1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Четверг, 27 Апрель 2017 08:35

Ош шаарынын мэриясы биринчи кварталындын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров баш болгон баардык вице-мэрлер, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары катышты.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды:

-          Ош шаарнын 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи кварталына карата милдеттер;

-          2016-2017-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдардын күзгү-кышкы мезгилге карата милдеттер жөнүндө;

 

Ош шаарындагы 2017-жылдын биринчи кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары туурасында Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов маалымат берди.

“Жыл башынан бери Ош шаарынын экономикалык өсүшүнө сырткы жана ички факторлордун тийгизген таасирине карабастан Ош шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө келе турган болсок 2017-жылдын биринчи кварталы шаар үчүн жемиштүү болду деп канааттануу менен айтууга негиз бар жана тармактар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

   • өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 108,8 пайызды түзүп, 1 млрд. 280 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 235,1 млн. сомго көбөйгөн;

   • айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 100,8 пайызды, же 117 млн.сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 3,3 млн. сомго көбөйгөн;

   • курулуштун дүң продукциясынын көлөмү  534,2 млн.сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 217,6 млн. сомго, же 67,5 пайызга өскөн;

   •имараттардын курулушуна, кайра курулушуна жана техникалык жабдылышына тартылган капиталдык салымдар 472 млн. сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 203 млн. сомго, же 74,1 пайызга көбөйгөн;

   •көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 107,2 пайызды, же 10,8 млрд.сомду түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,0 млрд. сомго көбөйгөн;

   •жүк ташуулардын өсүү темпи 100,8 пайызды, же 132,0 миң тоннаны түзгөн;

Ал эми мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 618 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 909 млн.сомду түзүп, пландагыдан 291 млн. сомго же 47,1 пайызга, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 26 млн. сомго (2016-жылы 883 млн. сом)  же 2,9 пайызга көп жыйналган.

2017-жылдын январь-мартында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча 203,8 млн.сом өлчөмүндө план жектирилсе, аткарылышы 219,1 млн.сомду түзүп (2016-ж. 223,5 млн. сом), пландагыдан 15,3 млн. сомго же 7,5 пайызга көп чогултулган.  Ал эми 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда салык жана бюджет Кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизгендигине байланыштуу 4,4 млн. сомго, же 2,0 пайызга аз жыйналган”, - деди Т.Кайымов. 

Окулду 200 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Июль 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу