Версия для печати
Среда, 17 Ноябрь 2021 20:08

Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулук маселеси талкууланды

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрдү. Анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси көтөрүлдү.

Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жужуров бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошону менен катар вице-мэр алдыда өтүүчү шайлоодо мыйзам бузуучулукка жол бербөөгө чакырып, муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашуусуна чара көрүлө турганын эскертти. 
Окулду 483 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо