Версия для печати
Пятница, 14 Апрель 2017 06:35

Оштун Достук аймактык кеңешинде көпүрө курулууда

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы курулуш объекттерин текшерди. Достук аймактык кеңешинин Сант-Петербург көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн аяктап жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Шаар башчысы аталган аймакта  көпүрө менен катар канализация маселеси да чечилгендигин билдирип, курулуш иштерине шаардык кеңештин депутаты Сухбатила Мирзаевдын да демилгеси эске алынганын белгиледи.

“Көпүрөнүн узуну 12 метр, туурасы тратуары менен бирге эсептегенде 12 метр. Сметалык баасы 8 млн.сом болсо, тендердик баасы 5,4 млн.сомду түздү. Аталган көчөдөгү мурунку көпүрөнүн эскилиги жетип, көп жылдан бери авариялык абалда деген корутунду менен турган.  Аны толук түрдө жаңыладык”, -деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар башчысы А.Кадырбаев борбордук канализация да аталган көчөгө улангандыгын айтты. Тургундар көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселени чечип бергендигине кубанып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Окулду 258 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо