1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 25 Январь 2017 08:10

Өткөн жылы Ош шаарына 6,2 млрд. сомдук тышкы жана ички инвестициялар тартылган

Бул тууралуу 25-январда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында билдирди. ЖыйынгаКРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

 

Коллегиянын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын жыйынтыктары жана 2017-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.

 

-“Ош шаарынын өнүгүү программасынын алкагында шаарда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен көптөгөн жумуштар аткарылып жатат. Жалпы Ош шаары боюнча 2016-жылы алдын ала маалыматтар боюнча 6,2 млрд. сомдук тышкы жана ички инвестициялар тартылып, кошумча 982 жумуш орундары түзүлгөн.

 

-Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат. Бул багытка Азия Өнүгүү Банкы тарабынан 11 млн. 890 миң АКШ доллары, Европа Өнүктүрүү жана Рекструкциялоо Банкы тарабынан 8 млн. 450 миң евро каражаты жумшалды. Азия Өнүгүү Банкынын каражатына “Плотина” суу тосмосуна чейинки суу тазалоочу галерея, селден коргоочу дамба, 4,7 км, диаметри 1000 мм болгон 3-суу түтүгү курулуп пайдаланууга берилди. Андан сырткары “Озгур” суу тазалоочу бекетиндеги хлоратордук станциясы жана Достук кичи районундагы көлөмү 6000 м3 болгон суу кампасы, реконструкцияланды.

 

Ал эми Европа Өнүктүрүү жана Рекструкциялоо Банкынын каражаттарына №1, №6, №10, №3/7 жана 7-насостук бекеттер, саркынды сууларды тазалоочу бекеттер реконструкцияланып, заманбап жабдыктар орнотулду. Ошондой эле 5,7 км магистралдык суу түтүктөрү, 7,7 км саркынды суу түтүктөрүнүн тармактары курулду. Андан сырткары Туран аймактык Кеңешине 2000 даана суу өлчөөчү приборлор орнотулду, жаз айларында дагы 1600 прибор орнотулат;

 

-Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна АКШнын 25,0 млн. долларына 150 койкалуу жаңы типтеги оорукананын курулушу жүргүзулүп жатат (бул курулуш Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланат);

 

-Футбол академиясын куруу боюнча Ош шаарындагы №2 аймактык Кеңешинин Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан шаардык парктан (ботаникалык бак) жер ажыратылып, 3,85 га жер тилке 25 жылга бекитип берилген. Курулуш толугу менен ФИФА аркылуу жүргүзүлүп жатат жана курулушка 1,0 млн. АКШ доллары бөлүнгөн;

 

-Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттар паркын жаңылоого 23 троллейбус жана 30 автобус сатып алуусу жана башка жумуштардын аткарылышы каралган.  Бугунку күнгө карата 30 автобус алынып келинип, элге кызмат көрсөтүүдө;

 

-Ош шаарында жаңы заманбап “Жетиген” лицейи ишке киргизилди (500 орундуу орто мектеп Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин каржылоосу менен курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 102 млн 681 миң сомду, ал эми тендердик баасы 88 млн 611 миң сомду түздү;

 

-Кең-Сай питомнигине суу чыгаруу боюнча долбоорлор жазылып, жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү Фонду тарабынан 8 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, суу чыгарууга 4 млн. 700 миң сом жана суу ташуучу автоунаага 3 млн. 300 миң сом акча каражаты каржыланды;

 

Быйылкы жылы кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте арматура чыгарган “Хунда” (азыркы учурда убактылуу иштебей жатат) (тартылган инвестициялар 420 миң АКШ доллары, 80 жумуш орду), цементке кап чыгарган “Ош-Полипласт” (“Алтын-Суу” ишкананын базасында) (тартылган инвестициялар 435 миң АКШ доллары, 80 жумуш орду), жаш балдарга бут кийим чыгарган «Фай-фай-ли» (тартылган инвестициялар 200 миң АКШ доллары, 20 жумуш орду) жана “Шанхай сити” атту мейманкана (тартылган инвестициялар 200,0 млн. сом, 80 жумуш орду) ачылган.

 

Жалпы Ош шаарында 2016-жылы статистикалык маалыматтар боюнча 877 жаңы ишканалар ачылган. Анын ичинен өнөр  жай тармагында 91, курулушта 104, 22 ресторандар жана мейманканалар, ал эми тейлөө тармагында 65 ишканалар иш алып барып жатышат”,-деди З.Аскаров.

Окулду 612 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Декабрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу