Президент Алмазбек Атамбаев Ошто сыйымдуулугу 6000 м3 болгон жаңы суу кампанын ачылышына катышты
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 16 Март 2016 13:18

Президент Алмазбек Атамбаев Ошто сыйымдуулугу 6000 м3 болгон жаңы суу кампанын ачылышына катышты

Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын “Достук” аймагында курулган сыйымдуулугу 6000 м3 болгон суу кампасын ачуу аземи болду. Ага КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Резервуардын ачылышында президент сөз сүйлөп, калкты таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин билдирди. Ошондой эле, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, ынтымакты сактоого чакырды.

 “Ош шаарында таза суу сактаган резервуар жоктугуна байланыштуу жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында Ак-буура дарыясынын суусу булганып, калаада ичүүчү суу токтоп калган учурлар болот. 2014-жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда жасаган аракеттерибиз өз жемишин берип, бүгүн сыйымдуулугу 6000 м3 болгон жаңы суу кампасын пайдаланууга берип жатабыз. Бул жердеги суу резервуары Ош шаарынын батыш тарабындагы аймактарды таза суу менен камсыздайт. Тактап айтканда Ак-Тилек кичи району, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо аймагындагы 60 миңден ашуун жашоочулар толук таза суу менен камсыз болот. Жакынкы арада дагы бир суу кампасы курулуп, Кең-Сай массиви да суу менен камсыздалат. Быйылкы жылы таза суу маселеси толугу менен чечилип, Ош шаарына үзгүлтүксүз ичүүчү суу берилет”,-деди А.Кадырбаев.

 

Суу кампасынын курулушу 2014-жылдын декабрь айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 68 021,4 миң сом, тендердик баасы 45 662,6 миң сомду түзүп, Россия Федерациясынын грантынын эсебинен каржыланды.

Окулду 2368 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });