Ош шаарында ветеринардык-санитардык жана мал чарбасындагы эпизотикалык абал каттуу көзөмөлгө алынат
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 31 Январь 2017 08:36

Ош шаарында ветеринардык-санитардык жана мал чарбасындагы эпизотикалык абал каттуу көзөмөлгө алынат

 Бул туурасында бүгүн, 31-март күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  мэриянын кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык  тармакты тейлеген тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырма берип жатып билдирди. Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык кеңешмесине вице-мэрлер, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

        Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү эки маселе каралды:

1. Ош шаарында ветеринардык-санитардык көзөмөлдү жана мал чарбасындагы  эпизотикалык абалды жакшыртуу боюнча иш-аракеттер жөнүндө

2. Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча шаар куруу жана архитектура, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын ишмердиги жөнүндө

  Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча вице-мэр Нурбек Кадыров маалымат берди.

  -“  Ош шаарынын калкын коопсуз эт жана эт продукциялары менен  камсыз кылуу, эпидемиологиялык-эпизоотиялык жагдайды жакшыртуу, малдан алынуучу продукцияларды өндүрүү жана сатуу процесстерин ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келтирүү, мал аркылуу жугуучу оорулардын эпизоотиялык тобокелдигин төмөндөтүү иш-аракеттер жүрүүдө.

   Учурда Ош шаарынын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 01-январына карата  2016-жылга салыштырмалуу кара малдын саны 450 башка, майда жандык 2769 башка,  жылкы 205 башка, чочко 12 башка, үй канаттуулары 6133 башка көбөйгөн.

    2016-жылда Ош шаарынын мэриясынын макулдашуусу менен мал жандыктардын түрүнүн санына жараша  эмдөө планы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан жалпы эмдөө 189  пайызга, диагностикалык изилдөө 197 пайызга, дегельминтизация жана дарылоо  3 эсеге көп аткарылган болсо,  2017-жылдын 2 айында  мерчемделген жалпы эмдөө 2,3 эсеге,  дарылоо 109 пайызга, диагностикалык изилдөө  10 эсеге аткарылды. 

  Учурда 7 мал союлуучу жайлардын иш-аракеттери  жана эт сатылуучу дүкөнчөлөр  такай ветеринардык-санитардык  көзөмөлдө турушат. Мал союуучу жайларга санитардык абалды жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилип жатат. Эт сатуучу дүкөнчөлөр  заман талабына ылайыкташтырылган айнек витрина,  муздаткычтарды   орнотушту.           

    Мындан тышкары, 2017-жылдын 11- мартынан Ош шаарынын аймагындагы малдарды идентификациялоо иш-чарасын сапаттуу жана убагында бекитилген эрежеге ылайык так аткарылууда.

Ош шаарында 1505 баш саан уйлар жана кунаажындар идентификациядан өткөрүлдү. Жалпысынан 3 миң даана бирка бөлүнгөн. 

      Ал эми, шаарда сүт жана сүт азыктары   3 жерде  сатылат, аларды ветинспекция тарабынан бөлүнгөн  адистер текшерүүдөн өткөрүп турушат. Бирок ага карабастан  лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн айылдан алынып келинген сүт, каймактардын үймө-үй кыдырып сатылып  жаткандыгы орун алууда.

    Учурда малдардын арасындагы жугуштуу ылаңдарга каршы эмдөө, дарылоо  жана  ветеринардык-санитардык иш-аракеттерди  жүргүзүү улантылууда.”,-деп билдирди Н.Кадыров.

 Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы ветеринардык жана фитосанитардык абал канатандыраарлык эмес экендигин билдирип,  1 айлык мөөнөт менен базарлардын, мал союуучу жайлардын, сүт жана эт азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык абалын жөнгө салып, көзөмөлдөн өткөрүү боюнча каттуу талап койду.   

Окулду 1986 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });