Ош шаарында жаңы курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу ноябрь айында бүтүп, коронавирус жана пневмонияга кабылгандар кабыл алына баштайт.
Бүгүн, 28-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, куруучулар менен баарлашты. Шаар башчысы жаңы курулуп жаткан ооруканада баардык ыңгайлуу шарттар эске алынып, керектүү жабдыктар менен камсыздалганын билдирди.
Ар бир бөлмө жунуучу жайы, дааратканасы менен болуп, оор абалдагы бейтаптарды жылдырбай кароого шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады. Оорукана 3 бөлүмдөн турат. Жалпы 100 орундуу.
Ал эми Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын эски имараты толук оңдо-түзөөдөн өтүп жатат. Эски имарат 180 орундуу. Жалпысынан жугуштуу оорулар ооруканасы 280 орундуу болот.
Учурда эски имаратынын чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Курулуш иштери ноябрь айында аяктайт.