Версия для печати
Среда, 24 Ноябрь 2021 10:47

Ош шаарында арзан көмүр сатылууда

Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын аймагында арзан баада Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрү сатыла баштады. Ага ылайык шаар мэри Алмаз Мамбетов көмүр сатуу пункттарын кыдырып чыкты.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн 5 техника бөлүнгөн.
Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында 7 жайга көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөндүн көмүрү тоннасы 3000 сомдон, Алайдын көмүрү 4000 сом деп бекитилди. Базар наркынан төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот.
Окулду 429 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо