тазалоо, бордюрларды жана тосмолорду актоо, көчөт отургузуу, бак-дарактарды актап-сырдоо жумуштарын жүргүзүштү.
Муниципалдык аймактык башкармалыктар тургундар менен биргеликте өз аймактарын таштандылардан жана жалбырактардан . тазалашты. Жалпысынан ишембиликтин катышуучулары шаардын аймагын, анын ичинде сейил бактардын жана скверлердин аймагын иретке келтиришти
“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтен кийин 2200 куб таштанды чыгарылды. Ош шаары боюнча ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.
Билим берүү мекемелеринде 900 түп декоративдүү жана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү, 10 миң түп гүл отургузулду.
Шаардын аймагын иретке келтирүүгө, санитардык тазалоого, көчөттөрдү отургузууга, бак-дарактарды актоого мэриянын, шаардык кеңештин кызматкерлери, шаардык жана муниципалдык кызматтардын, мекеме-ишканалардын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, кичи райондордун тургундары катышууда.
  1. Конкурс жарыяланган күнү: 2023-жылдын 20-март

 

  1. Мамлекеттик заказчынын аталышы: Ош шаарынын мэриясы

 

  1. Программанын аталышы: Ош шаарынын мэриясынын 2023-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы

 

  1.  Долбоордун максаты: Ата-энелердин жаш балдарга карата  эмдөөлөргө каршы чыгуусун алдын алуу боюнча маалыматты жогорулатуу.                          

           5. Долбоордун милдеттери: Ата-энелердин жаш балдарга карата  эмдөөлөргө каршы чыгуусун алдын алууга жардам берүү.

           6. Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

           Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) аныктамасы боюнча эмдөөлөр медицинанын жалпы тарыхында жугуштуу  оорулардан, алардын өлүмүнөн жана майыптыгынан сактоочу натыйжалуу чара болуп саналат. Эмдөөлөр – бул коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын калктын арасында алгачкы медициналык  жана санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринин негизги максаты. Алдын алуучу эмдөөлөр – бул организмге белгилүү бир ооруларга  карата иммунитетти жакшыртуучу  биологиялык препараттарды куюу менен адамда спецификалык антителолорду иштеп чыгаруу максатында берилет.

           Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар КООПСУЗ жана НАТЫЙЖАЛУУ болуп саналат. Жыл сайын болжол менен 3 миллион адамдын өмүрүн жана ден-соолунун сактайт.

        7. Гранттын максималдуу суммасы: 100 000 (бир жүз миң) сом.

          8. Администрациялык чыгашаларды каржылоонун максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен көрсөтүлсүн): 20%

9.Товарларды жана жумуштарды сатып алууга каржылоонун   максималдуу босогосу (гранттын суммасынан пайыздар менен   

көрсөтүлсүн): 40 % .

10. Долбоор ишке ашырылчу мөөнөтү: 2023-жылы

11. Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар:

11.1 Конкурска Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) катыша алат.

 11.2 Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсеби болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, анда ага конкурстун документтерин берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банктык эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.

  11.3 Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары – консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы так ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.

   11.4 Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.

  1. 12.  Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

          12.1 Конкурска катышуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы.

 Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

  1. 13.  Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

13.1 юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

13.2 коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;

13.3  конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;

13.4  коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);

           14. долбоордук сунуш жана анын бюджети;

 15. коммерциялык эмес уюмдун:

    15.1 салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;

           15.2 коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;

         15.3 Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин пункттарында каралган документтер тиркелүүгө тийиш;

16. Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) ачыктары, алар арыз ээсинин тандоосуна жараша Жарыянын                     23-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен же электрондук формада берилет:

- салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;

- өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;

-  коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);

  б) жабыктары (купуя) - долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар: мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт.

17. Конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби

Убактысы: 2023-жылдын 13-апрель (коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кем эмес жана 30 календардык күндөн көп эмес болушу керек).

Орду: Ош шаарынын мэриясы, кичи залы.

Конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын             4-ноябрындагы № 604 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлөт.

Гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды өз алдынча баалайт же баалоо үчүн эксперттерди тартат. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.

18. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөттөрү

2023-жылдын 20-апрель

19. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери

Долбоордук сунуштар төмөндөгү баалоо барагында көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык бааланат:

20. Арыздын бланктарын алууга боло турган почта дареги: индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.

Арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg 

Арыздын бланктарын суратып алуу үчүн электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

21. Маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары:

Фамилиясы жана аты: Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү, Арзиева А.М.

Телефон номери: (03222) 5-50-66, 0558 93-90-33

Электрондук почта дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

22. Конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди төмөнкү дарек боюнча жиберүү керек:

Почта дареги: индекс индекс 733500, Ош шаары, Ленин көчөсү 221.

Электрондук почтанын дареги: oshcity Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. .

Расмий сайттын дареги: www. oshcity.kg 

 

Конкурска катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер арыз ээсинин тандоосу боюнча, төмөндөгү ыкмалардын бири аркылуу берилиши мүмкүн:

1) мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга берилет;

2) мамлекеттик заказчы аркылуу заказдык катты кабарлоо менен почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт;

3) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө мамлекеттик заказчы аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.

4) мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүлөт.

 

23. Конкурска катышуу үчүн документтерди жана арыздарды кабыл алуу мөөнөтү.

Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 13-апрель күнү, саат 17-00гө чейин. Эгерде арыз конкурс жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе, анда арыз ээси конкурска катышууга киргизилбейт.

Страница 1 из 121

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });