Бүгүн, 27-апрелде ОшМУнун юридикалык факультетинин студенттери “Кыргыз Республикасынын муниципалдык укугу” сабагынын алкагында Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ар бир бөлүмдүн иши менен таанышкан соң, Жаштар иштери боюнча комитеттин Жаштар инновациялык борборунда жыйынтыктоочу жыйын болду. Анда студенттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча өздөрүнүн суроолорун беришип, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.