Кечээ, 26-январь ХБК кичи районундагы И.Раззаков көчөсүнө жаңы орнотулган 88 даана светодиоттук чырактарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көрүп кайтты.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктардын коопсуздугу жана экинчи борбор калаанын кооздугу үчүн негизги көчөлөрдүн баары заманбап светодиоттук чырактар менен камсыз болсо, борбордук көчөлөрдөн чыккан эски чырактар шаардын аймагындагы мурда жарыктандырылбаган көчөлөргө коюулуп жаткандыгын билдирди.
“Ош шаарындагы түнкү жарыктандыруунун сапатын жакшыртуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо максатында светодиоддуу чырактарды сатып алуу боюнча шаардын бюджетинен 50 380 000 сом бөлүнүп, 42 299 816 сомго 3021 даана 100w жана 120w болгон светодиоддуу чырактар алынып, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү эски чырактардын ордуна орнотулду. Жыйынтыгында электр энергиясын колдонуу 3,33 эсеге үнөмдүлүүдө. Өткөн жылы 84,045 км. жолдун чырактары светодиоду чырактарга алмашылды. Мындан сырткары 45,083 км. жол жаңыдан жарыктандырылды. 75,265 км. ЛЭП тартылды. 45 даана башкаруу щиттери орнотулду. 2016-жылы чырактар жок кичи райондор менен катар, Жапалак айылдык аймагындагы айылдардын негизги көчөлөрү жарыктандырылды. Быйыл болсо көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна светодиоттук чырактарды орното баштадык”, - деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, И. Раззаков көчөсү Ош шаарынын Кара-Суу районунан келгенде кире бериши болгондуктан, аталган көчөнүн жарыктандыруусу кайрадан оңдолуп, 44 темир мамыча орнотулган. 1 228 302 сомго тендер жарыяланып, аны “Металлист” ЖЧКсы 990 163 сомго утуп, темир мамычаларды орнотулган. Ал эми, светодиоду чырактарды орнотуу, электр зымдарын тартуу жана монтаждоо иштери «Шаарсвет» элетр жарык тармактар ишканасы тарабынан аткарылды.
Айта кетсек, жалпысынан алганда Ош «Шаарсвет» элетр жарык тармактар ишканасы бүгүнкү күндө 153,633 км жол жарыктарын, 329,275 км электр энергиясын өткөрүүчү линияларды, 4552 даана чырактарды, 1166 даана плафондорду, 156 даана башкаруу щиттерин (БЩ) жана башка жабдыктарды тейлейт.