1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Четверг, 27 Апрель 2017 08:45

Ошто жылуулук берүү өткөн жылга караганда 30 күнгө көп берилген

Бул туурасында бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында вице-мэр Асылбек Топчубаев билдирди.

   Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды:

-          Ош шаарнын 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи кварталына карата милдеттер;

-          2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдардын күзгү-кышкы мезгилге карата милдеттер жөнүндө;

Экинчи маселе боюнча вице-мэр Асылбек Топчубаев маалымат берип, 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылгандыгын билдирди.

“Ош шаарын жылуулук менен негизинен Оштогу жылуулук электр  борбору жана «Жылуулук камсыздоо»  муниципалдык ишканасы камсыз кылат. Быйылкы жылы калкты  жылуулук менен камсыз кылуу 30 күнгө көп берилди.

Ош шаарынын жылуулук  электр борбору  2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылып,  үч  даана  буу  казандары  иштеп  шаарыбыздагы  44 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 5 өнөр-жай мекемелерин, 305 көп кабаттуу үйлөрдү  ж.б.  286  мекемелерди   жылуулук  энергиясы менен  үзгүлтүксүз  камсыздады. Жылуулук берүү  мезгилинде   жылуулук электр борбору  тарабынан  10,5 млн. м3 жаратылыш газы жана 13 459 тонна мазут иштетилип,      165 068 Гкал  жылуулук  энергиясы  өндүрүлүп, 2015-2016-жылдардагы  жылуулук  берүү  мезгилине  салыштырмалуу  35 782 Гкал  жылуулук  энергиясы  көп  өндүрүлдү. 

Мазут  отунун  калдыгы  2016-жылдын  1-апрелге  карата 4053  тоннаны  түздү.

2017-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 70,4 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 13,4 млн. сомго кыскарган. Анын  ичинен  калктын  дебитордук  карызы   5,8  млн. сомго азайган.

2016-2017-жылдардагы жылуулук берүү мезгили аяктагандан кийин бардык магистралдык жана кварталдык тармактар гидротекшерүүдөн өткөрүлүп, текшерүүмезгилинде аныкталган деффектерди   оңдоп  аткаруу  иштери  жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы 2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү өз  деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде бардык иштер толугу менен аткарылып,  ишкананын  77  отканасы  шаарыбыздагы жалпысынан 257 көп кабаттуу үйлөрдү,  35  мектепти,  23  балдар  бакчасын, 8  дарылоо  мекемесин, бардыгы  болуп  89  мекемени  жана  143 жеке  менчик  үйлөр  жылуулук  энергиясы  менен үзгүлтүксүз  камсыздады. Жылуулук берүү  мезгилинде  муниципалдык  «Жылуулуккамсыздоо»  ишканасы  тарабынан  72,9 млн. кВт электр  энергиясы жана 12465 тонна көмүр  отуну  сарпталып,  95 814,3 Гкал  жылуулук  энергиясы  өндүрүлүп,  өткөн          2015-2016-жылдардагы  жылуулук  мезгилине  салыштырмалуу  33 253 Гкал  жылуулук энергиясы  көп  өндүрүлдү. Көмүр  отунунун  калдыгы  2017-жылдын      1-апрелине  карата  1356,6  тоннаны  түздү.

2017-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 94,2 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 23,4 млн. сомго өскөн. Дебитордук карыз негизинен  жылуулук  сезондун  өткөн  жылга  салыштырмалуу  27ти  күнгө  көп  болгондугунун  жана  абонеттердин  санынын  өскөндүгүнүн эсебинен (2015-2016-жылкы  сезондо  126  күн,  орточо  температура +3,6 0С,  ал  эми  2016-2017-жылкы  сезондо  153  күн,  орточо  температура  +2,10С).

Ошондой  эле  муниципалдык  «Жылуулуккамсыздоо»  ишканасы  үстүбүздөгү  2017-жылыдын  1-апрелине  карата  «Ошэлектр»  ААКна электр  энергиясына  болгон  карызды  жоюу  максатында  өздүк  акча  каражытынан  40,0  млн.  сом  өткөрүп  берген”,-  деди А.Топчубаев.

 

Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров баш болгон баардык вице-мэрлер, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары катышты.

 

Окулду 149 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Июль 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу