Версия для печати
Четверг, 09 Сентябрь 2021 14:42

Ош шаарына "Biotrend Energy" компаниясынын адистери келди

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Biotrend Energy" компаниясынын адистери менен жолугуп, шаардын инфраструктурасы менен тааныштырды.

Аталган компания менен мэрия "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" меморандумуна августта кол койгон. Анын алкагында "Ош-Тазалык" жана "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканаларында пландалган жана аткарылып жаткан иштерди жеринен көрүштү.
"Biotrend Energy" компаниясы менен шаардыктарды таза суу менен камсыздоо тармагында долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Окулду 443 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо