9-майдан баштап Оштогу бокс жана оор отлетика спорттук мектебинде Абдували жана Нургазы Арзиевтердин жаркын элесине арналган бокс боюнча 8- эл аралык турнир өтүүдө. Мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекистан мамлекеттеринин спорт чеберлери жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген 200гө жакын балбандар катышууда. Мушкерлер 10 салмактык категорияда күч сынашат.