1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 25 Январь 2017 08:01

Ош шаарынын мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 25-январда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын жыйынтыктары жана 2017-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров маалымат берди.

 

-“Өткөн 2016-жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде Ош шаары үчүн бир топ ийгиликтүү жылдардан болду.

2016-жылдын 27-мартында Ош шаардык Кеңешинин депутаттары,   Ош шаарынын мэри шайланды. Ал эми 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча  референдум ийгиликтүү өттү.

2016-жылдын 19-23-апрелинде  «Орус киносунун жумалыгы», 30-апрелде   республикалык «Этно-маданий фестивалы», 31-августта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы жогорку уюшкандыкта, мамлекеттик атрибуттарды даңазалоо, мекенчилдик, ынтымак, достук биримдик кырдаалында белгиленген иш мерчемдерине ылайык өткөрүлдү.

Ошондой эле 4-7 сентябрда «Кырчын» жайлоосунда  өткөрүлгөн II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Ош шаары   активдүү катышып,  8 номинациянын ичинен 7 номинациясы боюнча байгелүү орунга жетишип, улуттук тамак-аш номинациясы боюнча «Гран прини» жеңип алды.

Акыркы айларда коңшу Өзбекистан Республикасы менен достук байланыштар кайрадан жанданып келүүдө.

Жергиликтүү маанидеги, ошондой эле шаардын көйгөйлүү жана орчундуу маселелерин чечүү үчүн Ош шаарынын мэриясы шаардык мекеме-уюмдар, аймактык Кеңештер тарабынан 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын, 2016-2020-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүү программасын жана башка мамлекеттик жана локалдык программаларды турмушка ашыруу боюнча бир катар иш аракеттерди жүргүздү.

2016-жылы Ош шаарынын экономикалык өсүшүнө бир катар сырткы жана ички факторлор терс таасир эткен.  Алардын орчундууларын атай кетсем:

-негизги соода өнөктөш-өлкөлөр болгон Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында дүйнөлүк кризиске байланыштуу суроо талаптын азайышы;

-Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин бажы аймагында эрежелердин катуулагандыгы;

-аба ырайынын ыңгайсыз болушу (жазда жаандын көп болушу, жайдын ысык болушу);

-товарлардын азык-түлүк тобун импорттоодон ички рыноктун көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кумшекер, акшактар ж.б.);

-ишкердикти өнүктүрүүгө жумшалуучу насыялардын пайыздык ставкалары жогорку болушу (орточо бааланган пайыздык ставка-19,31%) терс таасир эткен.

Аталган сырткы жана ички факторлордун тийгизген таасирине карабастан Ош шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө келе турган болсок 2016-жыл шаар үчүн жемиштүү жыл болду деп канааттануу менен айтууга негиз бар.

Сиздерге белгилүү болгондой август айында 2016-2020-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүүнүн Программасын кабыл алган элек. Мэрия тарабынан ушул программада көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруунун алкагында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында 2016-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тармактар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

-өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 113,7 пайызды түзүп, 3 млрд. 385 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 408,0 млн. сомго көбөйгөн;

-айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 100,5 пайызды, же 924 млн.сомду түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 80,1 млн. сомго көбөйгөн;

-курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 4 млрд. 928 млн.сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 млрд. 209 млн. сомго, же 24,6 пайызга өскөн;

-имараттардын курулушуна, кайра курулушуна жана техникалык жабдылышына тартылган капиталдык салымдар 4,0 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 612,4 млн. сомго, же 16,9 пайызга көбөйгөн;

-көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 107,5 пайызды, же 48,2 млрд.сомду түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4,3 млрд. сомго көбөйгөн;

-жүк ташуулардын өсүү темпи 102,2 пайызды, же 516 миң тоннаны түзгөн;

-Ал эми мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 2 млрд.452 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 4 млрд. 5 млн.сомду түзүп, пландагыдан 1,5 млрд. сомго же 63,3 пайызга, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 354,5 млн. сомго (2015-жылы 3 млрд. 651 млн. сом)  же 9,7 пайызга көп жыйналган.

-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салык эмес кирешелеринин (атайын каражаттарды кошпогондо) аткарылышы 100,2 пайызды, же 847,4 млн.сомду түзүп, 1,7 млн. сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 31,5 млн. сомго көп жыйналган;

-социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 108,0 пайызды, же 1 млрд. 609 млн. сомду түзгөн;

-катталган кылмыштуулуктун саны 2253 түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 303 кылмышка азайган.

 Мына ушуга окшогон жана башка көрсөткүчтөр 2016-жылы өсүү темпи менен жыйынтыкталды”,-деди З.Аскаров.

Окулду 507 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

  Бүгүн, 18-майда  С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган  майрамдык и...

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
« Октябрь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Видеорепортаждар

Пред След

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри …

ЭлТР "Күнмаекте" Ош мэри А.Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ЭлТРдин "Күнмаек" програ...

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу