Версия для печати
Понедельник, 09 Май 2022 14:29

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэрлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, жаштар, волонтердук уюмдар жана тургундар катышты.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында "Альфа" бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын көмөгү менен майрамдык эстафета болуп өттү. Андан кийин “Өлбөс полктун” жүрүшү болуп, алдын ала эсептөөлөр боюнча ага 3000ден 4000ге чейин адам катышты.
Андан ары “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием өтүп, гүлчамбарлар коюлду. Мында курман болгон жоокерлерди эскерип, куран окулду.
Иш-чара Ош аскер гарнизону тарабынан ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине уюштурулган майрамдык жоокер боткосун берүү менен аяктады.
Окулду 1563 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо