1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 14 Февраль 2017 11:28

Өлкөнүн чемпиондору “Алай” футболдук клубу расмий түрдө сыйланды

        Бүгүн, 14-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” футболдук клубун 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу жана I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн расмий түрдө сыйлоо аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, КРнын футбол федерациясынын вице-президенти Канат Маматов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, “Алай” футболдук клубунун толук курамы, мекеме уюмдардын жетекчилери жана футбол күйөрмандары катышты.

 

Алгач, Ош шаарынын мэри, «Алай» футбол клубунун Президенти Айтмамат Кадырбаев, клубдун оюнчуларын, жалпы эле футбол күйөрмандарын 2016-жылдагы спорттук жеңиши менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.

 

-“Ош шаарынын «Алай» футбол клубу түптөлгөндөн бери, футболчуларды даярдоонун чыныгы устаканасына айланып,   жүздөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгарды. Бүгүн да бул салт уланып, клубдун тарбиялануучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу.

   Клуб өзүнүн тарыхында ары даңазалуу, ары татыктуу жолду басып өттү. 1992- 1993 жана 2006-жылдары «Алай» командасы өлкөбүздүн чепионатында коло медалына татыктуу болсо, 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип алды. Ал эми 2015-жылы экинчи жолу Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Чемпион болуш кыйын, ал эми чемпиондук наамды сактап калыш андан кыйын экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Намыска жарап,чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып 2016-жылы да “Алай” командабыз дагы бир ирет чемпиондукту багындырды. Аны менен катар, I-лигадагы “Алай” командабыз да лиганын чемпиондугун жеңип алып, бизди кош кубанычка бөлөдү. Быйылкы жылы “Алай” командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат. Бул мелдештерде да “Алай” командасы өзүнүн жеңиштери менен жалпы күйөрмандарын кубантарына ишенүү менен ийгиликтерди каалайм.

Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун  аракеттерин көрүп келе жатат. Акыркы беш жылда эле клубду каржылоо 2,5 млн сомдон 18 млн сомго жетти. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Учурда курулуп жаткан Футбол Академиясынын  бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболисттер дал ушул биздин Ош шаарынан чыгып, «Алайды» атына жараша, эң мыкты клубга айландыраарына   ишенич чоң”,-деди А.Кадырбаев.

 

Шаар мэри Ош шаарынын мэриясынын атынан клубдун футболчуларына чемпиондук үчүн 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырды.

 

 

Андан соң, КРнын футбол федерациясынын  вице-президенти  К.Маматов “Алай” клубунун  президентине, футболчуларына, машыктыруучуларына жана дарыгерлерине медалдарды тапшырып, команданын капитанына “Кыргызстандын чемпиону-2016” кубогун расмий түрдө тапшырды.

 

Ошондой эле, А.Кадырбаев I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн медалдарды жана кубок ыйгарды.

 

 Мындан сырткары команданын эң мыкты оюнчулары ар кандай номинациялар менен сыйланды. Алардын катарында КРнын 2016-жылдагы чемпиондунда эң көп гол киргизген аталган команданын чабуулчусу  Алиа Силла экинчи жолу “Эң мыкты чабуулучу” деп аныкталды.

 

Иш-чара белгилүү эстрада жылдыздарын катышуусунда, концерттик программа менен коштолду.

 

Эске салсак, Ош шаарынын “Алай” футболдук командасы өткөн жылдын 29-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Канттын “Абдыш-Ата” командасын 2:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталган.

 

     «Алай» футбол клубунун таржымалы тууралуу тарыхка көз чаптырсак 1965-жылы «Шахтер», 1994-жылы «Ош-Алай-пирим», 1996-жылы «Динамо-Алай», ал эми 2003-жылдан бери «Алай» футбол клубу аталып, 50 жылдык   даңазалуу жолду басып өтүп,   Ордолуу Ош шаарынын атын чыгарып, күйөрмандарына кубаныч тартуулап келет.

 

 

 

Окулду 58 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

« Март 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Өлкөнүн чемпиондору “Алай” футболд…

Өлкөнүн чемпиондору  “Алай” футболдук клубу  расмий түрдө сыйланды

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” фут...

Урбан Форумда Ош шаарынын көйгөйлүү…

Урбан Форумда Ош шаарынын көйгөйлүү маселелери талкууга алынды

Бүгүн 3-июлда Ош мамлекеттик университетинде Урбан Форум бол...

Өткөнү тарыхка бай, келечеги кең Ош…

Өткөнү тарыхка бай, келечеги кең Ош шаары

Ош - 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-к-да ...

А. Кадырбаев: Биз Кыргызстанга үлгү…

А. Кадырбаев: Биз Кыргызстанга үлгү боло турган балдар бакчасын кура алдык

Бүгүн 26-декабрь күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинде ...

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу