Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда болуп өткөн окуяларда жардам көрсөткөн калаадагы курулуш компанияларын сыйлоо иш-чарасы өттү. Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, облустук архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери катышты.
Алмаз Мамбетов курулуш компаниялары Баткен элине каржылык жана гуманитардык жардам берүүдө четте турбай салым кошконун белгиледи. Андан соң шаардагы 30га жакын курулуш компаниялардын жетекчилерине Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары жана белектери тапшырылды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү, сырткы фасадына көңүл буруу, түнкү жарыктандырууларды орнотуу зарылдыгы айтылды. Калаанын борбордук бөлүгүнөн сырткары кичи райондорго жана шаардын чет жактарына көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасоо маселеси көтөрүлдү.
Курулуш компаниялары бул демилгелерди кубаттады.