Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 96 жаштагы Муктар Нургазиевден кабар алып, Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттукташты. Ошондой эле, калаа башчысы, 94 жаштагы Джапар Хакимовдон кабар алып, пикир алышып келди.
А.Кадырбаев ардагерлерди майрамы менен куттуктап ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарын жана белектерин тапшырды.
“ Согуш мезгилинде эли, жери үчүн өз өмүрлөрүңүздөрдү курмандыкка чалууга даяр болгон, биздин сүйүктүү аталарыбыз, агаларыбыз бизге эркин жана көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн тартууладыңыздар. Майтарылбас эрдигиңиздерге терең таазим этебиз. Ден соолугуңуздар чың, өмүрүңүздөр узун болсун! Биз сиздер менен сыймыктанабыз”,-деди А.Кадырбаев.
Өз кезегинде ардагерлер калаа башчысына аларга көрсөтүлгөн камкордуктар үчүн ыраазычылыктарын билдирип,өлкөдө түбөлүк тынчтык жана бейпилдик болушун каалашты.
Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине Ош шаарынын мэриясынан 15 миң, республикалык бюджеттен 15 миң сом, ооруктун каармандарына жергиликтүү бюджеттен 5 миң, республикалык бюджеттен 10 миң сомдон берилди.
Айта кетсек, Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун ардагери, 38 ооруктун каарманы жашайт.