1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 25 Январь 2017 08:06

Ош шаарынын мэриясынын «Жарандарды кабыл борборуна» 2016-жылы 749 жаран жазуу жүзүндө, 408 жаран оозеки кайрылган

Бул тууралуу 25-январда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында билдирди. ЖыйынгаКРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

 

Коллегиянын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын жыйынтыктары жана 2017-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.

 

-“Ош шаарынын мэриясынын алдында ачылган «Жарандарды кабыл борборуна» 2016-жылдын жыйынтыгы менен 749 жаран жазуу жүзүндө, 408 жаран оозеки  кайрылып, жарандар тарабынан коюлган маселелерине жоопторун өз убагында алышты.

 

2016-жылдын ичинде шаардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда шаардагы 12 аймактык Кеңештердин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын эли менен Ош шаарынын мэри  А.Кадырбаев тарабынан 24 жолу жолугушуу өткөрүлүп, щаар тургундары тарабынан 285  сунуш, пикир айтылса, алардын ичинен 204 тапшырма аткарылган жана  81 протоколдук тапшырманы аткаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

 

Жолугушуулардын дээрлик көпчүлүгүндө тургундардын чарбалык маанидеги муктаждыктарына байланыштуу болгон маселелер көтөрүлгөн. Ал эми жылдан жылга чечилбей келе жаткан төмөндөгү олуттуу маселелер мэрия тарабынан колдоого алынып аларды чечүү боюнча иш алып барылууда:  жылуулук системасына көп кабаттуу үйлөрдү улоо, канализацияга улоо, суу түтүктөрүн жеткирүү, көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу чырактары менен камсыз кылуу, балдар аянтчаларын куруу, жаңы конуштарга маршруттук каттамдарды ачуу, көчөлөргө асфальт басуу, шагыл төшөө ж.б.

 

 

Шаардык мэриянын документ жүгүртүүсү  2016-жылдын жыйынтыгы менен 22717ни түздү,  анын ичинен  жарандардан түз жана жогорку турган органдар аркылуу түшкөн кат жүзүндөгү кайрылуулардын саны 3046 түзүп, 2015-жылга салыштырганда 2632 же 13,6 пайызга көбөйдү.

 

Ош шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарга талдоо жүргүзгөндө, ипотекага батир алуу үчүн 840 (2015-ж. да 529) жаран карылган, же 58,8 пайызга көбөйдү. Жеке менчике үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча 415 (2015-ж. 348) арыз катталып, 2015-жылга салыштырмалуу  16,2 пайызга көбөйдү, муниципалдык менчикте турган жерлерди ижара шартында иштетүү боюнча 679 (2015-ж. 770), арыз катталып, 13,4 пайызга азайды. Ал эми материалдык жардам сурап 508  (2015-ж. 516) жарандар   кайрылган, же 2015-жылга салыштырмалуу  1,0 азайды.  Мындан тышкары  9950 оозеки кайрылуу түшсө, анын ичинен 1049 жаран жетекчилердин жеке кабыл алуусунда болуп, алардын койгон суроо талаптары чечилген. Ал эми калган 8901  жаран «166» кызматына шаардык чарба тармагынын диспетчердик кызматтарына оозеки кайрылышып, алардын маселелери оперативдүү түрдө каралып чечилген.

 

Ош шаарынын мэриясында «Юз оф Ош» коодук бирикмеси менен биргеликте жарандардын «Онлайн кайрылуу картасы» (www.map.oshcity.kg) ишке киргизилди. Шаардын  жарандары «Онлайн кайрылуу картасы» аркылуу шаардагы коммуналдык жана жүргүнчүлөрдү  ташуучу мекеме-ишканаларга интернет аркылуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча кайрылышып жатышат. 2016-жылы 207 жаран кайрылып,  “Жарандарды кабыл алуу борборунун» адиси  «Онлайн кайрылуу картасы» аркылуу түшкөн кайрылууларды өз убагында карап, ыкчам чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча кат ээсине жооп берилген.  Учурда Ош шаарынын мэриясы тарабынан кайрылуу картасы боюнча аткарылып жаткан жумуштарды өлкөнүн башка шаарларына бөлушүү максатында тегерек стол өткөрүү каралып жатат”,-деп маалымдады З.Аскаров.

Окулду 95 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

« Март 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Өлкөнүн чемпиондору “Алай” футболд…

Өлкөнүн чемпиондору  “Алай” футболдук клубу  расмий түрдө сыйланды

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” фут...

Урбан Форумда Ош шаарынын көйгөйлүү…

Урбан Форумда Ош шаарынын көйгөйлүү маселелери талкууга алынды

Бүгүн 3-июлда Ош мамлекеттик университетинде Урбан Форум бол...

Өткөнү тарыхка бай, келечеги кең Ош…

Өткөнү тарыхка бай, келечеги кең Ош шаары

Ош - 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-к-да ...

А. Кадырбаев: Биз Кыргызстанга үлгү…

А. Кадырбаев: Биз Кыргызстанга үлгү боло турган балдар бакчасын кура алдык

Бүгүн 26-декабрь күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинде ...

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу