Oш шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга долбоору жана 2022-2023-жылдар болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгы тарабынан даярдалган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын, ошондой эле 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде түзүлдү.
2021-жылы коронавирустук инфекциядан улам келип чыккан кырдаалдын токтоосу жана турукташуусу күтүлгөндөн кийин экономикада калыбына келүү болжолдонууда.
2021-жылга макроэкономикалык саясаттын башкы максаты экономикалык өсүштүн оң динамикасын камсыздоо жана экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү болот.
Бюджеттин киреше бөлүгү
2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү 2021-2023-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү орто мөөнөттүү болжолунун базасында, бир нече жылдагы иш жүзүндөгү түшүүлөрдүн, 2020-жылы кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлгөн.
2021-2023-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги параметрлери
2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2020-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 102,0%га өсүп, же болбосо 25 987,0 миң сомго көбөйүп 1 351 600,0 миң сомго аныкталды.
Салыктык кирешелер 1 168 050,0 миң сомду (86,4% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзөт.
Салык эмес кирешелер 97 800,0 миң сомду (7,2% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзөт.
Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 85 750,0 миң сомду (6,4% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзөт.
«Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:
- киреше салыгы - 100%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;
- мүлк салыгы - 100%;
- жер салыктары - 100%;
- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык - 100%;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык - 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калууда.
2021-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешесинин түзүмү төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн
миң сом
№ Кирешелер Суммасы
Салык кирешелери 1 168 050,0
1 Киреше салыгы 760 700,0
2 Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык 23 500,0
3 Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 179 500,0
4 Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык 8 700,0
5 Кыймылсыз мүлккө салык 96 000,0
6 Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык 43 000,0
7 Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 17 000,0
8 Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 1 100,0
9 Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 36 850,0
10 Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык 1 700,0
Салыктык эмес кирешелер 97 800,0
11 Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн акы төлөө 39 000,0
12 Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө 53 000,0
14 Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы 2 000,0
15 Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар 1 300,0
16 Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым 2 500,0
Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) 1 265 850,0
17 Атайын каражаттар 85 750,0
Жалпы кирешелердин жыйынтыгы: 1 351 600,0
«Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2022-жылга Ош шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 369 814,5 миң сом жана 2023-жылга 1 395 046,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү
2021-2023-жылдарда Ош шаарынын мэриясынын чыгаша саясатынын максаты чыгашалардын социалдык багыттуулугун сактоо, аны менен бир катар натыйжасыз жана артыкчылыксыз чыгашаларды кыскартуу болуп саналат.
Ошону менен бирге бюджеттик тартипти бекемдөө, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана ачык башкарууну камсыз кылуу, чыгашалардын натыйжалуулугун күчөтүү, чыгашаларды кыскартуу жана даректүүлүктү күчөтүү жолу менен бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу болот.
2021-2023-жылдарга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн негизги параметрлери
Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2021-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 351 600,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2020-жылга салыштырмалуу 25 987,0 миң сомго көп каралууда.
2021-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн
- 22,3 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,
- 0,4 % коргонуу тармагы
- 10,8 % экономикалык маселелер,
- 30,3 % турак жай жана коммуналдык чарба,
- 5,9 % маданият жана спорт тармагы,
- 29,2 % билим берүү тармагы,
- 1,1 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тармагына кетүүчү чыгымдарга 2021-жылга 301 401,1 миң сом белгиленүүдө, анын ичинен;
- Ош шаардык Кенешин аппаратын каржылоого - 10 123,7 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясын аппаратын каржылоого – 25 733,1 миң сом;
-Ош шаарынын мэриясынын автогаражын, муниципалдык менчик башкармалыгынын аппаратын, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматын, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгын, муниципалдык аймактык башкармалыктарды, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгын каржылоого - 64 419,2 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондуна 12 000,0 миң сом;
- тышкы кредиттерди төлөөгө жана Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоцацияларга мүчө акы төлөөгө 189 125,1 миң сом акча каражаты каралууда.
Коргонуу тармагына 2021-жылга 5 681,3 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленүүдө. Бул тармакта негизинен Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акылары, коммуналдык төлөмдөрү, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдары (призыв граждан) жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) акча каражаты каралууда.
Турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 409 251,0 миң сом акча каражаты белгиленди, анын ичинен:
- Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына - 76 519,6 миң сом;
- «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга – 51 437,7 миң сом;
- Жарандарды тейлөө борборуна – 6 488,7 миң сом;
- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 12 805,0 миң сом;
- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 62 000,0 миң сом;
- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына - 200 000,0 миң сом сунушталууда.
Экономикалык маселелер боюнча тармагына 2021-жылга – 145 998,1 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө, анын ичинен:
- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына шаардагы жеңилдиктери бар жана бекер жүрүүчү категориядагы жүргүнчүлөрдүн муниципалдык коомдук транспорт менен ташууга компенсацияга (пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, окуучулар ж.б.) -15 000,0 миң сом;
- «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасына – 23 500,0 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын аппаратын каржылоого – 7 498,1 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына – 100 000,0 миң сом (жолдорду оңдоого жана курууга).
Маданият жана спорт тармагын каржылоого 2021-жылга - 80 247,0 миң сом акча каражаты каралып, негизинен төмөнкү иш-чараларга сунушталууда:
- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 26 606,4 миң сом;
- Ош шаардык китепканасын жана айылдык маданият үйүн каржылоого – 8 755,7 миң cом;
- маданият башкармалыгынын, дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери боюнча комитеттеринин аппараттарын жана маданият башкармалыгынын борборлоштурулган бухгалтериясын каржылоого – 10 568,8 миң сом;
- «Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго, «Сулайман-Тоо» волейболдук клубу муниципалдык мекемесине, «Ош шамы» гезитине субсидияга – 27 900,0 миң сом;
- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна, фольклордук-эстрадалык тобуна – 6 416,1 миң сом каралууда.
Билим берүү тармагына 2021-жылга 394 393,6 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралды.
Бул тармака төмөндөгү беренелерге акча каражаты каралууда:
- мектептердеги 1-4-класста окуган балдардын тамак-ашына – 53 432,0 миң сом (бир окучууга бир күнгө 10 сомдон);
- бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар – 50 362,7 миң сом (норма боюнча кенже тайпаларга 13 сомдон, жогорку тайпаларга 18 сомдон);
- мектеп интернаттардын, Алтын Уя, Лотос балдар үйлөрүнүн тамак ашына – 6 754,6 миң сом норма боюнча;
- билим берүү мекемелерине эмгек акы төлөөгө жана социалдык фондко чегерүүгө – 2 851,4 миң сом;
- мугалимдердин жана бала бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге акча каражаты – 12 859,2 миң сом (бир кызматкерге айына 300 сомдон);
- мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө жана көмүр сатып алууга (байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, газ) – 134 156,7 миң сом;
- билим берүү мекемелерине эмеректерди, парталарды, компьютелерди сатып алууга, ремонт иштерине жана башка чыгымдарына акча каражаты 50 900,0 миң сом каралууда.
- билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 81 118,0 миң сомго белгиленүүдө.
Социалдык коргоо тармагына 2021-жылга 14 627,9 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:
- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына – 3 184,0 миң сом;
- «Боорукердик» балдар жана карылар үй-интернатына – 8 057,0 миң сом;
- Ош шаарынын мэриясынын үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборуна – 2 819,4 миң сом;
- Ардагерлер Кенешине – 567,5 миң сом сунушталууда.
«Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2022-жылга Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолу 1 369 814,5 миң сом жана 2023-жылга 1 395 046,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.