1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 27 Декабрь 2016 11:02

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү

Бүгүн, 27-декабрь Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Келечек” чыгармачыл балдар борборунда балдар үчүн уюштурулган “Алтын балаты” аттуу  жаңы жылдык майрамга катышты. Жаңы жылдык балатыга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелер, көзү азиздер үчүн адистештирилген мектебинин окуучулары жана шаардагы алдынкы окуучулар чакырылган. Алар калаа башчысы менен биргеликте жаңы жылдын символу балатыны күйгүзүп, тегерене бийлешти.

 

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев  келечек муундун өкүлдөрүн билимдүү болууга үндөп, жаңы жылы менен куттуктады.

 

“Жыл сайын жаш досторум менен бирге жаңы жылды тосуп, жакшы каалоолорумду айтуу мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири. Убакыт учкан куштай тез эле өтөт. Силер бүгүн балалык кыялыңар менен мугалим, доктор, актер, космонавт, инженер болгуңар келет.Мен силердин тилегиңер ишке ашышына тилектешмин. Көп окуп, билимиңерди жогорулатып, жүрүм турумуңар менен башкаларга үлгү болгула. Жаңы жыл силерге жаңы ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келсин,”- деди А.Кадырбаев.

 

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз,токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүп, конкурстар уюштурулуп, таттуулар таратылды.

 

Жаңы жылдык балатыда 160дан ашуун балага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан белектер тапшырылды. Айта кетсек, балдар үчүн даярдалган белектерге жалпысынан 130 миң сом жумшалган. 

Окулду 232 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Тарых жана маданият

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы...

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык  фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык  фес...

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...

 

Кайрылуулар

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүкт…

А.Кадырбаев: “Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада боло турган “Ош ...

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл б…

Ош шаарынын мэри: Менин ишимди эл баалайт

Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаарынын мэрлигине шайланганына 1 ж...

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэр…

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл ...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

« Апрель 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Видеорепортаждар

Пред След

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылг…

Акыркы 3 жылда Ош шаарында аткарылган иштерден кыскача маалымат

  Мэр Айтмамат Кадырбаевдин Ош шаары жана Ош шаарынын эли ү...

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадыр…

Оштун студенттери шаар мэри А.Кадырбаевдин бир күндүк иш-планы менен таанышты

Ош шаарынын мыкты студенттери, Президенттик стипендиянын ээл...

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ош шаары өңүгүү жолунда - 09.2016

Ордолуу Ош кылымдарды карытып, 3016 жылдык тарыхты камтыган,...

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 ми…

Видео Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн 17-июнь күн Орозо айт майрамы. Ош шаарында саат 7;45те...

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, бу…

А.Кадырбаев: Тазалаган жер эмес, булгабаган жер таза болот

     Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-июнь күнү “Ош-Та...

Ош шаарында комуналдык, социалдык м…

Ош шаарында комуналдык, социалдык маселелер чечилүүдө

Ош шаарынын жетекчилиги эл күнүгө бетме-бет келген бала бакч...

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыг…

Ош шаарынын мэри Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон сыйлык тапшырды

Бүгүн 9-май Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жы...

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыг…

Ош шаарында Улуу Жеништин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлд...

КирүүКатталуу