1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Суббота, 04 Февраль 2017 05:05

Ош шаарында окуучулар үчүн жол акы көтөрүлбөйт

 

 

 

Кечээ, 2-февраль Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Алымбек Датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрдү жеринен угуп кайтты.

Шаар башчысы өткөн жылы жаз жана күз айларында аталган аймактын жашоочулары менен жолугуп бир катар маселелер чечилген.

 

Алгач  шаардыктарга үч жыл ичинде аткарылган жумуштар туурасында тасма көрсөтүлүп, калаа башчысы А.Кадырбаев быйылкы аткарыла турган жумуштар туурасында кыскача маалымат берип өттү.

 

“Быйыл ири долбоорлорду ишке ашырууга максат коюп, кызуу иш жүрүүдө. Алсак үчүнчү көпүрөнүн курулушу, анын жанына вело жол, подиум пландаштырылган, курулуш иштери башталды. Мындан сырткары 150 орундуу оорукана түшүп жатат.

Ошондой эле, И.Раззаков, Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайларды реконструкциялоо боюнча иш алып баруудабыз. Мындай долбоорлор ишке ашса шаардыктардын турмуш шарты ынгайлаштырылып, шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот”,-деди А.Кадырбаев.

 

Андан соң, А.Кадырбаев шаардыктардан кат жүзүндө келген маселелерге жооп берди. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдорго асфальт төшөө, короого чырактарды орнотуу, бала бакча, электр мамычаларын жана чубалгыларды жаңылоо, коммуналдык көйгөйлөр туурасында суроолор берилди.

Ар бир маселе жеринде чечилип,протоколго жазылып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

 

Аталган аймактын тургундарын окуучулар үчүн маршруттук каттамдарга жол акы көтөрүлөбү же жокбу деген суроо кызыктырды. Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев окуучулар тарабынан маршруттук каттамдарга берилип жаткан 1 сом жол акысы көтөрүлбөй тургандыгын белгилеп, айдоочулар келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттүү экендигин айтып өттү.

Ошондой эле, келишимде бекитилген иштөө режими бузулуп жаткандыгын айтып, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине каттуу талап койду.

 

Шаар башчысынын шаардыктар менен болгон жолугушуусу баардык аймактык кеңештерде уланат. Белгилей кетсек, бул форматтагы жолугушуу жылына эки ирет өтөт.

Бул иш-аракеттер шаардагы көйгөйлөрдү өз учурунда, ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

 

 

 

 

Окулду 245 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

« Апрель 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу