Бүгүн, 29-март Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Бишкектеги ОБСЕ борборунун башчысы Пьер фон Аркс мырзаны кабыл алды.
Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр З.Аскаров коопсуздукка багытталган “Кварталдык милиция” долбоорунун алкагында төрт көчмө кабыл алуу милиция автоунаалары бөлүнүп, түзүлгөн графиктин негизинде иштеп жаткандыгын айтты. Ал эми келечекте дагы биргеликте долбоорлор ишке ашат деген ишенимде экендигин билдирди.
“Жаштарды билимге тартууга, жол эрежелерин сактоого өбөлгө түзүүдө бир топ иш аракеттер сиздердин жардам менен ишке ашып жатат. Ал эми диний кырдаалдын туруктуулугун сактап, жарандардын коопсуздугун алдын алууда ишке аша турган долбоорлор алдыда. Ош шаарынын мэриясы сиздер менен мындан ары дагы кызматташууга даяр”,- деди З.Аскаров.
Ал эми Бишкектеги ОБСЕ борборунун башчысы Пьер фон Аркс мырза экинчи борбор калаанын өнүгүүсүнө, жаштарга багытталган долбоорлордун үстүндө иш жүрүп жаткандыгын билдирип, май айында дагы бир ирет Ош шаарына келе тургандыгын айтты.
Андан соң, эки тарап саясий-экономикалык, социалдык жана маданий тармактарындагы иш-аракеттер туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.