Ошто этномаданий борборунун жаңы имаратынын маселеси каралууда
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 28 Январь 2022 17:16

Ошто этномаданий борборунун жаңы имаратынын маселеси каралууда

Бүгүн, 28-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Ош филиалынын жетекчиси Балтагул Нурумбетов бөлүмдүн ишмердүүлүгү жана анын борборлорунун иштери тууралуу айтты. Ошондой эле быйылкы жазда "Достук кербени" деп аталган этномаданий иш-чараларды уюштуруу боюнча пландалган фестивалдар, көргөзмөлөргө токтолду.
Этномаданий борборлордун өкүлдөрү тиешелүү шарттар түзүлгөн жаңы борбор ачуу өтүнүчү менен мэрге кайрылышты. Мэр учурда жаңы имарат куруу маселеси каралып жатканын, анда этностордун өзгөчөлүгүн, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.
Мындан сырткары Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү, анын ичинде тарыхый эстеликтерге QR-код системасын киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, Ош шаарында инфраструктураны өнүктүрүү, тротуарларды куруу, коомдук транспорттордогу заманбап тейлөөнү жакшыртуу пландары тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчы улуттар ортосундагы достукту, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо маселелерине өзгөчө токтолду. Ага улай Ош шаарынын мэриясы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрүп, сунуштар айтылды.
Окулду 659 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });