Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн конкурс өткөрүүнү жарыялайт.
Жер тилкесин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс өткөрүү жолу менен берүү үчүн коюлуучу ЛОТтор:
Лот№ |
Жердин дареги |
Максаты, мөөнөтү |
Аянты, чарчы метр |
Старттык баасы (сом) |
1. |
Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Н.Исанов көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан жер тилкеси
|
Беш жылдык мөөнөткө, 5697,0 чарчы метр жер тилкесине жеӊил типтеги конструкциядан бассейн курууга, 209,0 чарчы метр жер тилкесине жеӊил типтеги конструкциядан коомдук тамак аш жана 6377,0 чарчы метр жер тилкесин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
12283 |
421552,0 (бир айлык ижара акысы) |
2. |
Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ленин көчөсүнүн №328 дарегинде жайгашкан фонтандын жер тилкеси |
Беш жылдык мөөнөткө, 571,1 чарчы метр жер тилкесин жеӊил типтеги конструкциядан соода-түйүн жана тез татым жайларын орнотууга, 80,0 чарчы метр жер тилкесине жеӊил типтеги конструкциядан ажаткана орнотуу үчүн, 10897,0 чарчы метр жер тилкесин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
11548 |
4684500,0 |
Конкурс өткөрүү жарыя газетага чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты.
Конкурска катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Физикалык жактар үчүн - паспорт.
- Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
- Конкурска катышуучунун укугун жана төлөө дараметин тастыктаган документтер (банктан маалымкат жана кепилдик каттар).
- Жер тилкесине курулуучу обьект туураалуу эскиздик проет.
- Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк – Ош шаары, «ОАО РСК», №4407011001000191, лиц. счет 4407011101000191, төлөмдүн коду: 31412110, БИК 129039.
- Конкурска катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Белгилей кетүүчү нерсе, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектти (лот) конкурска белгиленген күнгө үч күн калганда конкурсту алып салууга укуктуу.
Көӊүл буруӊуздар! Конкурсга бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда конкурс катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.
Конкурсга катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишенген жактары) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Конкурска катышуучулар кошумча маалымат алуу үчүн (03222)7-07-33, (0552)798181 телефондору же Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4 дареги боюнча кайрылышса болот.