Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн аукцион өткөрүүнү жарыялайт.
Жер тилкесин ижара шартында убактылуу пайдаланууга аукцион өткөрүү жолу менен берүү үчүн коюлуучу ЛОТтор:
Лот№ |
Жердин дареги |
Максаты, мөөнөтү |
Аянты, чарчы метр |
Старттык баасы (сом) |
1. |
Ош шаарынын Атабаев көчөсүндөгү №2Б-1 дарегиндеги турак үйүнүн жанында жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, жеӊил типтеги конструкциядан соода-тиричилик павильонун орнотуу, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
54,0 |
32348 |
2. |
Ош шаарынын №5 Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгынын Куцемелев көчөсүнүн (№209 кварталы) жайгашкан жер тилкеси |
Үч жылдык мөөнөткө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
540,0 |
27994 |
3. |
Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү “Делюкс” мейманканасынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, жеӊил типтеги конструкциядан соода-павильонун орнотуу, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
22,3 |
35044 |
4. |
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылына кире беришиндеги Ж.Мамытов көчөсүнүн боюнда жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, жеӊил типтеги конструкциядан соода-түйүн орнотуу, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
100,0 |
24960 |
5. |
Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
350,0 |
6720 |
6. |
Ош шаарынын №5 Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгынын Имам-Ата көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, жеӊил типтеги конструкциядан соода-түйүн орнотуу, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
60,0 |
53916 |
7. |
Ош шаарынын №4 Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын Яшлар көчөсүндөгү №36 көп кабаттуу турак үйүнүн чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкеси |
Бир жылдык мөөнөткө, жеӊил типтеги конструкциядан соода-түйүн орнотуу, ижара шартында убактылуу пайдаланууга |
60,0 |
41928 |
8. |
Ош шаарынын №6 Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Тилеке Баатыр көчөсүндөгү номуру жок дарегинде жайгашкан жер тилкеси |
үч жылдык мөөнөткө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга. |
224,3 |
16150 |
9. |
Ош шаарынын №6 Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Тилеке Баатыр көчөсүндөгү номуру жок дарегинде жайгашкан жер тилкеси |
үч жылдык мөөнөткө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн, ижара шартында убактылуу пайдаланууга. |
179,0 |
14177 |
Аукцион өткөрүү жарыя газетага чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты.
Аукционго катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Физикалык жактар үчүн - паспорт.
- Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – аукционго үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
- Аукционго катышуучунун укугун жана төлөө дараметин тастыктаган документтер (банктан маалымкат жана кепилдик каттар).
- Жер тилкесине курулуучу обьект туураалуу эскиздик проет.
- Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк – Ош шаары, «ОАО РСК», №4407011001000191, лиц. счет 4407011101000191, төлөмдүн коду: 31412110, БИК 129039.
- Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Белгилей кетүүчү нерсе, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектти (лот) аукцион белгиленген күнгө үч күн калганда аукционду алып салууга укуктуу.
Көӊүл буруӊуздар! Аукционго бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда аукционго катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишенген жактары) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Аукционго катышуучулар кошумча маалымат алуу үчүн (03222)7-07-33, (0552)798181 телефондору же Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4 дареги боюнча кайрылышса болот.